Алыкул Осмонов  

(1915-1950) 

200 сом номиналындагы банкноттун алдыңкы бетине кыргыз адабиятынын жаркын жана көрүнүктүү өкүлү, лирик акын-драматург Алыкул Осмоновдун портрети түшүрүлгөн.  

Алыкул Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. Адегенде Пишкектеги, кийин Токмок шаарындагы балдар үйүндө тарбияланат.  

Алыкул эрте жашынан баштап эле ыр жаза баштайт. 1930-жылы «Сабаттуу бол» газетасына биринчи жолу анын «Кызыл жүк» деген ыры басылып, ал эми 1935-жылы «Таңдагы ырлар» туңгуч ыр жыйнагы басылып чыккан.  

А. Осмоновдун калемине дүйнөлүк классиктердин: А.С. Пушкиндин «Евгений Онегин», У. Шекспирдин «Отелло», «Он экинчи түн», И. Крыловдун тамсилдери, Ш. Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» аттуу чыгармаларынын кыргыз тилиндеги котормолору таандык. Бул чыгармалар кыргыз тилине жогорку көркөм чеберчиликте которулуп, котормо поэзиянын туу чокусу болуп саналат. 

Алыкул Осмонов ден соолугуна байланыштуу Ысык-Көлдүн жээгине бат-бат бара турган. Сүйүктүү көл акындын жан дүнөсүн азыктандырып тургандыктан, ал көл жээгинде өзүнүн эң мыкты чыгармаларын жазган. Ошентип, 1944-жылдын ноябрь айынын аягында ал ырлардын ири циклин жараткан, кийинчерээк алар белгилүү «Махабат» ырлар жыйнагын түзүү менен А. Осмонов чоң поэзияга кадам таштаган. Кыш мезгилинде «Менин жылдызым», «Мен эмнеден уялам», «Шота Руставелиге», «Каркыра», «Отуз жаш», «Мага күлбө», «Кара көпөлөк», «Табият менен музыка», «Бүкөн», «Ак куунун көрдүм учканын» аттуу орчунду чыгармаларын жараткан. Ошол эле мезгилде (1945-жылдын март айына чейин) акын «Толубай-сынчы», «Мүнөз оюну», «Менин энем», «Күлүйпа», «Май түнү» аттуу эң мыкты лирика-романтикалык ырларын жазган. 1943-1948-жылдары бир катар драмалык чыгармаларды: «Экинчи бригада», «Корукчу Кооман», «Абылкасым Жанболотов», «Сүйүү» пьесаларын, «Жөнөш керек Меркеге» комедиясын, «Чолпонбай» операсынын либреттосун жазган. 

Кыркынчы жылдардын аягында Алыкулдун таланты туу чокусуна жеткен. Ал өз элине гана эмес, дүйнө элине да таанымал болууну кыялданган. Акын өзүнүн биринчи ыр жыйнагын орус тилиндеги котормосун даярдап, кол жазманы «Советский писатель» басмасына жөнөткөн. А.Осмоновдун бир катар ырлар жана поэма жыйнактары орус, эстон жана англис тилдеринде да жарык көргөн. 

Согуштан кийинки мезгилде Алыкул терең ой жүгүрткөн лирик акын, ырдын чебер устаты катары таанылат. Ал өз талантына ишенген элдик акын болууну эңсейт. 

А. Осмонов көзү өткөндөн кийин республикадагы жазуучулардын ичинен биринчилерден болуп Ленин Комсомол сыйлыгына татыган. 1986-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун А. Осмонов атындагы адабий сыйлыгы негизделген. Акындын ысымы Бишкек шаарындагы №68 орто мектебине, бир катар адабий бирикмелерге, республикадагы фонддорго, китепканаларга берилген, Кыргызстандын шаарларынын жана айылдарынын көчөлөрү акындын аты менен аталган.