Түзүлгөн күнү: 2023-07-27
2023-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «Экономика, туризм, тарых» факультетинин студенттери тарабынан уюштурулган «Кыргыз сомуна 30 – жыл» аттуу темада тегерек столго катышты.
Студенттерге улуттук валютанын – кыргыз сомунун калыптануу тарыхы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар тууралуу лекция өтүлдү. Окутуучуларга жана активдүү катышкан студенттерге баалуу белектер тапшырылды.