Ислам өнүктүрүү банкы  

 

Кыргыз Республикасы эл аралык финансылык уюм, Ислам өнүктүрүү банкынын мүчөсү болуп саналат, анын аткарган кызматы катары мусулман өлкөлөрүндө экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнү колдоо эсептелет.  

ИӨБ негизги максаты долбоорлорду жана программаларды каржылоого катышуу жолу менен ИӨБГӨ мүчө өлкөлөрдө экономикалык жана социалдык өнүгүү деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. 

Азыркы учурда ислам каржылоосун жайылтуунун алкагында, Улуттук банк Ислам өнүктүрүү банкынын көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасынын аймагында толук кандуу ислам банкын түзүү долбоорун ишке ашырып жатат.