Евразия борбордук (улуттук) банктарынын кеңеши 

 

Евразия борбордук (улуттук) банктарынын кеңеши (мындан ары Кеңеш/ЕБК) ЕБК жөнүндө макулдашууга катышкан борбордук (улуттук) банктардын консультациялык-кеңеш берүүчү органы болуп саналат.  

ЕБК мүчөлөрү болуп, Армян Республикасынын Борбордук банкы, Беларусь Республикасынын Улуттук банкы, Казакстан Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Россия Федерациясынын Борбордук банкы, Тажикстандын Улуттук банкы саналат.  

Кеңештин милдети болуп, финансы-банк чөйрөсүндө интеграцияны тереңдетүү, улуттук валюталык-финансылык жана банк системаларын өнүктүрүү маселелери боюнча тараптардын иш-аракеттерин координациялоо, көп тараптуу жана эки тараптуу төлөм-эсептешүү мамилелерин өркүндөтүү жана ЕБК жөнүндө макулдашууга катышкан борбордук (улуттук) банктардын компетенциясынын алкагындагы башка маселелер саналат. 

2021-жылдын 30-июнунда Улуттук банктын өкүлдөрү видеоконференция форматында өткөн ЕБКнын 44-отурумуна катышкан. Отурумдун жүрүшүндө Казакстан Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин ЕБКке катышуусу, 2020-жылдын иш жыйынтыктары, Кеңешке катышкан борбордук (улуттук) банктардын мамлекеттеринин банк секторун 2021-жылы өнүктүрүү келечектери жана алардын акча-кредит саясатынын негизги багыттары тууралуу маселелер каралды. 

2022-жылы ЕБКнын 46 жана 47-отурумдары болуп өткөн, анда банк секторун, валюта рынокторун, Кеңешке катышкан борбордук (улуттук) банктардын мамлекеттеринин финансы рыногун өнүктүрүү маселелери каралып, Кеңешке караштуу координациялык жана консультациялык кеңештердин иши жөнүндө маалыматтар берилген.  

2022-жылдын июль айында ЕБК курамы кеңейтилип, 2015-жылдын 18-ноябрындагы Евразия борбордук (улуттук) банктарынын кеңеши жөнүндө макулдашууга Казакстан Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттиги кошулган.