Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылга Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскиздеринин долбоорун иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлер арасында төмөнкү талаптар боюнча ачык сынак жарыялайт: 

Сюжети 

Сериясы 

Номиналы 

Металлы 

Салмагы, 

г 

Өлчөмү

мм 

Формасы 

Бешикке салуу 

Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары 

10 сом 

Күмүш 

925 

28,28 

38,61 

Тегерек 

Ат чабыш 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 

10 сом 

Күмүш  

925 

31,10 

38,61 

Квадрат 

XXXIII Олимпиада оюндары 

Спорт 

10 сом  

Күмүш 

925 

31,10 

38,61 

Квадрат 

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген теманы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге туура келүүгө тийиш: 

- берилген темага шайкеш келүү

- жогорку чеберчилик деңгээлде аткаруу; 

- маданий жана эстетикалык ченемдерге туура келүү

- жеке чыгармачылык. 

 

Сынактын шарттары: 

 

1.Монетанын жасалгасына коюлган талаптар: 

 

«Бешикке салуу» коллекциялык монетасы

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Бешикке салуу» жазуусу жайгаштырылат; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы - «2023», «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28.28g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.  

 

«Ат чабыш» коллекциялык монетасы

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби, монетанын номиналы (10 сом) жана «Ат чабыш/At chabysh» жазуулары жайгаштырылат; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, монетанын чыккан жылы - «2024» жана «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары/World Nomad Games» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (31.10 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.  

 

«XXXIII Олимпиада оюндары» коллекциялык монетасы

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «XXXIII Олимпиада оюндары/2024 Olympic Games» деген жазуулар жайгаштырылат; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы - «2024» жана «Национальный банк Кыргызской Республики/Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (31.10 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн. 

 

2.Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору төмөнкү форматта берилүүгө тийиш: 

- А4 форматындагы кагазда рельефин иштеп чыгуу менен көркөм сүрөттөр монетанын нукура өлчөмүндө жана чоңойтулган формада (диаметри 150 мм).  

- JPG форматында электрондук түрдө, sabakirova@nbkr.kg дарегине жөнөтүү

 

3.Катышуучу ар бир монета үчүн 4 (төрт) эскиздик долбоорду иштеп чыгуусу зарыл, анын ичинде:  

- монетанын алдыңкы бетинин эки эскиздик долбоору; 

- монетанын арткы бетинин эки эскиздик долбоору. 

 

4.Ар бир эскиздин долбооруна коллекциялык монетанын сунушталган дизайны боюнча мазмунун чечмелеген түшүндүрмөлөр кошо тиркелүүгө тийиш. 

 

5.Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлорун тапшыруу мөөнөтү: 2022-жылдын 5-декабрына чейин. 

6. Сынактын жеңүүчүсүнө монетанын ар бир бетине 50 000 (элүү миң) сомдон алып эсептегенде, бир монетага 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө сый акы төлөнөт. Сый акы Улуттук банк Башкармасы бекиткен эскиздин долбоорлоруна гана төлөнөт. 

7. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору «Сынак» (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы үчүн) белгисин коюу менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын № 117 иш бөлмөсүнө тапшырылат. 

Кошумча маалыматты (312) 66-92-24 телефон аркылуу алсаңыздар болот.