1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктардын капиталынын түзүмүн өзгөртүү боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбоорду коомдук талкууга чыгарат: 

Долбоор банктардын капиталынын түзүмүн банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин эл аралык стандарттарына, тактап айтканда «Банктардын жана банк системасынын туруктуулугун жогорулатуу үчүн глобалдуу ченемдик негиздер” Базель III стандарттарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан жана капиталдын (шайкештиги) жетиштүүлүк коэффицентин эсептөө үчүн капиталдын түзүмүн кайра карап чыгууга багытталган.  

Мындан тышкары, долбоор Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун формасына, анын ичинде капиталдын шайкештиги боюнча формаларга, ошондой эле көзөмөлдөө максаттары үчүн өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү камтыйт.  

Долбоор банктардагы корпоративдик башкаруу системасын жакшыртууга багытталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду камтыйт.  

Долбоордо Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор каралган: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы №19/12 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобого. 

Долбоор банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 28-февралынан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү долбоорлорду коомдук талкууга чыгарат: 

1. «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын; 

2. «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын. 

Долбоорлор банктарга тобокелдикке багытталган көзөмөл жүргүзүүнү, ошондой эле банк топторун жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн эл аралык тажрыйбасын эске алуу менен Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларын өркүндөтүү максатында иштелип чыкты. 

Долбоорлор Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүп жаткан банк топторунун классификациясын белгилөөгө, ошондой эле курамына жана жүргүзгөн ишине жараша ар түрдүү түзүмгө ээ банк топтору үчүн коюлуучу талаптарды аныктоого багытталган. 

Долбоорлор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 28-февралынан кечиктирбестен jkonoeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.