Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук актыларын Акчанын изин жашырууга каршы финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу (ФАТФ) тарабынан иштелип чыккан акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 26 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 17-декабрынан кечиктирбестен eaysarakunov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.