Түзүлгөн күнү: 2025-12-02
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 5-үй, 3-батир дареги боюнча жайгашкан «Милан обмен» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2025-жылдын 22-августундагы № 7116 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 28-ноябрынан тартып 2-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
2. Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын он бир жаранынын ар бирине (К.А.З., М.Т.С., М.А.У.,Т.А.О., И.М.А., А.К.Ж., Ж.Д.М., Д.у.К., А.У.Т., С.у.Б., М.у.Б.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.