Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк» / «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган. 

Токтом долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2024-жылдын 10-ноябрынан кечиктирбестен Улуттук банкка, ошондой эле электрондук версиясын (Word форматында) nishenbekov@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.