Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Талас областынын аймагындагы «Чоң-Капка» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун жанында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын эки жаранына карата (М.у.С., М.у.К.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.