Түзүлгөн күнү: 2024-09-30
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2024-жылдын 25-26-сентябрь күндөрү план чегинде Ош областынын Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын жана Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын жергиликтүү калкына «Финансылык сабаттуулук» темасында көчмө лекция өткөрдү.
Лекцияда Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды ишке ашырууну өнүктүрүү, акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, ошондой эле үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу маалымат берилди.