Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору финансы-кредит уюмдарынын кардарларынын кредиттерди аралыктан тейлөө ыкмасы менен тариздетүүдө алдамчылык аракеттерине дуушарлануусун азайтуу максатында иштелип чыккан.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 26-октябрынан кечиктирбестен bkuvanychbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.