Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

КАБАРЛОО 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы укуктук жөнгө салууну талкуулоо жана кызыкдар жактардан сунуштарды чогултуу башталгандыгы жөнүндө билдирет. 

1. Чечилишине сунушталган жөнгө салуу багытталган проблемалардын сыпаттамасы: 

Алдамчылык тобокелдиктери барган сайын түрдүү болуп, татаалдашкан азыркы финансылык ландшафттын шарттарында, банк операцияларынын коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ болуп жатат. Буга байланыштуу кардарлардын ишенимдүүлүгүн жана корголушун жогорулатууга багытталган жаңы чараларды киргизүү пландаштырылууда. 

Антифрод-системаларды жана банктардагы эсептерди ыкчам блокко коюу боюнча чараларды киргизүү керектөөчүлөрдү коргоого, ошондой эле бүтүндөй финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылууга тиешелүү бир катар негизги факторлор менен шартталган. 

Мындан тышкары, көзөмөлдө турган уюмдардын мобилдик тиркемелери аркылуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарылчылыгын эске алуу менен, көзөмөлдө турган уюмдардын мобилдик тиркемелер аркылуу кызмат көрсөткөндүгү үчүн комиссиялык сый акы алууга чектөө киргизиле турган жана/же тыюу салына турган кызматтардын тизмегин белгилөөгө Улуттук банктын ыйгарым укуктарын аныктоо маселеси каралат.  

2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын жана проблеманы чечүүнүн ыкмасын сыпаттоо: 

Банктар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын катуу талаптарына жооп берген натыйжалуу антифрод-системаларды ишке киргизүүгө тийиш. Бул системалар шектүү иш-аракеттерди аныктоо, алдамчылык операцияларындагы транзакцияларды талдоо үчүн маанилүү курал болуп калат. Бул жөнгө салууну кабыл алуу тобокелдиктерди кыйла азайтууга жана мүмкүн болгон финансылык жоготууларды алдын алууга мүмкүндүк берет. 

Мындан тышкары, сунуш кылынган чаралар алдамчылыкка шектенүү жаралган учурда эсептерди ыкчам блокко коюу мүмкүнчүлүгүн караштырат. Бул функция керектөөчүлөрдү коргоого жасалган маанилүү кадам болуп, банк мекемелеринин тез жана натыйжалуу иштешине мүмкүнчүлүк берет. Алдамчылык коркунучу айкын болгон жагдайда, ыкчам кийлигишүү, анын ичинде эсептерди блокко коюу уруксатсыз транзакцияларды алдын алууга жана зыянды азайтууга жардам берет. 

Ошондой эле көзөмөлдө турган уюмдар комиссиялык сый акыны белгилөөдө мобилдик тиркемелер аркылуу көрсөтүү үчүн комиссиялык сый акы алууга чектөө жана/же тыюу салуу киргизиле турган көзөмөлдө турган уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмегин аныктаган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына таянышат. 

3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо: 

2024-жылдын апрелинен тартып Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнө кара ниет адамдардын аракеттеринен жабыр тарткан жарандардан 30га жакын кат жүзүндө кайрылуу келип түшкөн. Мындан тышкары, Улуттук банктын Коомдук кабылдамасына алдамчылык тууралуу 25 телефон чалуу болуп, ушундай мазмундагы 20га жакын кайрылуу Улуттук банктын Whats-App каналына келип түшкөн. 

Антифрод-системаларды жана эсептерди ыкчам блокко коюу боюнча чараларды киргизүү төмөнкүдөй маселелерди чечет: 

1) Алдамчылыктын өсүшү 

Заманбап технологиялар жана интернет кызматтары кара ниет адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алдамчылык схемаларынын көбөйүшүнө алып келет. Антифрод-системалардын ишке киргизилиши банктарга мындай схемаларды ыкчам идентификациялоого жана реакция кылууга мүмкүндүк берет жана алдамчылыктын ийгиликтүү ыктымалдыгын азайтат. 

2) Керектөөчүлөрдү коргоо 

Банктардын негизги милдеттеринин бири өздөрүнүн керектөөчүлөрүнүн каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Натыйжалуу антифрод-системалар алдамчылардын күнөөсү боюнча каражаттарды жоготуу тобокелдиктерин минималдаштырууга, ал эми эсептерди ыкчам блокко коюу мүмкүнчүлүгү кардарларды кошумча коргоо мүмкүнчүлүгүн берет. 

3) Банк системасына ишеним 

Кардарлар банк кызматтарын активдүү колдонуу үчүн өз финансысынын коопсуздугун сезиши зарыл. Ишенимдүү антифрод-чаралары конкреттүү финансы институттарына да, бүтүндөй банк системасына да ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт. 

4) Реакциянын ыкчамдыгы 

Реалдуу мезгилде эсептерди блокко коюу мүмкүнчүлүгү банктарга шектүү аракеттерге дароо реакция кылуу куралы болуп берет. Бул алдамчылык операцияларын алдын алуу жана кардарларга акча каражаттарын кайтаруу мүмкүнчүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат. 

4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо: 

Бул жөнгө салуу финансы чөйрөсүндө алдамчылыкты алдын алууга жана коргоого багытталган жана терс натыйжаларга алып келбейт жана финансы системаларына ишенимди бекемдөөгө шарт түзөт. 

Мобилдик тиркемелер аркылуу көрсөтүлгөн, көзөмөлдө турган уюмдардын комиссиялык сый акы алууну чектөө жана/же тыюу салуу жүргүзүлүүчү кызматтарынын тизмегин белгилөөгө Улуттук банктын ыйгарым укуктарын белгилөө мобилдик тиркемелер аркылуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга көмөк көрсөтөт. 

5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерин - адресаттарын мүнөздөө жана санын баалоо: 

Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү башка субъекттерге тиешелүү

6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо: 

Антифрод-системаларын жана эсептерди ыкчам блокко коюу боюнча чараларды киргизүү банктардын кардарларынын кара ниет адамдардын алдамчылык аракеттеринен улам келип чыккан проблемаларын чечүүнү камсыз кылат, ошондой эле банктарга алдамчылык ыктымалдыгын төмөндөтүү менен, көрсөтүлгөн аракеттерди ыкчам идентификациялоого жана реакция кылууга мүмкүндүк берет. 

Мобилдик тиркемелер аркылуу көрсөтүү үчүн комиссиялык сый акы алууга чектөө жана/же тыюу салуу киргизиле турган көзөмөлдө турган уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмегин белгилөөгө Улуттук банктын ыйгарым укуктарын киргизүү жана бул кызматтарды акысыз көрсөтүү боюнча ченемдерди андан ары ишке ашыруу төлөм системаларынын катышуучуларында, процессинг системаларынын ортосунда хосттор аралык байланыштарды уюштуруу боюнча процессинг борборлорунун операторлорунда анча чоң эмес чыгымдарга алып келиши мүмкүн.  

Мында сунушталган жөнгө салууну киргизүү калкка көрсөтүлүүчү төлөм кызматтарынын сапатын, жеткиликтүүлүгүн, ар түрдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо: 

Сунушталган жөнгө салууну киргизүү республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт. Мында калктын финансы секторуна болгон ишениминин жогорулашына жана калкка көрсөтүлгөн банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүнүн артышына байланыштуу төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучуларынан салыктык чегерүүлөрдүн көбөйүшү мүмкүн. 

Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет: 

1. Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги: 

- аталган проблемалар туура жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жолу менен чечүүнү талап кылабы; 

- аталган максат негиздүүбү, аткаруу үчүн маанилүүбү

- проблеманы чечүү үчүн сунушталган ыкма (Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүү киргизүү) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы; 

- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына сунушталган өзгөртүү киргизүү кабыл алынган учурда пайдасы жана артыкчылыгы кандай; 

- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына сунушталган өзгөртүү киргизүү кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар пайда болушу мүмкүн; 

- проблеманы чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативдүү ыкмалары барбы; 

- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына сунушталган өзгөртүү киргизүүгө карата жалпы пикир. 

Маселелердин тизмегиндеги суроолордун саны көбөйүшү мүмкүн. 

 

Кабарлоо маалыматын талкуулоо үчүн байланыш маалыматтары жана мөөнөттөрү

1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат: 

  

- электрондук почта аркылуу 

uakylbek@nbkr.kg 

- почта дареги  

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2024-ж.10-октябры  

3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү, көрсөтүлгөндөн кечиктирилбестен 

2024-ж.16-октябры