Кыргыз Республикасынын Баткен областында жашап жаткан жарандарга жана чарба ишин жүргүзүп жаткан субъекттерге каржылоодон пайдалануу мүмкүндүгүн арттыруу, административдик-аймактык бирдиктерди, анын ичинде 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2024-жылдын 17-сентябрында № 2024-П-12/45-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому (мындан ары – токтом) кабыл алынган.
Токтомго ылайык Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган, коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» эки токтомунун колдонуу мөөнөттөрү 2025-жылдын 30-мартына чейин узартылды.
Токтом Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.