Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

расмий билдирүүсү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдагы үлгүдөгү банкноттордун коргоо элементтерин интерактивдүү форматта көрсөтүү максатында «Кыргыз сом» мобилдик тиркемесин иштеп чыкты (мындан ары мобилдик тиркеме). 

Мобилдик тиркеме жаңы бешинчи сериядагы банкноттордун коргоо элементтерин жарыкка салып кароодо, жантайтып кароодо жана чоңойтуп көрсөткөн айнек (лупа) менен кароодо кантип текшерип алууну көрсөтөт. 

Банкноттун коргоо элементтери жөнүндө толук билүү үчүн банкнотту сканерден өткөрүүгө смартфондун камерасын колдонуңуз. 

Мобилдик тиркемени AppStore жана Google Play колдонмолору аркылуу жүктөп алууга болот. 

 

ЭСКЕРТҮҮ! Мобилдик тиркеме 2023-жылдагы үлгүдөгү улуттук валютанын банкнотторунун коргоо элементтери менен таанышуу максатында гана иштелип чыккан. Мобилдик тиркеме банкноттордун аныктыгын текшербейт!