Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгы улуттук валюта сомдун жүгүртүүгө киргизилген күнүн майрамдоонун алкагында, 2024-жылдын 13-14-май күндөрү Каракол шаарынын тургундары үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын көргөзмөсүн уюштурду

Көргөзмөнүн жүрүшүндө Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери улуттук валюта сомдун калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо элементтери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары жөнүндө айтып беришти