Түзүлгөн күнү: 2024-05-14
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети 2024-жылдын 14-майынан тартып 28-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду:
- Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 115/2-үй, «Дордой-Плаза 2» соода борбору дареги боюнча жайгашкан «ДИМАЙК» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 6524 лицензиясы;
- Чүй областы, Аламүдүн району, Аламүдүн айылы, Алма-Ата көчөсү, үй № 355А дареги боюнча жайгашкан «Кайрат финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 11-мартындагы № 6483 лицензиясы.