Түзүлгөн күнү: 2023-05-15
2023-жылдын 12-майында «OneVision» ЖЧШ (Казакстан Республикасынын резиденти) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында OneVision эл аралык электрондук акча системасынын оператору катары каттоодон өттү.
«OneVision» ЖЧШнын реестрде каттоо номери – 5017120523.
Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитенттеринин реестри Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банктын милдеттери»/«Төлөм системасы»/«Эл аралык электрондук акча системалары» бөлүгүндө жайгаштырылган.