Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тобокелдиктер боюнча комитети түзүмдүк бөлүмдөрдүн Улуттук банктын ишине мүнөздүү тобокелдиктерди идентификациялоо, баалоо жана азайтуу боюнча иштерин координациялоо аркылуу Улуттук банктын ишиндеги тобокелдиктерди төмөндөтүү иштерин жүргүзөт.  

Тобокелдиктер боюнча комитеттин курамына Комитеттин төрагасы болуп саналган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн алты начальниги кирет. Тобокелдиктер боюнча комитеттин персоналдык курамы Улуттук банктын буйругу менен бекитилет.  

Тобокелдиктер боюнча комитеттин иши анын негизги функцияларына жана милдеттерине ылайык, тобокелдиктерди башкаруу процессин оптималдаштыруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында, Улуттук банктагы тобокелдиктерди башкаруу маселелерин кароо болуп саналат.  

2025-жыл ичинде Тобокелдиктер боюнча комитет тарабынан түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишинде келип чыккан тобокелдик окуялары каралып чыкты жана алардын кесепетин азайтуу жана келечекте жол бербөө чаралары көрүлдү.  

Мындан тышкары, ички ченемдик укуктук актыларга жана долбоордук документтерге тобокелдиктерди идентификациялоо жана баалоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери, ошондой эле Улуттук банкта тобокелдиктерди башкаруу боюнча иш-чаралар каралды.  

Бардык маселелер Тобокелдиктер боюнча комитеттин  

2025-жылга карата иш планына ылайык каралды, жалпысынан, жыл ичинде беш жыйын өткөрүлүп, 15 маселе каралды.