Түзүлгөн күнү: 2015-05-06
Аффиннаждалган алтындан 100 грамм салмагындагы өлчөнгөн куйма
Куйманын алдыңкы бетине төмөнкүлөр түшүрүлгөн:
- Англис тилинде "NBKR" деген жазуу
- Түндүктүн сүрөттөлүшү (түндүктүн өзөгү)
- Куйманын грамм менен көрсөтүлгөн салмагы (100 g)
- Металлдын англис тилинде аталышы("Fine Gold")
- Куймадагы баалуу металлдын массалык үлүшү (999,9 сапат белгисиндеги)
- Жасап чыгаруучу заводдун товардык белгиси
- Куйманын номери
Өлчөнгөн куйма сертификаты менен кошо өзүнчө кутучага салынган. Мында, куйманын номери сертификаттын номерине дал келүүгө тийиш.
Алтын куйманын техникалык мүнөздөмөлөрү:
Салмагы, г |
Туурасы, мм |
Узундугу, мм |
Металлы |
Сапат белгиси |
Канча даанада чыгарылган |
100 |
27 |
45 |
Алтын |
999,9 |
320 |