КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

 

Бишкек шаары, 2015-жылдын 21-январы № 21 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө 

 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2018-жылдын 6-августундагы N 88, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57, 2024-жылдын 22-апрелиндеги N 78, 2024-жылдын 10-майындагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1-берене. Ушул Мыйзамда жөнгө салынуучу мамилелер 

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү, акчалай которууларды жүргүзүүнү жүзөгө ашыруунун тартибин жана формаларын белгилейт, төлөм системаларынын мүнөздөмөлөрүн, төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө катышуучулардын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин, төлөм системаларын көзөмөлгө алууну (оверсайт) аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы ыйгарым укуктарын аныктайт. 

2. Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы бүтүмдөр боюнча төлөмдөрдө жана эсептешүүлөрдө, юридикалык жактар менен жеке жактардын ортосундагы акча которууларда (эл аралык/трансчекаралык төлөмдөр жана акча которуулар) келип чыккан мамилелер ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө жөнгө салынат. 

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу электр жана почта байланышы чөйрөсүндөгү мыйзамда жөнгө салынуучу Кыргыз Республикасында байланыш түйүндөрүн пайдалануу жана электр жана почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча иштерге жайылтылбайт. Байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө тиешеси жок товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр жүзөгө ашырылган учурда, операциялар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, түздөн-түз төлөм системасы аркылуу жүргүзүлөт. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр 

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: 

1) электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент - Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны накталай же накталай эмес акча каражаттарына тындырууну (алмаштырууну) жүргүзүүчү, электрондук акчаны жайылтуучу юридикалык жак же жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын резиденти; 

2) электрондук акчанын акцептанты (акцептант) - электрондук акчанын банк-эмитенти же агент менен түзүлгөн келишимге ылайык операцияларды электрондук акча менен жасалганын ырастоочу документтерди берүү менен товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алуучу юридикалык жак, ошондой эле жеке ишкер; 

3) накталай эмес эсептешүү - акча каражаттарынын жылышы берилген төлөм документтерине ылайык төлөөчүнүн банктык эсебиндеги акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана аларды алуучунун банктык эсебине чегерүү жолу менен накталай акчанын катышуусуз, ошондой эле эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлүүчү акча жүгүртүү формасы. Эсептешүү төлөмдүн аяктагандыгы болуп саналат; 

4) мамлекет ичиндеги төлөм - Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган ар кандай төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын жана электрондук акчаны пайдалануу менен жасалган төлөм; 

5) үй банкинги (home-banking) - алыстан туруп "үйүндө" банктык тейлөөнүн жана банктар тарабынан үйлөрдөгү же офистердеги терминалдарды (персоналдык компьютер, стационардык телефон) банктын компьютердик түйүнүнө туташтыруу аркылуу кардарларга (жеке жана юридикалык жактарга) чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ыкмасы; 

6) интернет-банкинги - кардардын өзүнүн банктык эсептерин Интернет аркылуу аралыктан башкаруусу. Интернет-банкингди пайдалануу менен төлөмдөр Интернет түйүнүнүн жалпы жеткиликтүү каналдары аркылуу жүзөгө ашырылат; 

7) клиринг - төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, ырастоо жана системанын катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси; 

8) эл аралык электрондук акча - Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгарылган өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында Кыргыз Республикасынын резиденттери эместери тарабынан чыгарылган (эсепке алынган) электрондук акча, электрондук акча каражаттары, электрондук формадагы акчалай милдеттенмелер; 

9) банктар аралык клирингдик система - клирингдик борбор аркылуу клиринг системасынын катышуучулары анын жардамы менен маалыматтарды берүү, алмашуу, төлөмдөрдү же баалуу кагаздарды башка катышуучуларга которуу эрежелеринин, жол-жоболорунун жана ыкмаларынын жыйындысы. Система катышуучулардын эки тараптуу же көп тараптуу таза позицияларын аныктоого негизделиши мүмкүн; 

10) мобилдик банкинг - кардардын мобилдик телефонунан банкка жиберген билдирүүлөрү аркылуу банктык эсепти алыстан туруп башкаруусу; 

11) төлөм системасынын оператору - төлөм системасынын тибине жана категориясына жараша Улуттук банктын лицензиясы/каттоосу бар, төлөм системасынын иштөөсүн камсыз кылуучу жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, ал келишимге ылайык төлөм системасынын оператору жана катышуучулары өз ишин ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын алкагында жүзөгө ашырууга милдеттенишет; 

12) төлөм - накталай акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенменин аткарылышы же болбосо төлөөчүнүн накталай эмес акча каражаттарын которуу процесси; 

13) төлөм документи - юридикалык же жеке жактар тарабынан жол-жоболоштурулган, анын негизинде төлөм жүргүзүлүүчү белгиленген формадагы документ; 

14) банктык төлөм картасы (төлөм картасы) - товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валюталарында накталай акча алууда, акчалай которууларды, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка түзүлүштөр (перифериялык түзүлүштөр) аркылуу электрондук акча формасында эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда пайдаланылуучу төлөм инструменти; 

15) төлөм системасы - акча жүгүртүүнү камсыз кылуучу технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланышкан системасы. Жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн түрлөрүнө жараша төлөм системалары ири төлөм системасына жана чекене төлөм системасына бөлүнөт; 

16) төлөм уюму - төлөм уюму менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы келишимге, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте түзүлгөн төлөм уюму менен банктын ортосундагы келишимге ылайык, маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы иштерди жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясы бар юридикалык жак; 

17) акча которуулардын системасы - төлөм системасынын оператору тарабынан адресаттарга төлөнүп бериле турган шарт менен калктан акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм системасынын тиби; 

18) төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасы - карталарды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн ченемдердин, эрежелердин, мекемелердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы; 

19) электрондук акча - алдын ала төлөнгөн карталарды жана электрондук капчыкты кошуп алганда, программалык-техникалык түзүлүштө электрондук түрдө сакталган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы; 

20) электрондук төлөм документи - эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды камтыган жана электрондук санариптик колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада түзүлгөн төлөм документинин түрү

21) процессинг - финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди өзүнө камтыган лицензиялануучу иш; 

22) электрондук акчанын эмитенти (эмитент) - Улуттук банк, ошондой эле банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна банктын лицензиясында уруксат берилген банк операцияларынын тизмегине ылайык, электрондук акча чыгаруу укугуна ээ жана электрондук акчаны накталай акчага айландыруучу кармоочуларга электрондук акча төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган банк; 

23) эл аралык электрондук акчанын эмитенти - банк же Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары, эл аралык электрондук акча каражаттарын чыгарууну (эсепке алууну) жүзөгө ашырган чыгарылган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын резиденти эмес юридикалык жак. 

(КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

2-глава. Төлөмдөр жана эсептешүүлөр 

 

3-берене. Накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр, эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача белгиленбесе жана эсептешүүлөрдүн пайдаланылып жаткан формасы менен шартталбаса, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринин негизинде ачылган эсептер боюнча тиешелүү операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиясы бар банктар тарабынан жүзөгө ашырылат. 

2. Банк Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, банктык жана төлөмдүк кызмат көрсөтүүлөргө юридикалык жактар менен, ошондой эле калкка төлөм жүргүзүү, эсептешүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жеке ишкерлер менен келишим (агенттик келишим) түзүүгө укуктуу. Мында келишимдин чегинде агенттердин милдеттенмелерди аткарышы боюнча жоопкерчилигин банк тартат. 

3. Төлөм уюму төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен түзүлгөн жана акча каражаттарын төлөө уюмунун банктык эсебинен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн банктык эсептерине которуу жолу менен өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун тартибин аныктаган агенттик келишимдин негизинде үчүнчү жактардын, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн пайдасына төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр. Төлөм уюму менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы агенттик келишимде накталай акча каражаттарын киргизүү, банктык эсептен которуу, камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу, кайтарылгыс банктык кепилдиктерди берүү жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдында төлөм уюмунун милдеттенмелерин аткаруу боюнча башка ыкмаларды камсыз кылуу жолу менен төлөм уюму тарабынан товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдын ала акы төлөө шарттарында өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу каралышы мүмкүн; 

2) банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде гана Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны жайылтууну/тындырууну кошуп алганда, банктык мыйзамдарда белгиленген банк операцияларынын башка тизмегин. Мында банк келишимдин чегинде агенттер тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

3-1. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрлөрү менен гана алектенүүгө, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө жана төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча Улуттук банктын талаптарына ылайык анын негизги ишин коштоочу же анын негизги иши камсыз кылуу үчүн зарыл башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Төлөм уюму өз ишин төлөм системасынын операторунун иши менен гана айкалыштыра алат. Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат. 

Лицензияланууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка жакка өткөрүп берүүгө тыюу салынат. 

Банк маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын көрсөтүү боюнча, ошондой эле лицензияда түздөн-түз көрсөтүү менен төлөм системасынын, ушул процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү операцияларын жүзөгө ашырууга укуктуу. 

4. Маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттар менен төлөм жүргүзүүнүн ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүдөгү операциялардын түрлөрүнүн тизмегин Улуттук банкы аныктайт. 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун - Кыргыз Республикасынын резиденттеринин лицензиясыз иштөөсүнө тыюу салынат. 

Төлөм системасынын операторлорунун - Кыргыз Республикасынын резиденти эместеринин каттоосуз иштөөсүнө тыюу салынат. 

5. Лицензияны алууга/каттоодон өтүүгө арыздын формасы, ага тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле аларды кароонун тартиби Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

4-берене. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө эсептешүү (учурдагы) эсептерин пайдалануунун тартиби 

1. Банктар тиешелүү төлөм инструменттерин пайдалануу менен банктык эсептер боюнча акча каражаттарын кредиттик же дебеттик которууларды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча операцияларды жүзөгө ашырат. 

2. Юридикалык/жеке жактар же жеке ишкерлер банкка кайрылган учурда банк банктык эсептешүү (учурдагы) эсеби келишимин жазуу жүзүндө түзөт жана мындай эсептерди ачуу үчүн банк тарабынан аныкталган шарттарда ага банктык эсептешүү (учурдагы) эсебин ачат. 

3. Банк кардардын (эсеп ээсинин) эсептешүү (учурдагы) эсебине Улуттук банктын талаптарына ылайык, анын таандуулугун белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү номер ыйгарат. 

4. Эсеп ээси (банктын кардары) өз эсебинде турган акча каражаттарын жеке өзү же болбосо ал ыйгарым укук берген адамдар аркылуу тескөөгө укуктуу. 

5. Накталай эмес эсептешүүлөр банк тарабынан эсеп ээсинин же ал ыйгарым укук берген адамдын тескемесинин негизинде жүргүзүлөт. Банктык эсеп келишиминде эсептеги акча каражаттарын электрондук байланыш каражаттары жана тескеменин ага ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилгенин ырастаган өздүк кол тамгалардын, коддордун, паролдордун жана башка каражаттардын аналогдорун пайдалануу менен башка документтер менен тескөөгө алуу укугун ырастоо каралышы мүмкүн. 

6. Кардар-төлөөчүнүн акча каражаттарын которуу боюнча төлөөчү-банкка тескеме жөнөтүү ыкмасы, тартиби жана шарттары алардын ортосунда түзүлгөн келишимде чагылдырылат. Эгерде төлөөчү жөнөтүүчү банктын кардары болуп саналбаса, анда тескемени көрсөтүү Улуттук банктын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. 

7. Банк кардардын төлөмдү жана эсептешүүнү жүргүзүү жөнүндө төлөм документи келин түшкөн күнү аткарууга кабыл алууга жана банкка тиешелүү төлөм документи келип түшкөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, же болбосо ченемдик укуктук актыларда же банк менен кардардын ортосундагы келишимде башкача каралбаса, төлөм документинде көрсөтүлгөн күнү акча каражаттарын кардардын тескемеси боюнча эсептен чегерет. 

8. Банк кардардын накталай эмес төлөм жана эсептешүү жүргүзүү жөнүндө тескемесин төмөнкү учурларда аткаруудан баш тартат: 

1) эгерде түзүлгөн келишимде эсептешүүнү ошол формада жүргүзүү каралбаса; 

2) эгерде келишимде банк тарабынан кардарга насыя берүү каралбаса, эсеп ээсинде каражаттардын жетиштүү суммасы жок болсо; 

3) эгерде кардардын төлөм жана эсептешүү жүргүзүү жөнүндө тескемесин аткаруу банктык мыйзам актыларын бузуу болуп саналса же болбосо кардардын эсебине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте камак коюлса; 

4) эгерде төлөм документинин формасы жана мазмуну Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе, же болбосо төлөм документи түп нуска болуп саналбаса; 

5) эгерде кардар операцияларды жүргүзүү жана аны талаптагыдай текшерүүнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл документтерди бербесе; 

5-1) эгерде кардар алар тууралуу Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмегинде же алар тууралуу Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде болсо; 

6) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле эсеп ээсинин жана банктын ортосундагы келишимде каралса. 

Төлөм жана эсептешүү жүргүзүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин, эгерде Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында же банк менен кардардын ортосундагы келишимде башкача каралбаса, банк кардардын тескемесин алгандан кийин кийинки банктык күндөн кечиктирбестен бул тууралуу кардарга кабарлоого милдеттүү

9. Акча каражаттарын акцептсиз эсептен чыгаруу (эсеп ээсинин макулдугусуз) мындай укук эсеп ээси менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде бекемделген учурда же болбосо соттун чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жүргүзүлөт. 

10. Эсеп ачуусуз накталай эмес эсептешүүлөр, төлөөчү-кардар жөнөтүүчү-банкка накталай акча каражаттарын салганда алуучунун көрсөтүлгөн эсебине которуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Мындай эсептешүүлөр жеке ишкердикке байланыштуу болууга тийиш эмес. 

11. Банкка бул банкта эсеби жок кардардын дарегине акча каражаттары келип түшкөн учурда, кардарды идентификациялоо шартында, акча каражаттары банк тарабынан накталай формада берилет. 

12. Банктар эсеп ачуусуз жүргүзүлгөн операциялар боюнча Кыргыз банкынын талаптарына ылайык ар бир төлөм жана кардар боюнча эсепке алууну жүргүзөт. 

(КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

5-берене. Акча которуулар 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары тарабынан улуттук же чет өлкө валюталарында Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган банктар аркылуу, ошондой эле почта бөлүмдөрү аркылуу жүзөгө ашырылат. 

2. Банк эсептешүү (учурдагы) эсебин ачуу жана акча которуулардын адистештирилген системаларын (локалдык, эл аралык системалар) пайдалануу менен эсеп ачуусуз же болбосо банктардын тике корреспонденттик мамилелери боюнча (эл аралык/трансчек аралык акча которуулар) акча которууларын жүзөгө ашыра алат. 

3. Банк эсебин ачуусуз акча которуу жөнөтүүчүдөн улуттук же чет өлкө валютасында накталай акча каражатын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасындагы же анын чегинен тышкары көрсөтүлгөн алуучуга Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык акча которуу системасы аркылуу андан ары өткөрүп берүү жолу менен банк тарабынан жүзөгө ашырылат. 

4. Акча которуулар системасынын банк-катышуучусу жөнөтүүчүдөн акча каражаттарын кабыл алат жана акча которуулар системасынын форматтарына жана эрежелерине ылайык акча которууну жөнөтүүнү камсыз кылат. 

5. Акча которуулар системасынын банк-катышуучусу акча каражаттарын которуу системасы аркылуу акча каражаттарын которууну жүзөгө ашырууда жөнөтүүчүгө жана/же алуучуга акча которуу эрежелери жөнүндө маалымдайт жана акча которууну жүзөгө ашыруу же алуу үчүн зарыл документтерди берет, жөнөтүүчүнүн жана/же алуучунун идентификациялык маалыматтарын текшерет жана зарыл маалым даректердин ылайыктуулугун көзөмөлдөөнү камсыз кылат. 

6. Акча которуулар системасынын банк-катышуучусу жөнөтүүчүгө төмөнкүлөр жөнүндө маалымдайт: 

1) акча которуунун натыйжасында алуучуга төлөнүп берилүүчү акча каражаттарынын суммасы; 

2) жөнөтүүчү жана/же алуучу төлөөсү зарыл болгон катышуучунун комиссиондук жыйымдарынын суммасы; 

3) которулуп жаткан акча каражаттарынын валюталарынын алмашуу курстары; 

4) акча которуу боюнча каражаттар алуу үчүн качан жетимдүү болоорунун датасы жана убактысы; 

5) акча которуу боюнча каражаттарды алуу үчүн жетимдүү боло турган орду; 

6) акча которууларды жүзөгө ашыруудагы коопсуздук эрежелери. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

6-берене. Электрондук акча 

1. Эмитент накталай же накталай эмес акча каражаттарын электрондук акчага алмаштыруу жолу менен электрондук акча инструменттери (алып жүрүүчү) формасында электрондук акча чыгарууну жүзөгө ашырат. Электрондук акчаларды тындырууда электрондук акча каражаттарынын инструменти электрондук акчаны сунуштоочуга электрондук акчаны тындыруу боюнча эмитенттин милдеттенмелеринин суммасын чагылдырат. 

2. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны чыгаруучу эмитент электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдүн коопсуз жана ишенимдүү жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат. 

3. Электрондук акчанын ар бир инструментине (алып жүрүүчүсүнө) уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат. Уникалдуу идентификациялык номер кармоочуга инструментте (алып жүрүүчүдө) электрондук акчанын жылышы жана калдыгы жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн арналган. Ошондой эле инструментти (алып жүрүүчүнү) жоготкондо же уурдатканда инструменттин уникалдуу идентификациялык номери боюнча бөгөттөө жүргүзүлөт. 

4. Электрондук акчаны тескеген жана тиешелүү системанын акцептанттары берген товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдө электрондук акчаны пайдаланган юридикалык жана жеке жактар электрондук акчаларды кармоочулар болуп саналышат. Электрондук акчаларды пайдалануу менен операциялардын тизмеги Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. 

5. Электрондук акчаны жайылтуу эмитент (сатуу жана жайылтуу) тарабынан тындыруу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарынын ордуна электрондук акчаны берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эмитент Улуттук банкынын талаптарына ылайык түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде электрондук акчаларды жайылтуу үчүн агенттерди тартууга укуктуу. 

5-1. Кыргыз Республикасынын резиденти эместер тарабынан чыгарылган эл аралык электрондук акчаларды жайылтуу Кыргыз Республикасынын аймагында банк тарабынан жүзөгө ашырылат. Банк Улуттук банкынын талаптарына ылайык түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде эл аралык электрондук акчаларды андан ары жайылтуу үчүн агенттерди ишке тартууга укуктуу. 

6. Электрондук акчалардын эмитенти же анын агенти электрондук акчаларды жайылтууда кардарды кармоочунун жана эмитенттин укуктары менен милдеттери, алар тарабынан жайылтылып жаткан электрондук акчалардын инструменттеринин (алып жүрүүчүлөрдүн) мүнөздөмөлөрү, тарифтери, коопсуздук эрежелери жана башка шарттары менен алдын ала тааныштырууга милдеттүү

7. Эмитент аларды накталай акча каражаттарына алмашуу жолу менен же болбосо накталай эмес каражаттарды көрсөтүүчүнүн банктык эсебине которуу жолу менен электрондук акчаны көрсөтүүчүгө электрондук акчаны тындырууга милдеттүү. Электрондук акчаны тындыруу эмитент, ошондой эле эмитент менен келишим түзгөн электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн. 

8. Электрондук акчаны тындырууда берилүүчү акча каражаттарынын суммасы эмитентке же электрондук акчаны жайылтуу боюнча агентке тындырууга көрсөтүлгөн электрондук акчанын суммасына дал келүүгө тийиш. Мында эмитент жана электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент электрондук акчаларды тындырууда төлөнүүчү акча каражаттарынын суммасынан, эгерде бул системанын эрежелеринде жана электрондук акча системасынын катышуучуларынын ортосундагы келишимдерде каралган болсо, сый акы суммасын кармап калууга укуктуу. 

9. Электрондук акчалардын кыймылы боюнча эсепке алууну Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык банк жүзөгө ашырат. 

10. Эсептешүүлөрдө электрондук акчаларды пайдалануу электрондук акчаларды кармоочулар тарабынан чарба жүргүзүүчү субъектке же өз товарларын/кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук акчага алмаштыруу жасашкан жана электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсебин жүргүзүү үчүн атайын жабдууларга (программалык-техникалык каражат) ээ жакка (акцептантка) өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Акцептанттын электрондук акчаларды эмитентке көрсөтүү тартибин кошуп алганда, эмитент менен акцептанттын ортосундагы өз ара мамилелери системанын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат жана келишимдерде белгиленет. 

11. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системаларында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар Улуттук банкынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

3 глава. Накталай эмес эсептешүүлөр формалары 

 

7-берене. Төлөм инструменттери жана документтер 

1. Төлөм инструменти төлөм жана эсептешүү жасоо үчүн төлөм жөнүндө маалыматтарды берүүнү камсыз кылат жана накталай эмес эсептешүүлөр формасын аныктайт. 

2. Кагаз жүзүндө алып жүрүүчүдө документ түрүндө же электрондук төлөм документи түрүндө жол-жоболонгон төлөм документи төмөнкүлөрдү билдирет: 

1) төлөөчүнүн (кардардын же банктын) өз эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана аларды акча каражаттарын алуучунун эсебине чегерүү жөнүндө тескемесин; 

2) төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана эсеп ээсинин (төлөөчүнүн) макулдугу менен гана, же банк менен кардардын ортосундагы келишимдин негизинде акча каражаттарын алуучу (өндүрүүчү) көрсөткөн эсепке чегерүү жөнүндө акча каражаттарын алуучунун (өндүрүүчүнүн) тескемесин; 

3) накталай акча каражаттарына төгүмдөргө тескемесин (кулактандыруу), же акча каражаттарын берүүгө билдирмени. 

3. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда накталай эмес эсептешүүлөрдүн төмөнкү формалары колдонулат: 

1) төлөм тапшырмасы; 

2) төлөм талабы; 

3) аккредитив; 

4) тике дебеттөөгө төлөм тапшырмасы (кайра авторизацияланган); 

5) инкассалык тапшырма; 

6) эсептешүү жана эсептешүү-кассалык чек; 

7) банктык төлөм картасы. 

 

8-берене. Кагаз төлөм документтерин жол-жоболоонун тартиби 

1. Кагаз төлөм документи формасы ченемдик укуктук актыларда белгиленген бланкта жол-жоболонот жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук банктын талаптарына ылайык маалыматтар жана маалым даректер; 

2) кол тамга жана мөөрдүн оттиск үлгүлөрүнө ылайык, эсеп ээсинин ыйгарым укуктуу адамдарынын кол тамгасы жана алардын мөөрүнүн оттиски. 

2. Банк төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда, эгерде аны көрсөтүү мүмкүнчүлүгү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана кардар менен банктын ортосунда түзүлгөн келишимде түздөн-түз каралган учурда гана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн башка маалыматтардын төлөм документтеринде көрсөтүлүшүн талап кылууга укуктуу. 

3. Банк тарабынан кабыл алынган, бирок тигил же бул себептер боюнча аткарылбаган, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кагаз төлөм документтерин кайтарым берүүдө, биринчи нускасынын арткы бетине кайтарып берүү себеби жөнүндө белги жасалат, кайтарып берүү датасы, банктын штампы, ошондой эле банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин кол тамгасы коюлат. 

(КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

9-берене. Электрондук төлөм документтерин жол-жоболоонун тартиби 

1. Улуттук банк тарабынан белгиленген форматтарга ылайык түзүлгөн, электрондук төлөм документинин жардамы менен жүргүзүлгөн төлөм электрондук төлөм болуп саналат. 

2. Электрондук төлөм документи жөнөтүүчү тарабынан электрондук төлөм документинин мыйзамдуу жол-жоболонгонун ырастаган жана аны өткөрүү жана иштеп чыгуу процессинде электрондук төлөм документинин өзгөртүлбөгөнүнө кепилдик берген маалыматтык коопсуздук каражаттарын (электрондук кол тамга, коргоонун эквиваленттүү башка каражаттары) пайдалануу менен түзүлгөн шартта гана иштеп чыгууга кабыл алынат. 

3. Электрондук кол тамганы пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын төлөм системасында электрондук төлөм документин жол-жоболоодо ченемдик укуктук актылар жана төлөм системасынын катышуучуларынын ортосундагы келишимдер менен жөнгө салынат. 

4. Электрондук төлөмдөр жөнөтүүчү менен алуучунун ортосундагы келишимдин же макулдашуунун негизинде байланыш каналдары боюнча электрондук төлөм документтерин берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Байланыш каналдары катары телефон байланышы, телеграфтык же телекстик каналдар, байланыштын радио жана спутник каналдары, ошондой эле мекеменин өткөрмө жана кабелдик байланыш каналдары пайдаланылышы мүмкүн. 

5. Электрондук төлөмдөр кардарлар менен банктар ортосунда, банктар ортосунда, ошондой эле ченемдик укуктук актыларга ылайык электрондук төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган башка адистештирилген мекемелер аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Электрондук төлөм системасынын катышуучусу болуп саналган жеке же юридикалык жак жөнөтүүчү жана/же алуучу болушу мүмкүн. 

6. Эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса, төлөм документин электрондук ыкмада көрсөтүү, электрондук төлөм документтеринин форматтарын, төлөм документтерин алмашуунун электрондук системаларынын пайдалануу жөнүндө макулдашуунун (келишимдин) жана программалык-криптографиялык коргоо системасын жана кардар менен анын банкынын ортосундагы же банктар менен төлөм системаларынын операторлорунун ортосундагы электрондук санариптик кол тамганы же коргоонун башка эквиваленттик каражаттарын пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. 

7. Электрондук төлөм документтерин пайдалануунун жана берүүнүн шарттары жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдерде же макулдашууларда белгиленет, алар төмөнкү негизги элементтерди камтуусу тийиш: 

1) эсептешүүлөрдө пайдаланылуучу эсептешүү документтеринин түрү

2) электрондук төлөмдөрдү коргоо боюнча милдеттерди кошуп алганда (коопсуздук системасы), тараптардын укуктары жана милдеттери; 

3) тараптардын жоопкерчиликтери; 

4) электрондук төлөмдөрдү жөнөтүүнүн жана алуунун тартиби жана жол-жоболору; 

5) электрондук төлөм документтеринин аныктыгын белгилөө жол-жоболору; 

6) сунушталган документтердин аныктыгын ырастоону суроо-талапсыз эле которуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон которулуучу акча суммаларынын чектүү өлчөмү

7) маалымат системасына санкцияланбаган кирүү ыктымалдыгынын тобокелдигин төмөндөтүү боюнча жол-жоболор; 

8) операциялардын жүргүзүлүшү үчүн төлөм өлчөмү

9) электрондук төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда пайда болуучу тобокелдиктер боюнча жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү

10) талаш-тартыш маселелерди чечүүнүн жол-жоболору. 

8. Электрондук төлөм документтерин өткөрүү үчүн криптографиялык коргоо системасы, ошондой эле электрондук төлөм документтеринин коопсуздугун камсыз кылууга карата ченемдик укуктук актыларда белгиленген минималдуу талаптар сакталууга тийиш болгон коопсуздуктун башка чаралары пайдаланылууга тийиш. Электрондук төлөмдөрдүн катышуучулары белгиленген минималдуу талаптардан тышкары, электрондук төлөмдөрдү коргоого байланыштуу кошумча каражаттарды же ыкмаларды белгилөөлөрү мүмкүн. 

(КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

10-берене. Электрондук төлөм документинин укуктук статусу 

Электрондук кол тамга же коргоонун башка эквиваленттик каражаттары менен күбөлөндүрүлгөн формат боюнча белгиленген талаптарга жана аныктыгын ырастаган жол-жоболорго ылайык жүргүзүлгөн төлөм анын негизинде жүзөгө ашырылуучу электрондук төлөм документи (баштапкы электрондук төлөм документи), ошондой эле товарлар/кызмат көрсөтүүлөр, айыптар жана башка накталай эмес формадагы төлөмдөр (тастыктоочу электрондук төлөм документи) үчүн төлөөлөрдү жүргүзүү фактысы боюнча түзүлүүчү, анын ичинде банктык төлөм карттарын, электрондук капчыктарды жана башка инновациялык каражаттарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган электрондук төлөм документи (карт-чек, смс-кабарлама, электрондук билдирүү), коюлган талаптарга ылайык ырасталган кагаз төлөм документтеринин юридикалык статусуна барабар юридикалык статуска ээ жана соттук жана башка талаш-тартыштарды кароодо далил катары кабыл алынууга тийиш. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

11-берене. Төлөм тапшырмасы 

1. Төлөм тапшырмасы жеке жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн улуттук валютада жүргүзүүдө пайдаланылат. Накталай эмес төлөмдөрдү төлөм тапшырмаларын пайдалануу менен жүргүзүүдө кардар өз эсебинен ушул же башка банкта ачылган алуучунун эсебине белгилүү бир суммадагы акча каражаттарын чегерүү (которуу) жөнүндө тескемесин тейлөөчү банкка берет. 

2. Төлөм тапшырмасы банк тарабынан документте көрсөтүлгөн датага же болбосо банктык эсеп келишиминде каралган мөөнөткө ылайык аткарылат. 

 

12-берене. Тике дебеттөөгө карата тапшырма 

1. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө жолу менен накталай эмес эсептешүүлөр банктын кардарлары тарабынан үзгүлтүксүз төлөмдөрдү (коммуналдык ишканалардын эсептери боюнча төлөмдөр) жана/же катталган суммадагы төлөмдөрдү (камсыздандыруу төгүмдөрү, ипотека) жүргүзүү үчүн пайдаланылат. Кардардын жана анын банкынын тике дебеттөө жолу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы укуктары жана милдеттери төлөөчү менен анын банкынын ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн учурдан тартып пайда болот. 

2. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө жолу менен төлөм кардар менен банктын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат, ага ылайык кардар берилген товарлар, аткарылган жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн жогоруда көрсөтүлгөн келишимге тиешелүү документтерди кошо тиркөө менен кардардын төлөөгө каралган банк эсебинен алуучунун тескемесинин негизинде өзүнүн эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгарууга алдын ала макулдугун берет. 

3. Төлөөчү алуучуга (калкка үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган соода жүргүзүү жана кызмат көрсөтүү ишканалары) жазуу жүзүндө анын банкы аркылуу төлөөчүнүн банкындагы төлөөчүнүн эсептешүү эсебинен тике дебеттөө жөнүндө тапшырмасын демилгелөөсүнө тескемесин/макулдугун берет. 

4 Кайра авторизацияланган тике дебеттөө жана башка операциялар боюнча сунушталган тапшырмаларга тиешелүү төлөмдөрдү төлөөнү камсыз кылуу үчүн кардар банктагы өз эсебиндеги акча каражаттарынын жетиштүү калдыгын кармап турууга тийиш. 

5. Төлөөчүнүн банкы сунушталган сумманы төлөп берүүнү камсыз кылуу үчүн төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү акча каражаттары болбогон учурда, тике дебеттөө жөнүндө тапшырманы кайра кайтарууну, кардар тарабынан кайра авторизациялоо же кардар менен түзүлгөн келишимде каралган башка себептер боюнча жокко чыгарууну жүзөгө ашырууга милдеттүү

 

13-берене. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөр 

1. Төлөм картасы карта кармоочу менен эмитенттин ортосундагы келишимге ылайык банк-эмитентте ачылган банк эсебинде турган акча каражаттарын анын кармоочусу тарабынан башкаруу үчүн банк эсебине жетүү каражаты болуп саналат. 

2. Төлөм картасын пайдалануу менен банк эсебинен накталай акча каражаттарын алуу системаларынын эрежелерине жана карта кармоочу менен банктын-эмитенттин ортосундагы келишимге ылайык, карта кармоочулар тарабынан банктын кассасы жана перифериялык жабдуулар аркылуу жүзөгө ашырылат. 

3. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөр жана эсептешүүлөр карта кармоочу тарабынан төмөнкү чектерде жүргүзүлөт: 

1) банк эсебинде турган өздүк акча каражаттарынын калдыгынын же банк менен кардар ортосундагы макулдашылган каражаттардын белгиленген лимитинин (дебеттик карга же төлөө мөөнөтү жылдырылган дебеттик карталар); 

2) банк эсебинде акча каражаттарынын жетишсиздигинде же жоктугунда (овердрафты менен дебеттик карта) банктык эсеп келишимине ылайык эмитент сунуштаган кредиттин; 

3) кредиттик линиялардын (кредиттик карта). 

4. Банктык төлөм карталарын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн пайдалануу менен эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада жүзөгө ашырылат жана улуттук система боюнча, локалдык жана эл аралык төлөм системалары боюнча Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн. 

5. Төлөм карталарын чыгаруу боюнча (эмиссия) жана/же соода-сервистик ишканалар менен келишимдердин негизинде банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча перифериялык жабдуулар түйүндөрүнө (банкоматтар, терминалдар жана башкалар) ээлик кылуу жана аларды тейлөө иши (эквайринг) Улуттук банкынан банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясы болгондо банктар жүзөгө ашырышы мүмкүн. Эквайрингди Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка уюмдар жүзөгө ашыра алышат. 

6. Жеке жана юридикалык жактарга карталарды берүү эмитенттин ички эрежелерине ылайык эсеп ээлери менен келишим же болбосо тейлөөнүн стандарттык шарттарына жараша башка банктык документ түзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Төлөм карталарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн операцияларды чагылдыруу карта кармоочунун банктык эсеби боюнча жүзөгө ашырылат. 

7. Банктык төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары системалардын эрежелерине жана катышуучулардын ортосундагы келишимдерге ылайык банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөргө кепилдик беришет. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57, 2024-жылдын 10-майындагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

14-берене. Төлөм документтерин башка электрондук каражаттар аркылуу берүү 

1. Анын эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү жөнүндө кардардын тескемесин банкка берүү реалдуу убакыт режиминде Интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдүү банкинг аркылуу банк менен кардардын ортосундагы келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат. Келишимде кардар тарабынан банк эсеби боюнча төмөнкү операцияларды жүргүзүү шарттары аныкталууга тийиш: 

1) эсептеги калдыктар/түшүүлөр жөнүндө маалыматтарды талап кылуу жана алуу; 

2) эсеп боюнча акыркы транзакциялар жөнүндө көчүрмө

3) эсептен эсепке төлөмдөр (бир банктагы эсептер боюнча жана ар түрдүү банктардагы эсептер боюнча); 

4) накталай акча каражаттарын топтоо жана берүү боюнча банктын агенттик түйүнү аркылуу (соода, кызмат көрсөтүү ишканалары, банктык эмес уюмдар) эсептен накталай алуу же эсепке накталай төгүмдөр; 

5) персоналдык идентификациялык коддордун өзгөрүшү

6) акча которуулар; 

7) ченемдик укуктук актыларга жана системанын иш эрежелерине карама-каршы келбеген операциялардын башка түрлөрү

2. Интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдүү банкинг жана башка электрондук каражаттар аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн сунуштамасы боюнча банк менен кардардын ортосундагы келишимге карата талаптар төмөнкүлөрдү кароого тийиш: 

1) кардарды банк системасында милдеттүү каттоо жана өз ара байланыштуу маалым даректер боюнча (банктын мобилдүү банкинг системасындагы "кардар - кардардын эсеби - кардардын телефон номери") кардардын идентификацияланышы; 

2) мобилдүү телефонду жана башка төлөм инструменттерин пайдалануу менен билдирүүлөрдү алмашуу аркылуу банк менен кардардын өз ара аракеттенүүсүндө кардардын эсебинин номери билдирүүлөр форматында берилишине жол бербөө

3) кардарга персоналдык идентификациялык кодду ыйгаруу аркылуу көп деңгээлдүү коргоого алууну кошуп алганда, финансылык маалыматтарды берүүнүн коопсуздугун жана купуялуулугун, ар түрдүү маалыматтарды иштен чыгуу боюнча коддорду макулдашууну жана операциялардын түрлөрү боюнча ар бир этап боюнча ырастоолор коддорун камсыз кылуу; 

4) башка шарттар. 

3. Интернет-банкингин, үй банкингин, мобилдүү банкингди жана башка электрондук каражаттарды пайдалануу банктарда ачылган эсептерди башкаруу үчүн колдонулат. Мобилдүү банкинг боюнча кызмат көрсөтүүлөр банк менен төлөм системасынын оператору жана/же кызмат көрсөтүүчүлөрдү берүүчүлөр менен келишими бар төлөм уюмунун ортосунда түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат. 

4. Интернет банкингин, үй банкингин, мобилдүү банкингди жана башка электрондук каражаттарды пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүдө коопсуздукту, ишенимдүүлүктү жана алдамчылыктын тобокелдигин төмөндөтүүнү камсыз кылуу маселелери төлөм системаларын көзөмөлдөө (оверсайт) жана контролдоо чөйрөсүнө кирет. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

4-глава. Эсептешүүлөрдүн аякташы жана тараптардын жоопкерчилиги 

 

15-берене. Төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн аякташы 

1. Накталай акча каражаттарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр алуучу же болбосо алуучу ыйгарым укук берген адам тарабынан накталай акча каражаттары алынган учурдан тартып аяктаган болуп саналат. 

2. Накталай эмес формада эсептешүү төлөөчүнүн банкы төлөм документин аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастаманы алган учурда кардар-төлөөчү үчүн кайтарылгыс жана төлөөчүнүн эсебинен каражаттарды эсептен чыгарган учурда - аяктаган болуп калат. 

3. Накталай эмес формада эсептешүү банк-алуучу тарабынан каражаттар алуучунун эсебине чегерилген же болбосо банктын башка (ички) эсебинен акча каражаттары ошол банкта эсеп ачпаган алуучу кардарга берилген учурда алуучу үчүн аяктаган болуп калат. 

4. Акча которуу системалары боюнча каражаттарды которуу төмөнкү учурларда аяктаган болуп эсептелет: 

1) жөнөтүүчү үчүн - акча которууну жүзөгө ашырууга тескемени аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастама алган учурда; 

2) алуучу үчүн - алар накталай акчаларды алган же алуучунун банктык эсебине акча каражаттары чегерилген учурда. 

5. Банктык төлөм картасын пайдалануу менен төлөм төмөнкүдөй болуп эсептелет: 

1) карта кармоочу үчүн: аралыктагы түзүлүштө же банкта операциялардын (транзакциялардын) жасалганы жөнүндө ырастаманы алган учурда - кайтарылып алынгыс, банк-эмитентте карта кармоочунун эсебинен каражаттар алынган учурда - аяктаган; 

2) банк-эмитент үчүн: эмитенттин корреспонденттик (учурдагы) эсебинен банк эквайерге берүү үчүн акча каражаттарын алган учурда - кайтарылгыс; банк-эквайердин корреспонденттик (учурдагы) эсебине каражаттар чегерилген учурда - аяктаган; 

3) банк-эквайер үчүн: алуучунун эсебине каражаттар чегерилген учурда - аяктаган; 

4) алуучу үчүн: алуучу банк тарабынан каражаттардын алуучунун эсебине чегерилген учурда - аяктаган. 

6. Банктар аралык төлөмдөр боюнча улуттук валютадагы акыркы эсептешүүлөр Улуттук банктын талаптарына ылайык ачылган төлөм системасынын катышуучуларынын корреспонденттик (учурдагы) эсеби аркылуу жүзөгө ашырылат. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылгыс болуп саналат. 

7. Акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин төлөмдөр жаңылыш же алдамчылык деп таанылган учурда системанын эрежелери жаңылыш чегерилген төлөмдөрдү териштирүү жана акча каражаттарын кайтарып берүү боюнча өзүнчө жол-жоболорду карайт. Мындай операциялар боюнча талаш-тартыштарды чечүү шарттары кардар менен банктын ортосундагы келишимде, ошондой эле тиешелүү системанын регламентинде жана иш тартибинде аныкталат. 

(КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

16-берене. Төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө катышуучулар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү 

1. Кардар төлөм инструменттерин пайдалануу боюнча эрежелердин жана төлөм документтерин ченемдик укуктук актыларга ылайык жол-жоболоо тартибинин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

2. Ички банктык төлөм системалары, трансчек аралык төлөмдөр боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүдө жана жөнөтүүчү жана алуучу кардарлардын ошол банкта ачылган эсептери боюнча акча каражаттарынын өз убагында эсептен чыгарылышы жана чегерилиши үчүн банк жоопкерчилик тартат. Мөөнөттөрү, тартиби жана банктын жоопкерчилиги ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле банк менен кардардын ортосундагы келишимде аныкталат. 

3. Банктар аралык төлөм системалары аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүдө кардардын эсебинен каражаттарды эсептен чыгарууга жана аткарууга төлөмдү кабыл алганы жөнүндө ырастоону кардарга өткөрүп берген учурдан тартып төлөмдү банктар аралык төлөм системасынын операторуна өткөрүп бергенге чейин төлөмдү аткарганы үчүн жоопкерчилик тартат. 

4. Банктар аралык төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастоону жөнөтүүчү банкка өткөрүп берген учурдан тартып жана төлөм системасынын катышуучуларынын корреспонденттик эсептери боюнча акыркы эсептешүүлөр жасалган учурга чейин жоопкерчилик тартат. 

5. Банк-алуучу банк-алуучунун корреспонденттик (учурдагы) эсебине каражаттар чегерилген учурдан тартып кардар-алуучунун эсебине алынган акча каражаттар чегерилген учурга чейин төлөмдүн жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат. 

6. Мобилдүү банкинг боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жоопкерчилик банкка жүктөлөт. 

7. Төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу тартиби, төлөмдөрдү жүргүзүүдө катышуучулардын жоопкерчиликтери, ошондой эле үй банкингин, Интернет-банкингди жана мобилдүү банкингди пайдалануу менен коопсуздукту камсыз кылуу эрежелери банк жана кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде аныкталат. 

8. Төлөм системасынын ушул Мыйзамда аныкталбаган башка түрлөрүндө төлөмдөрдү жүргүзүүдө катышуучулардын жоопкерчилиги иш эрежелерине ылайык жана ченемдик укуктук актыларга ылайык катышуучулардын ортосундагы макулдашуулардын жана келишимдердин шарттары менен белгиленет. 

9. Эгерде төлөм аяктабаган болуп саналса, анда мурдагы катышуучудан алынган төлөм жүргүзүү боюнча көрсөтмөнү аткарбаган же болбосо талаптагыдай эмес аткарган катышуучу катышуучулар ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жоопкерчилик тартат. Мында жөнөтүүчүнүн банкы кардардын талабы боюнча төлөм жүргүзүү боюнча көрсөтмөнү аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган катышуучу тууралуу, ошондой эле төлөмдүн аяктабаган себеби жөнүндө маалыматтарды берүүгө жана кардардын талабы боюнча төлөмдү бүткөрүү же акчалай каражаттарды жөнөтүүчүгө кайтарып берүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Эгерде төлөм алуучунун күнөөсү боюнча аяктабай калса, жөнөтүүчү алуучунун алдында жоопкерчилик тартпайт. 

10. Төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүү боюнча банктардын жана кардарлардын жоопкерчиликтери ченемдик укуктук актыларда жана алардын ортосундагы келишимдерде аныкталат. 

11. Электрондук төлөмдөрдү пайдаланууда электрондук төлөмдөрдүн катышуучулары келишимдердин шарттарына жана ченемдик укуктук актыларга ылайык: 

1) банктык сырдын сакталышын камсыз кылат; 

2) сот, тергөө жана фискалдык органдарга зарыл маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте берет; 

3) белгиленген коопсуздук жана купуялуулук чараларын аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн жоопкерчилик тартышат. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

5-глава. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы 

 

17-берене. Төлөм системасынын типтери жана категориялары 

1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруу боюнча иштеген төлөм системаларынын жыйындысын түшүндүрөт, ушул Мыйзамга жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишти жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденти эместер алардын операторлору болуп саналышат. 

2. Банктар аралык төлөм системалары банктардын ортосундагы жана эсептери ар түрдүү банктарда ачылган банктардын кардарларынын ортосундагы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. 

3. Банктык ички төлөм системалары эсептери бир эле банкта ачылган кардарлардын ортосундагы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. Банктык ички төлөм системалары боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү кардар менен банктын ортосундагы келишимдерде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

4. Финансы рынокторунун катышуучуларынын акчалай милдеттенмелери боюнча төлөмдөр жана эсептешүүлөр жүргүзүлгөн төлөм системасы (улуттук акча, валюта рыноктору, капитал жана баалуу кагаздар рыноктору), ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонуу менен байланышкан которуулар ири төлөм системасы болуп саналат. Система ири суммага көп эмес сандагы төлөмдөр үчүн системанын катышуучуларынын эсептешүүлөрүн жүргүзүүнү камсыз кылат. 

5. Жеке жана юридикалык жактардын улуттук финансы рынокторунун иштерине алардын катышуусу менен байланышпаган акчалай милдеттенмелери боюнча төлөмдөр жүргүзүлгөн төлөм системасы чекене төлөмдөр системасы болуп саналат. Чекене төлөмдөр системасы системанын катышуучуларынын көп тараптуу же эки тараптуу көз караштарын (клирингин) эсептөөнүн негизинде акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү менен аз суммага көп сандагы төлөмдөрдү (чекене төлөмдөрдү) жүргүзүү үчүн арналган. 

6. Корреспонденттик мамилелер системасы эл аралык (трансчекаралык) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун жана финансы-кредиттик уюмдарынын ортосунда корреспонденттик эсептерди жүргүзүү жөнүндө макулдашуулардын (агенттик келишимдердин) негизинде пайдалануучуларга башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ыкмаларын түшүндүрөт. Эл аралык (трансчекаралык) акча которуулар банк практикасында пайдаланылган акча каражаттарын которуунун адистештирилген системасы аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

7. Системада жүргүзүлүүчү төлөмдөрдүн көлөмүнө жана финансылык туруктуулукка таасир этүү деңгээлине жараша төлөм системалары системалуу мааниге ээ төлөм системаларына, маанилүү төлөм системаларына жана башка төлөм системаларына бөлүнөт. Системалардын категориялары Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

8. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген төлөм системалары жана улуттук төлөм системаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу системалар, улуттук төлөм системасынын бөлүгү катары көзөмөлгө алуу (оверсайт) жана көзөмөлдөө объекттери болуп саналышат. Улуттук банк улуттук төлөм системасынын ишин көзөмөлгө алуу (оверсайт) органы болуп саналат. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

18-берене. Ири төлөмдөр системасы 

1. Ири төлөмдөр системасы ири жана мөөнөттүү төлөмдөрдү жүргүзүү, банктар аралык финансы рынокторунда (улуттук акча, валюта рыноктору, капитал жана баалуу кагаздар рыноктору) бүтүмдөр боюнча тез жана акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу, ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонуу менен системанын катышуучуларынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсептери боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн арналган. 

2. Ири төлөмдөр системасы системанын катышуучуларынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик (учурдагы) эсептери боюнча акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана чегерүү жолу менен ар бир жеке төлөм боюнча токтоосуз жана акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылат. Банктар акыркы эсептешүүлөрдү өз убагында жана кепилденген жүргүзүү үчүн Улуттук банкындагы корреспонденттик эсебинде өтүмдүүлүктүн зарыл деңгээлин кармап туруу үчүн жоопкерчилик тартышат. 

3. Төлөмдөрдү жөнөтүү жана аны акыркы эсептөөнүн ортосундагы убакыт мезгилин кыскартуу максатында система системанын катышуучулары үчүн эсептешүүлөрдө өтүмдүүлүктү натыйжалуу башкаруунун механизмдерин карайт. 

4. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдү жүргүзүү менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн система тобокелдиктерди башкаруунун төмөнкүдөй механизмдерин карайт: 

1) төлөм системасынын катышуучусунун Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсебиндеги каражаттарынын кредиттик калдыктарынын чектеринде гана төлөмдөрдү жүргүзүүнү

2) төлөмдөрдүн аткарылышынын кезектүүлүгү жана системанын катышуучулары тарабынан төлөмдөрдүн кезектүүлүгүн башкарууну; 

3) өтүмдүүлүктү башкарууну; 

4) тобокелдиктерди башкаруунун башка механизмдерин. 

5, Ири төлөмдөр системасында финансылык тобокелдиктерди башкаруунун тартиби, эрежелери жана жол-жоболору Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. 

(КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

19-берене. Клиринг негизинде чекене төлөмдөр системасы 

1. Банктар аралык клиринг системасы чекене төлөм системасынын бир түрү болуп саналат жана банктардын жана алардын кардарларынын акыркы эсептөөлөрдүн токтоосуз жүргүзүлүшүн талап кылбаган чекене жана үзгүлтүксүз төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу үчүн арналган. Системада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү системанын катышуучуларынын милдеттенмелерин өз ара чегерүүнүн негизинде (көп тараптуу жана эки тараптуу таза көз караштарды эсептөө) жүзөгө ашырылат. Система чекене төлөмдөрдүн саны көбөйгөндө катышуучуларга эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн өтүмдүүлүктүн зарыл деңгээлин төмөндөтүүнү камсыз кылат. 

Улуттук банк же Улуттук банкынын чечими боюнча акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банк берген лицензиянын жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде аракеттеген юридикалык жак (резидент) банктар аралык клиринг системасынын оператору болуп саналат. 

2. Катышуучулардын төлөмдөрдү клиринг системасы аркылуу жүргүзүү эрежелери жана жол-жоболору Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле эки тараптуу жана ар тараптуу макулдашууларда жана келишимдерде белгиленет. 

3. Банктар аралык клиринг системасында чекене төлөмдөрдү жүргүзүү менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн система төмөнкүлөрдү аткарууну кошуп алганда, тобокелдиктерди башкаруунун механизмдерин карайт: 

1) клирингдик системанын катышуучулары өз операциялары боюнча мүмкүн болуучу милдеттенмелердин ичинен эң ирисин жабуу үчүн жетиштүү болгон өтүмдүү резервдерди өздөрүндө түзүүгө тийиш; 

2) клирингдик система кредиттик тобокелдикти жана өтүмдүүлүк тобокелдигин чектөөнүн ачык түзүлгөн жол-жоболоруна, ошондой эле бул тобокелдиктерди башкаруу ыкмаларына ээ болууга тийиш; 

3) Улуттук банк клирингдик системанын катышуучуларына алардын өтүмдүүлүк деңгээлин колдоого алуу үчүн кредиттик ресурстарды бере алат, бирок алардын берилиши боюнча кепил болуп саналбайт. Катышуучулар мүмкүн болуучу финансылык тобокелдиктерди из алдынча баалоого жана клирингдик системада тобокелчилик операциялардын жүргүзүлүшүнө жол бербөөгө тийиш; 

4) Улуттук банк банктар аралык клиринг системасы аркылуу жүргүзүлүүчү чекене төлөмдөрдүн максималдуу суммасынын өлчөмүн белгилей алат. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

20-берене. Банктык төлөм карталары менен эсептешүүлөр боюнча чекене төлөмдөр системасы 

1. Улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасы банктар аралык система болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык банктарын бириктирген бирдиктүү төлөм мейкиндиги аркылуу улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. Улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын катышуучуларынын акыркы эсептешүүлөрү, системанын катышуучуларынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсептери боюнча, ошондой эле системанын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат. Улуттук төлөм карталары Кыргыз Республикасынын аймагындагы локалдык жана эл аралык төлөм системасынын инфратүзүмүндө же Кыргыз Республикасынын аймагында кандай болбосун банкта тейлөөгө кабыл алынууга тийиш. 

2. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн локалдык төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитенттер тарабынан чыгарылган локалдык карталарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. 

3. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы эл аралык төлөм системаларынын эрежелерине жана анын операторлорунун (Кыргыз Республикасынын резиденти эместердин) талаптарына ылайык ченемдик укуктук актылардын алкактарында эмитирленген жана тейлөөгө алынган эл аралык карталарды пайдалануу менен эсептешүүлөр үчүн арналган. Система тарабынан системанын катышуучуларынын ортосунда карталарды пайдалануу менен төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөрдү чет өлкө валютасында жүзөгө ашыруунун белгилүү бир эрежелери белгиленет. 

Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы Улуттук банкында каттоодон өтүүгө тийиш. Эл аралык төлөм системасынын Улуттук банкында каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат. 

3-1. (КР 2024-жылдын 10-майындагы N 83 Мыйзамына ылайык күчун жоготту) 

3-2. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган (эмитацияланган) түрдүү төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен улуттук валютада жасалган төлөмдөр (мамлекет ичиндеги төлөмдөр) боюнча финансылык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу, сактоо Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык процессинг борборлору тарабынан жүзөгө ашырылат. Процессинг борборлору Кыргыз Республикасынын аймагында болууга тийиш. 

Процессинг борборлору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда улуттук төлөм системасынын операторунун процессинг борбору менен бириктирүү (интеграциялоо) аркылуу эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептещүүлөр системаларынын тынымсыз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат. 

4. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм карталарын (улуттук, локалдык, эл аралык төлөм системалары) пайдалануу менен эсептешүүлөр системаларынын иштөөсү Улуттук банкынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн кандай болбосун системасын тандоодо жана кошулууда ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышы үчүн банк жоопкерчилик тартат. 

4-1. Түрдүү төлөм системаларынын карталары менен жасалган мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг жана эсептешүүлөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

5. Карталарды пайдалануу менен ички банктык системалар боюнча эсептешүүлөр системанын иш эрежелерине жана Улуттук банкынын талаптарына ылайык иштелип чыккан банктардын ички ченемдик документтеринде жөнгө салынат. 

6. Тобокелдиктерди чектөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максаттарында система тобокелдиктерди башкаруунун төмөнкүдөй механизмдерин кароого тийиш: 

1) эсептешүүлөрдө карталарды пайдалануу боюнча жол-жоболордун жана эрежелердин, системанын катышуучуларынын жоопкерчиликтерин, укуктарын жана милдеттерин бөлүштүрүү боюнча келишимдердин типтүү шарттарынын болушу жана алардын жеткиликтүүлүгү

2) алдамчылык тобокелдиктерин жана системага санкцияланбаган жеткиликтүүлүктү төмөндөтүү үчүн карталар менен эсептешүүлөр системасынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эрежелер жана жол-жоболор. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57, 2024-жылдын 10-майындагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

21-берене. Акча которуулар системасы 

1. Акча которуулар системасы боюнча өлкө ичиндеги сыяктуу эле мамлекеттик чек арадан өтүү менен да которуулар жүзөгө ашырылат. Система акча которууларды жөнөтүүчүлөрдү жана алуучуларды идентификациялоо менен ар бир акча которуу боюнча эсепке алууну жүргүзүүнү катышуучуларга камсыз кылууга тийиш. 

2. Акча которуулар системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын которуулар (акчалай которуулар) банктар тарабынан системалардын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Акча которуулар системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын которуулар Кыргыз Республикасынын ичиндеги сыяктуу эле (локалдык) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан (эл аралык, трансчекаралык) өтүү менен да жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

3. (КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

4. Алуучу которулган акчаны банктык эсепке, банктык төлөм картасына же болбосо Кыргыз Республикасынын банкы чыгарган идентификацияланган электрондук капчыкка чегерүү жолу аркылуу алууга укуктуу. Эл аралык жана локалдык акча которуу системаларынын операторлору акча которууларды банктык эсепке, банктык төлөм картасына же болбосо идентификацияланган электрондук капчыкка чегерүүнү камсыз кылат. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

22-берене. Электрондук акчалар менен эсептешүүлөр системасы 

1. Электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүнүн ушул Мыйзамда аныкталбаган тартиби эсептешүүлөрдүн ушул формаларынын катышуучуларынын ортосундагы келишимдеринин шарттарына жана системанын иш эрежелерине ылайык белгиленет. 

2. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы электрондук акча жүгүртүүнү камсыз кылуучу банктык жана башка институттардын, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысын түшүндүрөт. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) электрондук акчалар менен операцияларды жүргүзүүнүн коопсуздугун; 

2) системанын катышуучуларынын ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуучу эрежелер жана жол-жоболор түрүндө ченемдик укуктук базанын болушун; 

3) системанын катышуучуларынын электрондук акчаларды пайдалануусунун натыйжалуулугун (баасы боюнча жеткиликтүүлүгүн жана пайдалануудагы ыңгайлуулугун); 

4) системада тобокелдиктерди минималдаштырууну. 

 

23-берене. Төлөм системасынын катышуучулары 

1. Түзүлгөн келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында калкка төлөм кызматтарын көрсөтүүчү финансы-кредиттик уюмдар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер, төлөм системасынын операторлору, төлөм уюмдары жана алардын агенттери төлөм системасынын катышуучулары болуп саналышат. 

2. Катышуучу төлөм системасында оператору тарабынан ыйгарылган катышуучунун кайталангыс идентификациялык кодунун негизинде жана системанын оператору белгилеген эрежелери боюнча төлөм системасына катышуу критерийлерине ылайык келгенде төлөм системасында идентификацияланат. 

3. Катышуучу системага катышуу жана иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ички ченемдик документтерди иштеп чыгат. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

24-берене. Операторлор 

1. Ошол өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү тиешелүү документтери бар, Улуттук банкында каттоодон өткөн жана акча которуулар системасынын ишин камсыз кылган юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси эсеп ачпастан акча которууну жүзөгө ашырган акча которуулар системасынын оператору болуп саналат. Акча которуу системасынын операторунун - резиденттин/резиденти эмесинин каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат. 

2. Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензиясы бар юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү системанын оператору болуп саналат. Эл аралык электрондук акча операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин - Кыргыз Республикасынын резиденти эмесинин иши ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык Улуттук банкта каттоосу болгон учурда жүзөгө ашырылат. Улуттук банкта каттоосу жок эл аралык электрондук акча операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин ишине тыюу салынат. 

2-1. Улуттук банк же үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарда (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ушул процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө лицензиясы бар, улуттук системанын критерийлерине шайкеш келүүчү жана төлөм системасынын иштөөсүн ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келишин камсыз кылуучу башка юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти улуттук төлөм системасынын оператору болуп саналат. 

3. Төлөм системасынын оператору төлөм системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтерди, системага катышуу тууралуу жана катышуучулардын системага жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө типтүү келишимдерди иштеп чыгат. 

4. Төлөм системасынын оператору маалымат коопсуздугун жана инфратүзүмдүн коопсуздугун, ошондой эле иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ченемдик документтерге ээ болууга тийиш. 

5. Төлөм системасынын оператору катышуучулардын системага ачык жана тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу тарифтик саясатты иштеп чыгат. Төлөм системасынын алкагында кардарларга (пайдалануучуларга) тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн кошуп алганда, төлөм системасынын эрежелери ачык-айкын болууга тийиш. Жаңы тарифтерди киргизүү жана колдонуудагы тарифтердин өлчөмүн көбөйтүү каралган өзгөртүүлөрдү төлөм системасынын эрежелерине киргизүүдө, төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана тартипте бул тууралуу Улуттук банкка, төлөм системасынын катышуучуларына жана пайдалануучуларына маалымдайт. 

6. Төлөм системасынын операторлору ар жылдык негизде жалпы финансылык отчеттуулукту жарыялайт, Улуттук банкына мезгил-мезгили менен ар айлык отчетторду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички көзөмөл жана аудит жөнүндө маалыматты берет. 

7. Төлөм системасынын операторлору салык кызматынын органдарына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте тиешелүү маалыматтарды берет. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

25-берене. Системаны пайдалануучулар 

1. Төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн же чарбалык ишти же анын пайдасына жана анын атынан акча каражаттарын которуу жүзөгө ашырылган башка ишти жүзөгө ашырууда эсептешүүлөрдү жана акча которууларды жүргүзүү үчүн акча которуу системасынын катышуучусунун же акча которуулар системасынын төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланышкан юридикалык же жеке жактар төлөм системасынын пайдалануучулары болуп саналат. 

2. Пайдалануучулар төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча ыкмаларды жана каражаттарды тандоого укуктуу. 

3. Төлөм системасынын пайдалануучулары төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) өз кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого; 

2) кепилденген накталай жана накталай эмес төлөмгө

3) накталай эмес төлөмдөрүнүн коопсуздугуна; 

4) жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө толук жана ишенимдүү маалыматтарга; 

5) ырастоочу документтер болгондо, төлөм суммасынын ордунун толтурулушуна. 

4. Төлөм системаларын пайдалануучулардын укуктарын коргоо максатында төлөм системаларынын катышуучулары системаларды пайдалануучуга төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери жөнүндө алдын ала тааныштырууга милдеттүү

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

6-глава. Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы  

функциялары жана милдети  

 

26-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм системасында Улуттук банктын функциялары жана ыйгарым укуктары 

1. Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу максатында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системаларынын ишин жөнгө салууну төмөнкүчө жүзөгө ашырат: 

1) электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензия берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт; 

2) төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштетүү жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга, ошондой эле маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү жагынан ишти жүзөгө ашырууга лицензияларды берет жана берилген лицензиялардын реестрлерин жүргүзөт; 

3) Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүү үчүн акча которуулар системаларынын, банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системаларынын операторлорун жана электрондук акчалардын эл аралык системаларынын операторлорун/электрондук акчалардын эл аралык системаларынын эмитенттерин каттоону жүзөгө ашырат; 

4) банктар аралык төлөмдөрдү жүргүзүүгө түрткү берет. 

2. Ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун алкагында Улуттук банк төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат: 

1) лицензиялоо (уруксат берүүчү документтерди берүү) тартибин аныктайт жана төлөм системаларынын операторлорунун акционерлерине (катышуучуларына) жана төлөм уюмдарына талаптарды белгилейт; 

2) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн, ошондой эле экономикалык ченемдерди жана көрсөткүчтөрдү, талаптарды, чектөөлөрдү белгилейт; 

3) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын капиталында акцияларды (үлүштөрдү) сатып алуу же болбосо босоголук катышуу тартибине талаптарды белгилейт; 

4) төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун алар менен байланышкан жактар менен операцияларын жана бүтүмдөрүн жасоого карата талаптарды белгилейт; 

5) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерине, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттерине талаптарды белгилейт; 

6) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарын, акционерлерин/катышуучуларын терс жана кооптуу банктык практикага тартылган деп таануу тартибин аныктайт; 

7) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын эсебине жана финансылык отчеттуулугуна жана тышкы аудитине талаптарды белгилейт; 

8) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин, бизнес-моделин, ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын баалоо үчүн алардын программаларын жана пландарын, ошондой эле финансылык көйгөйлөр келип чыккан учурга финансылык жакшыртуу планын берүүнүн талаптарын жана тартибин белгилейт; 

9) төлөм системаларынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын башка катышуучуларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; 

10) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат. 

3. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүдөй чараларды көрүүгө милдеттүү

1) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине талаптарды белгилөөгө

2) төлөм системасынын категориясына жараша төлөм системасы аркылуу жүргүзүлүп жаткан төлөмдөрдүн максималдуу/минималдуу өлчөмү боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө. Чектөөлөрдү эсептөө методикасы Улуттук банк тарабынан аныкталат; 

3) төлөм кызмат көрсөтүү рыногунда монополияга каршы жөнгө салууну, атаандаштыкты жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуунун алкагында талаптарды белгилөөгө

4) маалыматтык коопсуздук, төлөм системасынын ишенимдүүлүгү, ишинин үзгүлтүксүздүгү боюнча талаптарды белгилөөгө

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, анын ичинде баалуу кагаздар менен эсептешүү системаларына талаптарды белгилөө жана баалуу кагаздар менен операциялар боюнча биротоло эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө алардын төлөм системалары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат. 

5. Ушул Мыйзамда өзүнүн компетенциясына киргизилген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларда Улуттук банк белгилеген талаптарды төлөм системасынын бардык катышуучулары, операторлору, юридикалык жактар, ошондой эле алардын кардарлары жана аткаруу бийлик органдары аткарууга милдеттүү

(КР 2024-жылдын 22-апрелиндеги N 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

27-берене. Улуттук банктын финансы сектору менен мамилелери 

1. Улуттук банк банк иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагында банктарга жана төлөм системаларынын операторлоруна төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча инфратүзүмдү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат. 

2. Улуттук банк республикада пайдаланылган эсептешүүлөр жана клирингдик системалардын технологияларынын алгылыктуулугун (баалуу кагаздар клирингинин технологияларын кошпогондо) аныктайт. 

3. Улуттук төлөм системасынын натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана иштөөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз банкы маалыматтарды берүү (электрондук төлөм документтерин, башка финансылык жана финансылык эмес билдирүүлөрдү) боюнча банктар аралык коммуникациялык түйүндү уюштурууга жана төлөм системаларынын операторлору жана катышуучулары менен келишимдердин негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого укуктуу. 

4. Улуттук банк Улуттук банктын лицензиясына (уруксатына) ээ болгон банктар жана башка финансылык-кредиттик уюмдар үчүн банктар аралык электрондук төлөм документтериндеги электрондук кол тамганын аныктагын ырастоо боюнча ырастоочу борбор болуп саналат. 

5. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы бүтүмдөр боюнча төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун натыйжалуу ыкмаларын уюштуруу жана камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын банктарынын катышуусу менен трансчекаралык төлөмдөрдү борборлоштуруп (жамааттык) өткөрүп берүү үчүн коммерциялык банктарга техникалык каражаттарды бере алат. 

6. Кыргыз банкы ошол төлөм системасындагы тобокелдиктерди жана анын финансылык туруктуулугуна таасир этүүсүн талдоонун жана баалоонун негизинде, системанын операторуна карата талаптарды аныктоо шартында өзү оператору болуп саналган төлөм системасын өткөрүп берүүгө же сатууга укуктуу. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

28-берене. Улуттук банктын мамлекеттик сектор менен мамилелери 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууга жана министрликтер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен бирдикте алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга укуктуу. 

(КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

29-берене. Улуттук банктын борбордук банктар жана эл аралык финансылык институттар менен мамилелери 

1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган учурларда, Улуттук банк эл аралык кеңешмелерде, конференцияларда жана уюмдарда улуттук төлөм системасына жана эл аралык төлөм системалары менен интеграциялоого тиешелүү маселелерде республиканын кызыкчылыктарын билдирет. 

2. Улуттук банк берилген ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын атынан башка өлкөлөрдүн борбордук банктары, Эл аралык валюта фонду жана эл аралык башка финансы-кредиттик уюмдар менен улуттук төлөм системасы жана эл аралык төлөм системалары маселелери боюнча иштерди макулдашууну жана координациялоону жүргүзө алат. 

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет өлкөлөрдө турган, улуттук төлөм системаларын, анын ичинде чет мамлекеттердин борбордук банктарынын ортосундагы интеграциялоо маселелери боюнча кызматташууну өнүктүрүү менен алектенген кандай болбосун уюмдардын иштерине катыша алат. 

(КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

30-берене. Банктар аралык төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр 

1. Улуттук банк ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр системасынын оператору болуп саналат жана банктар аралык төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. 

2. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген төлөмдөрдү жүргүзүү мөөнөттөрүн сактоо максатында, Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) системага карата жеткиликтүүлүк боюнча программалык каражаттарды камсыз кылууга; 

2) коопсуздукка карата талаптарды белгилөөгө (маалыматтык, техникалык); 

3) кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөөгө

4) акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн мөөнөттүү жана ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр боюнча банктар аралык башка системалар менен өз ара иштөөгө карата талаптарды белгилөөгө

5) финансы рынокторундагы бүтүмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу максатында соода-сатык системаларына карата талаптарды белгилөөгө

(КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

31-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруунун тартиби жана принциптери 

1. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашырган орган болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн жана ишинин коопсуздугун, туруктуу финансы системасын сактоо, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн таламдарын колдоо жана коргоо, мыйзамдарды сактоо максатында төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын иштөөсүнө туруктуу мониторингди жүзөгө ашырат. Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча иши Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттеген төлөм системаларынын бардык типтерин сактоого жана ишинин натыйжалуулугун арттырууга багытталган. 

2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча саясатты иштеп чыгат жана бекитет, ал төмөнкүлөрдү аныктайт: 

1) төлөм системаларынын статусун, маанилүүлүгүн жана баа берүү критерийлерин; 

2) уюштуруучулук сыяктуудай эле функционалдык жактан да төлөм системалары ылайык келүүгө тийиш болгон стандарттарды; 

3) Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча Улуттук банктын ишинин мазмунун. 

3. Төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу максаттарына жетишүү үчүн Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасына мониторинг жүргүзүү жана аны жүзөгө ашыруу тартибин белгилейт, төлөм системаларынын иштөөсүнүн Улуттук банк белгилеген стандарттарга жана талаптарга ылайык келүүсүнө, сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрүнө баа берет жана жеке төлөм системасын өркүндөтүү боюнча алардын ишин жигердентүү максатында айрым төлөм системаларынын операторлоруна жана катышуучуларына карата таасир этүү чараларын көрөт. 

4. Көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүргүзүү максаттарына жетишүү үчүн Улуттук банк квалификациялуу персоналды, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуунун (оверсайт) бул ресурстарын, ыкмаларын жана инструменттерин натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүчү Улуттук банктын тиешелүү уюштуруу түзүмүн (бөлүмүн) кошуп алганда, жетиштүү ресурстарды колдоого карата чараларды көрөт. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуу (оверсайт) боюнча өз милдеттерин аткарууну, төлөм системасына карата анын башка милдеттери менен сыйышкан тартипте уюштурат. 

5. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашырууда Улуттук банк бардык төлөм системаларына карата бирдей талаптарды коет жана Улуттук банк оператору болуп саналган төлөм системалары үчүн атаандашуу артыкчылыктарын түзбөйт. Улуттук банк төлөм системаларын көзөмөлгө алуу (оверсайт) жана өзүнүн төлөм системаларын башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын Улуттук банктын ар түрдүү бөлүмдөрүнүн ортосунда бөлүштүрөт. 

6. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууга (оверсайт) жана ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксаты бар төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишин жөнгө салууга карата өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу функцияларын, ошондой эле төлөм системалары боюнча эл аралык стандарттарга негизделген ченемдик укуктук актыларга ылайык тиешелүү эрежелерди жана ченемдерди белгилөө жолу менен аларды ишке ашыруу тартибин жүзөгө ашыруу максаттарында экономикалык ченемдерди белгилөөгө, директиваларды, нускамаларды жана сунуштамаларды чыгарууга; 

2) төлөм системаларынын операторлору ишин жүзөгө ашырууда финансылык-кредиттик уюмдарынын ишин банктык көзөмөлгө алуу органы тарабынан жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышууга же мындай текшерүүлөрдү жүргүзүүнү көз карандысыз аудиторлорго же аудитордук фирмаларга тапшырууга; 

3) Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуу (оверсайт) боюнча өз функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтарды жана отчетторду суратууга жана алууга жана алынган маалыматтар боюнча чечмелөөлөрдү талап кылууга; 

4) системалык тобокелдиктин же ак ниетсиз иштин келип чыгышына бөгөт коюу максатында ушул Мыйзамга, "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын операторлоруна карата таасир көрсөтүү чараларын колдонууга. 

Төлөм системаларынын операторлорунан жана катышуучуларынан конкреттүү операциялар боюнча келип түшкөн маалыматтар, ченемдик укуктук актыларда каралган учурларды кошпогондо, алардын макулдугусуз жарыяланууга жатпайт. 

7. Улуттук банк натыйжалуулугунун жана коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу үчүн айрым төлөм системасына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт. Төлөм системасын өркүндөтүү боюнча чаралар Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбаган учурда, ошондой эле төлөм системаларынын оператору же катышуучусу тарабынан стандарттарды жана талаптарды сактабаган фактылар ашкереленгенде, же болбосо ченемдик укуктук актыларды бузганда, Кыргыз банкы ченемдик укуктук актыларда каралган чараларды колдонууга милдеттүү

8. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлоруна жана катышуучуларына карата чараларды көрүү менен, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо максаттарында төлөм системаларынын стандарттарын жана Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугун сактоо зарылдыгын жетекчиликке алуусу керек. 

9. Улуттук банк ушул Мыйзамда каралган санкцияларды колдонуунун натыйжасында келип чыккан кандайдыр бир чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

10. Улуттук банк зарылчылык болгондо, аткаруу бийлигинин көрсөтүлгөн жааттагы кызыкдар мамлекеттик органдары, башка өлкөлөрдүн көзөмөлгө алуу органдары жана алардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын аймагында турган эл аралык төлөм системаларына карата көзөмөл ишинин таасирдүүлүгүн жогорулатуу максаттарында эл аралык финансылык институттар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат. 

11. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуу (оверсайт) карата өз ара мамиле принциптеринде трансчекаралык төлөмдөрдү жүргүзүү стандарттарын, принциптерин жана ыкмаларын макулдашуу боюнча төлөм системаларын көзөмөлгө алуучу (оверсайт) чет өлкө органдары менен кызматташа алат. Улуттук банк алынган маалыматтардын купуялуулугу сакталган шартта, чет өлкөлүк банктык көзөмөлгө алуу органдары менен эки жактагы тиешелүү юрисдикцияларда колдонулган кандай болбосун төлөм системасы боюнча маалыматтарды алмаша алат. 

12. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз банкынын жол-жоболору көзөмөлгө алуу функциясына баа берүүнүн көз карандысыздыгынын принцибине ылайык финансы секторуна баа берүү программасынын алкагында тышкы аудиторлор, эл аралык финансылык уюмдар тарабынан текшерилет. 

13. Улуттук банк төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугу жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иши боюнча үзгүлтүксүз талдоочулук отчетторунда жарыялайт. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57, 2024-жылдын 22-апрелиндеги N 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

31-1-берене. Улуттук банк тарабынан колдонулуучу таасир көрсөтүү чаралары 

1. Улуттук банк төлөм системасынын катышуучуларына карата таасир көрсөтүү чараларын төмөнкү учурларда колдонот: 

1) төлөм системасынын/төлөм уюмдарынын операторлору ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган; 

2) Улуттук банктын жер-жерлердеги көзөмөлдөө функцияларын жана текшерүүлөрүн жүзөгө ашырууга каршы аракеттенген; 

3) финансылык отчетторду бурмалоо максатында орду анык жабылбаган жалган жана шектүү операцияларды жүзөгө ашырган; 

4) төлөм системаларынын катышуучуларынын жана пайдалануучуларынын кызыкчылыктарына коркунуч алып келген аракеттер же аракетсиздиктер жасалган. 

2. Улуттук банк тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө баяндалган, төлөм системасынын иштөөсүн үзгүлтүккө учуратууга алып келүүчү, ошондой эле төлөм системасынын катышуучусу тарабынан алардын пайдалануучуларына көрсөтүүчү кызматтарына таасирин тийгизүүчү бузуулар аныкталган учурларда, Улуттук банк "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эскертүү жиберет жана/же чараларды көрөт. 

3. (КР 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

4. Айып салууга байланыштуу келип түшкөн каражаттар түздөн-түз Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине жиберилет. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57, 2024-жылдын 22-апрелиндеги N 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

7-глава. Корутунду жоболор 

 

32-берене. Корутунду жоболор 

1. Төлөм системасынын катышуучулары өз ишин террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырат. 

2. Эгерде төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болуп саналса, анда Кыргыз Республикасынын банк-резиденти эл аралык төлөм системасына кошулуу жөнүндө чечими кабыл алынганга чейин оператордо ошол өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү тиешелүү документтеринин бар экенине жана Кыргыз банкында каттоодон өткөнүнө көзү жетүүсү тийиш. 

3. Төлөм системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында туумдарды жана айыптык санкцияларды өндүрүү, ошондой эле чыгымдардын ордун толтуруу милдет эмес, укук болуп саналат жана түзүлгөн келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптар аркылуу ишке ашырылат. 

4. Кыргыз банкы төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча өз милдеттерин аткарууну төлөм системаларына карата башка милдеттери менен айкалышта уюштурат. Кыргыз банкы төлөм системаларынын ишенимдүүлүгүнө таасирин тийгизген системалуу мааниге ээ болгон Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы тобокелдиктерди башкаруу боюнча саясатты кошуп алганда, саясаттын жалпы принциптерин коомчулукка өз убагында ачып берүүгө көмөктөшөт. 

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы N 38, 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

33-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында локалдык жана эл аралык төлөм системасынын инфратүзүмүндө же Кыргыз Республикасынын аймагында кандай болбосун коммерциялык банкта тейлөөгө улуттук төлөм карталарын милдеттүү кабыл алууга карата 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 20-берененин талаптарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

2. "Электрондук төлөөлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 121 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 161-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

 

  

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

А.Атамбаев 

  

  

  

2014-жылдын 17-декабрында 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган 

  

 

 

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 3-февралында N 8 жарыяланды