Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2014-жылдын 26-майындагы № 23/1 токтому
2014-жылдын 1-чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчет
(Кыргыз Республикасындагы инфляция боюнча баяндама)
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Улуттук банктын Экономика башкармалыгы тарабынан даярдалган "2014-жылдын 1-чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчетту (Кыргыз Республикасындагы инфляция боюнча баяндама)" карап көрүп Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. "2014-жылдын 1-чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчет (Кыргыз Республикасындагы инфляция боюнча баяндама)" жактырылсын.
2. 2014-жылдын 27-май айынан тартып Улуттук банктын эсептик ченинин өлчөмү 6,00 пайыз түзсүн (өзгөртүүсүз).
3. Экономика башкармалыгы 5 жумуш күнү ичинде "2014-жылдын 1-чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчетту (Кыргыз Республикасындагы инфляция боюнча баяндама)" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Президенттин Аппаратына, Өкмөттүн Аппаратына, Финансы министрлигине жана Экономика министрлигине жөнөтсүн.
4. Экономика башкармалыгы "2014-жылдын 1-чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчетту (Кыргыз Республикасындагы инфляция боюнча баяндама)" Улуттук банктын расмий веб-сайтына 5 жумуш күнү ичинде жайгаштырылышын камсыз кылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төраганын милдет аткаруучу Т. Абдыгулов