Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2025-жылдын 19-декабрындагы
№ 2025-П-12/68-2-(НПА)
Токтому
«Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитилсин (1-тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (2 тиркеме):
- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»;
- 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө»;
- 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу»;
- 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
- 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
- 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»;
- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө»;
- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу»;
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»;
- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу»;
- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу»;
- 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»;
- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;
- 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»;
- 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө»;
- 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 2020-П-33/54-3-(НФКУ) «Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө»;
- 2024-жылдын 28-февралындагы № 2024-П-12/8-3-(НПА) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»;
- 2024-жылдын 27-декабрындагы № 2024-П-12/71-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу».
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун:
- 1-пунктунун жыйырманчы абзацы;
- жогоруда аталган токтомго тиркеменин 19-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 14-июнундагы № 2023-П-12/38-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун он биринчи абзацы;
- жогоруда аталган токтомго тиркеменин 10-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 27-декабрындагы № 2023-П-12/82-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун алтынчы абзацы;
- жогоруда аталган токтомго тиркеменин 5-пункту.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
6. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесине, «Альянс» алмашуу бюролор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздарды каржылоо компаниясы» ААКты, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, кредиттик бюролорду, кепилдик фонддорду жана алмашуу бюролорун тааныштырсын.
7. Башкарманын катчылыгы бөлүмү токтом күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2025-жылдын 19-декабрындагы
№ 2025-П-12/68-2-(НПА)
токтомуна карата 1-тиркеме
Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобонун максаты кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары – ПФПД/ЛПД) максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясын алган алмашуу бюролорунда ички контролду уюштуруу боюнча минималдуу талаптарды аныктоо болуп саналат.
2. Улуттук банк ПФПД/ЛПД максатында ички контролду уюштуруу маселелери боюнча алмашуу бюролорунун ишине көзөмөл жүргүзөт.
3. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) Жакын туугандары - ата-эне, асырап алуучулар, асыранды балдар, аталаш (энелеш) ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата, таята, чоң эне, таяне, неберелер, коомдук кызмат адамы алардын жашап турууга, билим алууга, саламаттык сактоого жана башка зарыл болгон чыгашаларын жабуу боюнча финансылык чыгым тартат.
2) Ички контролдоо – контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) жана шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) түздөн-түз байланышкан акча каражаттары менен башка операциялардын (бүтүмдөрдүн) алдын алуу боюнча чаралар жыйындысы.
3) Идентификация - кардар жана (же) бенефициардык менчик ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу;
4) Верификация - кардардын жана (же) бенефициардык менчик ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу;
5) Бенефициардык менчик ээси - жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) түрдө менчик укугуна ээ болгон же кардарды контролдогон жеке адам (жеке адамдар) же болбосо анын атынан же анын кызыкчылыгы үчүн операция (бүтүм) жүргүзүлгөн жеке адам;
6) Ички контролдоо программасы - ПФПД/ЛПД чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында, алмашуу бюролоруна колдонулуучу ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары;
7) Контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операцияларды аныктоо – бул ПФПД/ЛПД максатында ички контролдоону уюштуруу этабы, ал контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операцияларды аныктоону камтыйт;
8) Акча каражаттарынын келип чыгуу булагы – бул кардар менен алмашуу бюросунун ортосундагы ишкердик мамилелеринин предмети болуп саналган конкреттүү акча каражаттарынын же башка активдердин келип чыгышы жөнүндө маалымат. Алынган маалымат мазмундуу болууга тийиш, анда булагы жана/же бул каражаттарды же активдерди алуунун же сатып алуунун негиздери көрсөтүлүүгө тийиш.
9) Башка мүлктүн келип чыгуу булагы – бул коомдук кызмат адамынын жалпы мүлкүнүн келип чыгышы жөнүндө маалымат (кардарга таандык болгон бардык активдердин түзүлүү булагы). Алынган маалымат кардардын абалы жана анын бул мүлктү кантип алгандыгы жөнүндө маалыматтарды чагылдырат.
10) Контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) – Кыргыз Республикасынын «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын 23, 24, 25, 26-беренелеринде каралган акча каражаттары менен ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр).
11) Жогорку тобокелдиктер сакталып турган өлкөлөр - акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар;
12) Коомдук кызмат адамдары - төмөндөгү жеке адамдардын бири:
а) Чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функциялар) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);
б) Улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери;
в) Эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармасынын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар);
13) Финансылык чалгындоо органы – кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.
14) Бир жолку операция (бүтүм) - кардар менен алмашуу бюросунун ортосунда туруктуу иш мамилелери (келишимдик мамилелер) жок учурда бир жолу жүзөгө ашырылуучу операция (бүтүм).
15) Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма - тобокелдиктерди тескөөнүн белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдикти аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо, деңгээлин төмөндөтүү) ылайык, тобокелдиктин жогорку деңгээли орун алган учурда, күчөтүлгөн чараларды же тобокелдик деңгээли төмөн болгон шартта, жеңилдетилген чараларды колдонуу;
16) Санкциялык тизмектер - Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынды санкциялык тизмеги;
17) Шектүү операция (бүтүм) - төмөнкү белгилерге туура келген операция (бүтүм):
а) эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуулугу тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
б) эгер каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоого байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо:
- террористтерди жана экстремисттерди;
- террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду);
- террористтик жана экстремисттик ишти;
- массалык кыргын салуучу куралды таратууну;
- уюшкан топту же кылмыштуу коомчулукту.
2-глава. ПФПД/ЛПД боюнча
ички контролдоо программасы
4. ПФПД/ЛПД бонча ички контролдоо программасы алмашуу бюросунун ички контролдоо системасынын бир бөлүгү болуп саналат жана эң аз дегенде төмөнкү иш-чараларды жүргүзүү каралат:
1) ПФПД/ЛПД процессине тартылган алмашуу бюросунун кызматкерлеринин ортосунда чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин белгилөөгө жана өз ара аракеттенүү жана отчёттуулук тартибин аныктоого багытталган ички контролдоону уюштуруу;
2) Террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтуу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин (мындан ары – ФПД/ЛПД тобокелдиги) аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, тескөө, азайтуу жана документин түзүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
3) Кылмыштуу ишти каржылоо/кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин баалоону актуалдуу абалда кармап туруу (кеминде жылына бир жолу жаңыртып туруу) жана тобокелдиктерди баалоо жөнүндө маалыматты Улуттук банкка жана финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берүү (зарыл болгон учурда);
4) ФПД/ЛПД тобокелдиктерин баалоо учурунда тобокелдиктердин бардык факторлорун кароо, андан кийин тобокелдиктин жалпы деңгээлин жана аны азайтуу боюнча чараларды аныктоо;
5) ФПД/ЛПД тобокелдиктерин азайтууну натыйжалуу тескөөнү камсыз кылган, ошондой эле өлкө деңгээлинде жана/же тиешелүү сектордо аныкталган тобокелдиктер эске алынган жана алмашуу бюросунун жетекчиси тарабынан бекитилген ички ченемдик документтердин болушу.
6) алмашуу бюросунун жетекчиси тарабынан бекитилген контролдоо каражаттарынын колдонулушуна мониторинг жүргүзүү, зарыл болгон учурда аларды кеңейтүү жана террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтуу, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча аныкталган жогорку тобокелдиктерди тескөө жана азайтуу боюнча чараларды көрүү;
7) кардарларды талаптагыдай текшерүүнү жүзөгө ашыруу, анын ичинде:
- ишенимдүү булактардан алынган маалыматты жана документтерди колдонуу менен, кардардын анкеталарында каралган маалыматтардын аныктыгын текшерүү аркылуу, ишкердик мамилелерди түзүүгө/бир жолку операцияны жүргүзүүгө чейин кардарды идентификациялоо жана верификациялоо (бир жолку жана туруктуу);
- бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана кардарлардын, анын ичинде юридикалык жак (чет өлкөлүк трасттар ж.б.) болуп саналган кардарлардын бенефициардык менчик ээсин верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана акыл ченемдүү чараларды көрүү;
Кардарды (жеке адамды жана юридикалык жакты) жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоодо жана верификациялоодо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык анкета толтурулат.
- эгерде кардардын атынан же анын тапшырмасы боюнча ишеним көрсөтүлгөн адам иш алып барса, анда бул адамды идентификациялоо жана верификациялоо, ошондой эле мындай адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган тиешелүү документтерди текшерүү;
- кардар менен ишкердик мамилелердин максаты жана болжолдуу мүнөзү жөнүндө маалымат алуу;
- кардардын акча каражаттарынын жана башка мүлкүнүн келип чыгуу булагын текшерүү;
- кардарлардын кылмыштуу иштин каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) максатында пайдалануу тобокелдигине көбүрөөк дуушар болгон операцияларын, шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүүнү идентификациялоо жана верификациялоо;
- кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө каттоого алуу;
- кардар жөнүндө маалыматты жана документтерди, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоо жана жаңылоо;
Жогоруда көрсөтүлгөн кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте, ошондой эле тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктарын эске алуу менен колдонулат.
8) контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо;
9) кардардын шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүсү жөнүндө шектенүүлөрдүн негиздүүлүгүн тастыктоо же четке кагуу үчүн, кардардын ишинде аталган операциялардын белгилерин камтыган операцияларды аныктоо;
10) Санкциялык тизмектерге киргизилген адамдарга карата операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу.
Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин (белгилеринин) тизмесин финансылык чалгындоо органы түзөт. Алмашуу бюролорунун ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен, финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлгөн шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерине кошумча, алмашуу бюролору төмөнкү мүнөздүү белгилердин жана шектүү операциялардын критерийлеринин тизмесин карашы зарыл, ал кийинчерээк толукталышы мүмкүн:
- кардардын суралган маалыматтарды берүүдөн жүйөөсүз баш тартышы же негизсиз кечиктириши;
- бир эле адам тарабынан ай ичинде ачык экономикалык же айкын мыйзамдуу максатсыз, накталай чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды көп жолу (14 жана андан көп жолу) жүргүзүү.
Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу алмашуу бюросу тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Тобокелдиги жогору өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык тобокелдиги жогору өлкөлөргө карата чараларды колдонуу;
12) потенциалдуу кардар тарабынан кызмат көрсөтүүдөн жана операция жүргүзүүдөн баш тартуу, ошондой эле кардарларды тейлөөнү токтотуу тартибин жана негиздерин белгилөө;
13) финансылык чалгындоо органына өз убагында маалыматты жана документтерди, ошондой эле контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүү;
14) операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды жана документтерди сактоону камсыз кылуу;
15) маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу;
16) алмашуу бюросунун Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД маселелери боюнча мыйзамдарынын сакталышын туруктуу камсыз кылууга контролдоону жана мониторингди белгилөө;
17) алмашуу бюросунун иши жогорку тобокелдикке дуушар болгон кызматкерлерине (кассир, операциялык кызматкер, алмашуу бюросунун жетекчиси) көзөмөлдү белгилөө, кызматкерлердин кызматтык нускоолорунда ПФПД/ЛПД боюнча саясатты ишке ашыруу функцияларын жана милдеттерин чагылдыруу;
18) ПФПД/ЛПД чөйрөсүндө алмашуу бюросунун ички контролдоо программасын жана ички документтерди колдонуусуна мониторинг жүргүзүү жана зарыл болгон учурда аларды өркүндөтүү;
19) Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу.
5. Алмашуу бюролору жаңы финансылык продуктуларды, кызматтарды жана технологияларды, ошондой эле учурдагы же жаңы финансылык продуктулар үчүн жаңы ишкердик практиканы жаңы механизмдерди же өнүгүп жаткан технологияларды колдонуу менен иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө байланышкан тобокелдиктерди аныктоого жана баалоого милдеттүү. Бул баалоо жогоруда көрсөтүлгөн продуктуларды, кызматтарды, технологияларды жана ишкердик практиканы киргизүүгө же колдонууга чейин жүргүзүлүшү зарыл.
6. Алмашуу бюролору Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД мыйзамдарынын ченемдерин натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берүүчү, анын ичинде тобокелдикти аныктоого багытталган ыкмага негизделген ички контролдоо программасын иштеп чыгууга жана колдонууга милдеттүү. Алмашуу бюросунун ички контролдоо программасы Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш, ошондой эле иштин өзгөчөлүктөрүн, штаттык санын, кардарлар базасын жана алмашуу бюросунун тобокелдик деңгээлин эске алуу менен иштелип чыгат жана колдонулат.
3-глава. Ички контролдоо программасын ишке ашыруу жана натыйжалуулугун баалоо
7. Алмашуу бюросунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайык ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы боюнча ички контролдоо программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу адам болууга тийиш. Алмашуу бюросунун ошол эле жооптуу кызматкери кеминде үч жылда бир жолу окутуудан өтүү үчүн жөнөтүлөт. Мында жооптуу кызматкер ПФПД/ЛПД маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын билүүсү зарыл.
8. Программанын жана жол-жоболордун ПФПД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарына шайкештиги, ошондой эле ПФПД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында ички контролдоонун натыйжалуулугу жана ишенимдүүлүгү алмашуу бюросундагы ички контролдоо системасын баалоо үчүн жооптуу адам тарабынан бааланат.
Программанын жана жол-жоболордун шайкештигине жалпы баа берүү, ошондой эле ПФПД/ЛПД боюнча мыйзамдарды сактоо максатында ички контролдоо эрежелеринин натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн баалоо туруктуу негизде, бирок кеминде үч жылда бир жолу жүргүзүлөт.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн ченемдер ПФПД/ЛПД боюнча мыйзамдарды сактоо боюнча ички контролдоо программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу кызматкер, алмашуу бюросунун жетекчиси, ошондой эле алмашуу бюросун ачкан юридикалык жактын жетекчиси жана катышуучусу/акционери бир эле адам болгон алмашуу бюросуна жайылтылбайт.
4-глава. Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы эске алуу менен кардарды талаптагыдай текшерүү
9. Алмашуу бюросу кардарларын, атап айтканда жеке адамдарды жана юридикалык жактарды (туруктуу жана бир жолку), ошондой эле юридикалык жактардын бенефициардык менчик ээлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүгө чейин жана ишкердик мамилелерди түзүүгө чейин идентификациялоого жана верификациялоого милдеттүү.
Кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык анкета толтурулат.
10. Жеке адам-кардарды идентификациялоо жол-жобосунда кардардын сүрөтү бар жана инсандыгын тастыктаган документинин негизинде, кардардын ким экендигин аныктоо, бенефициардык менчик ээсин аныктоо, ушул Жобого ылайык кардар жана бенефициардык менчик ээси жөнүндө маалымат чогултуу каралат.
11. Юридикалык жак-кардар тарабынан операция (бүтүм) жүргүзүүдө, алмашуу бюросу операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүгө укугу бар адамдардын аныктыгына (инсандыгын тастыктаган документтин негизинде) ынанууга тийиш.
12. Документтерди, атап айтканда, юридикалык жактын уюштуруу документтерин жана анын мамлекеттик каттоосун тастыктаган документтерди изилдөөдө алмашуу бюролору өз кардарларын кылдат изилдөө максатында документтерди легалдаштырууга өзгөчө көңүл бурууга тийиш, ошондой эле төмөнкүлөрдү изилдеши зарыл:
- юридикалык жактын бардык уюштуруу документтери, анын ичинде аларга киргизилген, бардык катталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор, ошондой эле кардардын юридикалык жак катары мамлекеттик каттоосун тастыктаган башка зарыл документтер;
- юридикалык жактын органдары тарабынан чечимдерди кабыл алууга таасир этүүгө мүмкүнчүлүгү бар адамдарды аныктоо менен юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамы;
- юридикалык жактын ишинин мүнөзү;
- юридикалык жактын менчик түзүмү жана башкаруу органдары жана алардын ыйгарым укуктары.
13. Алмашуу бюросу кардар-юридикалык жактан бенефициардык менчик ээси (ээлери) ким экендигин биле тургандыгына ынануу үчүн, кардар-юридикалык жактын бенефициардык менчик ээсин идентификациялоого жана бенефициардык менчик ээсинин инсандыгын верификациялоо үчүн тиешелүү маалыматты же ишенимдүү булактан алынган маалыматтарды колдонуу менен бенефициардык менчик ээсинин инсандыгын текшерүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Бул талапты аткаруу үчүн алмашуу бюролору юридикалык жактын үлүшүнүн (акцияларынын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык менчик ээлерин аныктоого милдеттүү.
Эгерде 25%дан ашык үлүшкө (акцияга) түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык менчик ээлери жок болсо, же бенефициардык менчик ээсинин үлүшүнүн (акциясынын) өлчөмү боюнча күмөн саноолор болсо, же акциялардын контролдук пакетине ээ болгон жак (жактар) юридикалык жак-кардардын чыныгы бенефициардык менчик ээси (ээлери) болуп саналабы деген күмөн саноолор болсо, алмашуу бюросу юридикалык жакты же түзүмдү башка ыкмалар аркылуу контролдогон бенефициардык менчик ээсин (ээлерин) аныктоого милдеттүү.
Чектелген учурларда, эгерде 25%дан ашык үлүшкө (акцияга) түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык менчик ээлери иш жүзүндө жок болсо жана башка каражаттар аркылуу контролдоону жүзөгө ашырган бенефициардык менчик ээлери жок болсо, алмашуу бюросу юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген кызматтарынын эсебинен юридикалык жак-кардардын иш-аракеттерин контролдоого мүмкүнчүлүгү бар жеке адамды (жеке адамдарды) аныктоого милдеттүү (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруучулук контролдоону жүзөгө ашырат, финансылык маселелер боюнча чечим кабыл алат). Бул учурда бенефициардык менчик ээсинин анкетасы аталган жакка карата толтурулат.
Эгерде юридикалык жактын менчик түзүмүндө чет өлкөлүк трасттар же башка юридикалык түзүлүштөр болсо, алмашуу бюросу бул юридикалык түзүлүштөрдүн бенефициардык менчик ээлерин аныктоого милдеттүү. Алмашуу бюросу бенефициардык менчик ээсин идентификациялоодо жана текшерүүдө/верификациялоодо (юридикалык түзүлүш болуп саналган кардарларга карата) төмөнкү кошумча маалыматты колдонот:
- трасттар боюнча: ишеним көрсөтүүчүнүн, ишеним көрсөтүлгөн адамдын, камкорчунун (эгерде бар болсо), бенефициарлардын же бенефициарлар тобунун жана жыйынтыгында трастты иш жүзүндө контролдогон кайсы болбосун башка жеке адамдын жеке маалыматтары;
- юридикалык түзүлүштөрдүн башка түрлөрү боюнча: эквиваленттүү кызматтарды ээлеген адамдардын жеке маалыматтары.
Бенефициардык менчик ээсин идентификациялоодо жана верификациялоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык анкета толтурулат.
Эгерде бир нече жеке адам кардардын бенефициардык менчик ээси болуп саналса, алардын ар бири 25%дан ашык үлүшкө (акциясы) ээ болсо жана/же башка каражаттар аркылуу контролдосо, анда ар бир адамга анкета толтурулат.
Бенефициардык менчик ээсинин анкетасына кардардын-юридикалык жактын менчик (башкаруу) түзүмүнүн схемасын тиркөө зарыл, анда аралык юридикалык жактар, акыркы ээлерине-жеке адамдарга чейин каралат, алар түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) үлүштүн (акциялардын) 25%дан ашыгына ээлик кылышат, ошондой эле уюштуруучулар-юридикалык жактар менен бенефициардык менчик ээсинин ортосундагы өз ара байланыш көрсөтүлөт. Менчик түзүмүнүн схемасында ошондой эле башка каражаттар аркылуу контролдоочу бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалымат чагылдырылышы зарыл жана бул бенефициардык менчик ээлери мындай контролдоону кандайча ишке ашыра тургандыгын түшүндүрүүгө тийиш. Эгерде юридикалык жактын менчик түзүмүндө чет өлкөлүк трасттар же башка юридикалык түзүлүштөр болсо, алар да схемада көрсөтүлүшү зарыл.
Алмашуу бюросу кардардын ишинин мүнөзүн, ошондой эле анын менчик (башкаруу) түзүмүн түшүнүүгө милдеттүү.
14. Чет өлкөлүк коомдук кызмат адамдарын тейлөө, кардарларды талаптагыдай текшерүү боюнча белгиленген чараларды колдонуудан тышкары, алмашуу бюросу төмөнкү кошумча чараларды колдонууга тийиш:
1) кардар же бенефициардык менчик ээси коомдук кызмат адамы болуп саналабы же жокпу аныктоо үчүн инструменттердин системасын колдонуу;
2) талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнү талап кылган суммага операция жүргүзүү үчүн алмашуу бюросунун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксатын алуу;
3) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамынын акча каражаттарынын жана башка мүлкүнүн келип чыгуу булагын аныктоо;
4) жогорку тобокелдиктеги кардарлар үчүн белгиленген тартипте чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы тарабынан ишке ашырылган операцияларды (бүтүмдөрдү) кошо алганда, ишкердик мамилелерге туруктуу жана терең мониторинг жүргүзүү;
5) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамдары жөнүндө маалыматты туруктуу негизде жаңылап туруу;
Алмашуу бюросу жогоруда көрсөтүлгөн чараларды чет өлкөлүк коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) карата колдонууга тийиш.
15. 14-пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн чаралар улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) карата колдонулат.
14-пункттун 2-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн чаралар улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) карата да, эгерде мындай адамдарга карата жогорку тобокелдик аныкталса колдонулат.
16. Эгерде кардардын атынан же тапшырмасы боюнча ишеним көрсөтүлгөн адам иш алып барса, алмашуу бюросу бул адамды идентификациялоого жана верификациялоого, ошондой эле бул адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган тиешелүү документтерди текшерүүгө милдеттүү.
17. Накталай улуттук жана/же чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу (алмашуу) боюнча 100000 сомдон 1000000 сомго чейинки суммага (же операция (бүтүм) ишке ашырылган күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсептелген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммага) бир жолку операцияны (бүтүмдү) же өз ара байланышкан бир нече бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө, инсандыгын тастыктаган документинин түп нускасынын негизинде, кардардын ким экендиги аныкталат.
Инсандыгын тастыктаган документтерге төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына карата:
а) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта же инсандыгын тастыктаган мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документ);
б) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жок Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн), анда Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке катталгандыгы жөнүндө белги коюлса;
в) жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын жарандын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү - Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жараны үчүн;
г) аскердик билет;
д) персоналдык идентификациялык номери (ПИН) бар улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк (кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы күбөлүк);
- чет өлкөлүк жарандарга карата:
а) чет өлкөлүк жарандын паспорту;
б) Кыргыз Республикасында жашоого уруксат;
- жарандыгы жок адамдарга карата - Кыргыз Республикасында жашоого уруксат;
- качкындарга карата:
а) адамды качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүк;
б) качкындын күбөлүгү.
Кардардын инсандыгын аныктоодон тышкары, алмашуу бюросунун кызматкерлери кардардын Санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүүгө тийиш.
18. Улуттук жана/же чет өлкө валютасын накталай сатып алуу-сатуу (алмашуу) боюнча 1 000 000 сомго барабар же андан ашкан суммага (же Улуттук банктын расмий алмашуу курсу боюнча операция (бүтүм) ишке ашырылган күнгө карата эсептелген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммага) бир жолку операцияны (бүтүмдү) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө, алмашуу бюросунун кызматкерлери кардарды талаптагыдай текшерүүгө милдеттүү.
19. Алмашуу бюросу кардар менен болгон ишкердик мамилелеринин бүткүл мезгилинде кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын колдонууга милдеттүү.
20. Алмашуу бюросу кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүдө тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонууга милдеттүү. Талаптагыдай текшерүү чараларынын көлөмү кардардын тобокелдик профилин жана ишкердик мамилелеринин масштабын эске алуу менен аныкталууга тийиш. Талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүдө алмашуу бюросу кардардын тобокелдигин баалоого милдеттүү. Алмашуу бюросу жогорку тобокелдик аныкталган учурда кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонууга милдеттүү. Тобокелдик деңгээли төмөн деп аныкталган учурда жөнөкөйлөтүлгөн чаралар колдонулушу мүмкүн.
21. Идентификациялоо, верификациялоо жана кардарды изилдөө, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин аныктоо натыйжасында алынган маалыматтарды мезгил-мезгили менен, алмашуу бюросу кардардын кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин жогору деп баалаган учурларда, жылына бир жолудан кем эмес, ал эми башка учурларда, кеминде үч жылда бир жолу жаңыртып туруусу зарыл.
22. Алмашуу бюросунун кызматкерлери накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары жөнүндө маалыматты, анын ичинде, эгерде жүргүзүлүп жаткан операциянын (бүтүмдүн) суммасы 100000 сомго (же Улуттук банктын расмий алмашуу курсу боюнча операция (бүтүм) жүргүзүлгөн күнгө карата эсептелген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммага) барабар же андан ашса, кардар жөнүндө маалыматты кардарлар менен операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналына каттоого милдеттүү.
Алмашуу бюросу кардарды идентификациялоого, верификациялоого жана изилдөөгө, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин аныктоого тиешелүү документтердин жана жазуулардын көчүрмөлөрүн, жана накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары жөнүндө маалыматты алмашуу бюросу менен кардардын ортосундагы бүтүм ишке ашырылгандан кийин кеминде беш жыл сактоого милдеттүү.
Алмашуу бюросу Кыргыз Республикасында накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартибине ылайык башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга милдеттүү.
23. Кардарларды тейлөөдө алмашуу бюросу кардар менен болгон ишкердик мамилелердин максатын жана болжолдуу мүнөзүн, операцияны жүргүзүү максатын түшүнүүгө жана жүргүзүлүп жаткан операциянын тобокелдик деңгээлин баалоого милдеттүү.
Алмашуу бюросу тобокелдикти баалоодо тобокелдиктин бардык маанилүү факторлорун, анын ичинде операциянын көлөмүн, мүнөзүн, суммасын жана мезгилин карайт.
24. Алмашуу бюросу кардарды талаптагыдай текшерүүнү туруктуу негизде жүргүзүүгө милдеттүү, анын ичинде:
- кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) алардын кардар жөнүндөгү маалыматка, чарбалык ишинин мүнөзүнө жана түрүнө, кардардын финансылык абалына, каражаттардын, мүлктүн, активдердин келип чыгуу булагына, кардарга жана анын операцияларына байланышкан тобокелдиктердин деңгээлине жана мүнөзүнө ылайык келүүсү боюнча кылдат талдоо жүргүзүү;
- кардарды талаптагыдай текшерүү натыйжасында алынган маалыматты жана документтерди кардар жөнүндө маалыматтын аныктыгын жана толуктугун үзгүлтүксүз текшерүү, ошондой эле аны биринчи кезекте тобокелдиги жогору кардарларга карата өз убагында жаңыртып туруу аркылуу актуалдуу абалда жана тиешелүү түрдө сактоо.
25. Алмашуу бюросу кардарды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүдө тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен, кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонот.
26. Төмөн деңгээлдеги тобокелдик аныкталган учурда, алмаштуу бюросу кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкү жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдоно алат:
1) ишкердик мамилелердин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө жалпы маалымат алуу;
2) кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин идентификациялык маалыматтарын жаңыртуунун санын кыскартуу;
3) кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) кыскартылган түрдө мониторинг жүргүзүү.
Кардар тууралуу кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча шектенүүлөр болгон учурда, тобокелдиктерди тескөө жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөтүлгөн чараларды колдонууга жол берилбейт.
27. Жогорку тобокелдик аныкталган учурда, алмашуу бюросу кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкү күчөтүлгөн чараларын колдонот:
1) жеткиликтүү жана ишенимдүү маалымат булактарынан кардар жөнүндө кошумча идентификациялык маалыматтарды жана документтерди чогултуу, ошондой эле бул маалыматтарды кардарга байланышкан тобокелдикти баалоодо пайдалануу;
2) кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин кылмыштуу ишке катышуу тобокелдигин терең түшүнүү үчүн кардар жана бенефициардык менчик ээси жөнүндө кошумча маалымат чогултуу;
3) кардардын акча каражаттарынын булагы жөнүндө маалыматты сурап, акча каражаттарынын кылмыштуу иштен түшкөн киреше эмес экендигине ынануу; жана алынган маалыматты каттоого алуу;
4) операцияны жүргүзүүгө алмашуу бюросунун жетекчисинен жазуу жүзүндө уруксат алуу;
5) бул кардардын кайталануучу операцияларына күчөтүлгөн мониторинг жүргүзүү;
6) операцияны токтотуу жана шектүү бүтүм жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жөнөтүү;
7) эгерде азайтуу мүмкүн болбосо, операцияны жүргүзүүдөн баш тартуу.
28. Эгерде алмашуу бюросу кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, операцияны жүргүзбөшү керек, операцияны жүргүзүүдөн баш тартууга жана кардарды тейлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде финансылык чалгындоо органына тиешелүү билдирүүнү белгиленген тартипте жөнөтүүгө тийиш.
29. Эгерде алмашуу бюросу кардарды талаптагыдай текшерүү келип чыккан шектенүүлөр жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгышына алып келет деп ишенсе, алмашуу бюросу кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чараларды колдонбойт, шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото турат жана финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү жөнөтөт.
5-глава. Контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо
30. Акча каражаттары же башка мүлк менен операция (бүтүм) финансылык чалгындоо органы тарабынан контролдонууга жана ага билдирилүүгө тийиш.
31. Алмашуу бюросу Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык төмөнкү билдирүүлөрдү даярдайт жана финансылык чалгындоо органына жөнөтөт:
а) шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү - операция шектүү деп белгиленген учурдан тартып беш сааттын ичинде, операциянын суммасына карабастан;
б) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөн келген жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан накталай чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн алмашуу операциясы жөнүндө билдирүү, операция ишке ашырылган күндөн тартып эки жумуш күнү ичинде, операциянын суммасына карабастан, финансылык чалгындоо органына жөнөтүлүшү зарыл;
в) кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыргандыгы (адалдагандыгы), ошондой эле мындай ишти каржылагандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке адам тарабынан жүргүзүлгөн накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операциясы жөнүндө билдирүү операция ишке ашырылган күндөн тартып эки жумуш күнү ичинде финансылык чалгындоо органына жөнөтүлүүгө тийиш;
г) чектүү суммага барабар же андан ашкан накталай акча каражаттары менен операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү – мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде.
Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен жүргүзүлүүчү операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеси жана алардын чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипке ылайык финансылык чалгындоо органына жөнөтүлөт.
6-глава. Ички контролдоодо алынган маалыматты каттоо жана сактоо
32. Ички контролду жүзөгө ашырууда алынган кардардын операциялары (бүтүмдөрү) жөнүндө маалымат кардардын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө шектенүүлөрдү тастыктоо же четке кагуу үчүн жетиштүү көлөмдө документ түрүндө милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
33. Алмашуу бюросу ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурлардан кошпогондо, кардарларга же башка адамдарга финансылык чалгындоо органына маалымат берилгендиги жөнүндө маалымдоого укугу жок.
34. Алмашуу бюросу кардарды идентификациялоого, текшерүүгө жана изилдөөгө, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин аныктоого тиешелүү маалыматтын, ошондой эле накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары жөнүндөгү маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.
35. Алмашуу бюросу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, анын ичинде ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
36. Кардар, бенефициардык менчик ээси жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат жана документтер, анын ичинде иш боюнча кат алышуулар, ошондой эле кардардын операциялары (бүтүмдөрү) жөнүндө, ар кандай жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары жана ушул Жобого ылайык текшерүү учурунда алынган башка маалыматтар алмашуу бюросу менен кардардын ортосунда бүтүм ишке ашырылгандан кийин кеминде 5 (беш) жыл сакталууга тийиш.
Маалымат жетиштүү көлөмдө сакталууга тийиш, ал ишке ашырылган операциянын (бүтүмдүн) мүнөздөмөсүн калыбына келтирүүгө же операция (бүтүм) жөнүндө толук маалыматты калыбына келтирүү жолу менен каражаттарды көзөмөлдөөгө жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык тергөө жана соттук териштирүү учурунда далил катары колдонууга мүмкүндүк берет.
Алмашуу бюросу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматты жана документтерди берет.
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2025-жылдын 19-декабрындагы
№ 2025-П-12/68-2-(НПА)
токтомуна карата 2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун:
- 5.3.2- пунктунун сегизинчи абзацындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобонун:
- 2.2- пунктунун «к» пунктчасындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
- 1.3.-2-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобонун:
1) 2.6.2-пунктунун экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Бул талап кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам ченемдерине ылайык операциялар (бүтүмдөр) убактылуу токтотулган учурларга таркатылбайт.
Операция кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу деп шектелип, операция (бүтүм) убактылуу токтотулган учурда, мындай операцияны (бүтүмдү) токтото туруу кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.»;
2) 3.1-пунктунун сегизинчи абзацындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 3.1-1-пунктунун он алтынчы абзацындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 3.3-пунктунун экинчи абзацындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелеринин:
- 1.4-пунктунун 1-пунктчасында «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобонун:
- 1.5-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо:
- Жобого карата 1-тиркеменин 15-пунктунда «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобонун:
- 16-пунктунун жетинчи, сегизинчи абзацтары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынан болуп маалыматтарды идентификациялоого, верификациялоого, аныктоого, белгилөөгө жана финансылык чалгындоо органына берүүгө тиешелүү бардык маалыматтарды алууга укугу бар, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында дайындалуучу (комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчисинин деңгээлинде) банктын кызматкери саналат.
Эскертүү: Банктын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы болуп, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоону уюштуруу максатында дайындалган, идентификациялоо, верификациялоо, аныктоо, каттоо жана финансылык чалгындоо органына өткөрүп берүүгө тиешелүү маалыматты пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ (комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси деңгээлинде) кызматкери саналат.».
9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобонун:
- 8-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«8. ФКУ ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө багытталган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого тийиш.».
10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоонун:
1) 3-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 11-пунктунун:
- он тогузунчу абзацындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
- жыйырма биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Санкциялык тизмектер - Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги;»;
3) 22-1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«22-1. Эгерде эсеп ачууда же эсеп боюнча операцияларды ишке ашырууда банкта операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) тиешеси бар катары шектенүүлөр пайда болсо, банк төмөнкү чараларды колдонууга тийиш:
- кандай гана артыкчылыктар болбосун же чектүү маанилер белгиленбесин, кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо;
- ишкердик мамилелерге же кардардын жана/же ага байланыштуу адамдардын операцияларына (бүтүмгө) ар тараптуу талдоо жүргүзүү жана ишкердик мамилени же операцияны (бүтүмдү) шектүү катары таануу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото туруу жана операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү деп таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү жөнөтүү;
- кардар менен ишкердик мамилени убактылуу же толугу менен токтотуу.
Операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жана шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото туруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.»;
4) 22-3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«22-3. Банк кардар менен ишкердик мамилелерди түзүүгө чейин жана жүзөгө ашыруу процессинде жана/же кардардын кайсы болбосун операциясын (бүтүмүн) ишке ашырууга чейин кардардын, кардардын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, бенефициардык ээсинин жана кардардын контрагентинин идентификациялык маалыматтарын Санкциялык тизмектерде бар же жок экендиги боюнча текшерүүгө милдеттүү.
Эгерде кардар, кардардын ыйгарым укуктуу өкүлү, бенефициардык ээси, кардардын контрагенти боюнча террористтик же экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды жайылтууга, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы, кылмыш жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүү жана жетектөө же аталган топко же коомдоштукка катышуу же башкача көмөк көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык алынган маалыматтар болсо, банк кардарга алдын ала билдирбестен, Санкциялык тизмектерге киргизилген кардардын операциясына (бүтүмүнө) жана/же каражаттарына токтоосуз бөгөт коюуга жана бөгөт коюлгандан тартып 3 (үч) сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына, анын ичинде Санкциялык тизмектерге киргизилген жеке адамдар жана юридикалык жактар, топтор, уюмдар тарабынан операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүү аракети жөнүндө билдирүү жөнөтүүгө тийиш.
Операцияга (бүтүмгө) жана (же) каражаттарга бөгөт коюу жана бөгөттөн чыгаруу тартиби, ошондой эле бөгөт коюлган каражаттарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү, бөгөт коюлган каражаттарды тескөө жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.»;
5) 22-4-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«22-4. Санкциялык тизмекке киргизилген, ал боюнча террористтик ишти, экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же аны жүзөгө ашырууга (жасоого) жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууга катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар жана аныкталган жактын операцияларына (бүтүмдөрүнө) жана (же) каражаттарына белгисиз мөөнөткө бөгөт коюлат.
Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген, алар боюнча кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыш жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү же бул топко же коомдоштукка катышууну же бул топко же коомдоштукка башкача жардам көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же жүзөгө ашырууга (жасоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жана аныкталган жактын операцияларына (бүтүмдөрүнө) жана (же) каражаттарына Кыргыз Республикасынын кылмыз-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык, мүлккө арест коюу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин бөгөт коюлат.
6) 25-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«25. Эсеп ачууда банк кардардын өз кызыкчылыгында же бенефициардык ээсинин кызыкчылыгында иш алып барып жатканын аныктоого тийиш. Эгерде кардар бенефициардык ээсинин (ээлеринин) кызыкчылыгында иш алып барса, банк мындай адамдарды, ошондой эле номиналдык функцияларды аткарган адамдарды идентификациялоого тийиш. Банк кардардан жогоруда көрсөтүлгөн адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык сурап алууга тийиш.»;
7) 43-пунктунун:
- 1-пунктчасынын үчүнчү абзацында «катталган жери» деген сөздөрдөн кийин «(юридикалык дареги)» деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- чыныгы жайгашкан жеринин дареги;»;
8) Жобонун 1-тиркемесинин:
- 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«1. «Өз кардарыңды бил» саясаты кардарларды талаптагыдай текшерүү тартибин аныктайт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) банктык эсепти, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачууда кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жол-жобосу;
Банк кардарды жана бенефициардык ээсин аныктоого милдеттүү.
Кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык түзүлгөн анкетаны толтуруу аркылуу жүргүзүлөт;
2) ушул Нускоодо каралган учурларда кардарды банктык эсепти ачууга чейин жана эсеп ачуу процессинде верификациялоо, ошондой эле эсеп ачылгандан кийин маалыматтарды андан ары текшерүү;
3) бенефициардык ээсин эсеп ачууга чейин жана аны ачуу процессинде верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана талаптагыдай чараларды көрүү;
4) кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө каттоо;
5) кардардын иши жана анын финансылык абалы тууралуу маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарга, биринчи кезекте, тобокелдиги жогору кардарларга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоо жана жаңылап туруу;
6) кардар менен ишкердик мамиле жөнгө салынган бүтүндөй мезгил ичинде анын иш багытына талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү жана жүргүзүлгөн операцияларынын (бүтүмдөрүнүн) анын иш багытынын маани-маңызына, финансылык абалы жана каражат булагы, ошондой эле кардардын тобокелдигинин мүнөзү жөнүндө маалыматка ылайык келишине талдоо жүргүзүү;
7) банктын ыңгайына жараша кардардын эсеби боюнча ишке ашырылган операцияларга жана башка иш-чараларга көз салууга.
Банк кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүдө тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонууга милдеттүү. Талаптыгыдай текшерүү чараларынын көлөмү кардардын тобокелдик профилин, атап айтканда, тобокелдик деңгээлин, ишкердик мамилелердин максатын, жүргүзүлгөн операциялардын суммасын, ишкердик мамилелердин үзгүлтүксүздүгүн же узактыгын эске алуу менен аныкталууга тийиш.
Банк жогорку тобокелдик аныкталган учурда, кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонууга милдеттүү. Төмөн тобокелдик аныкталган учурда жөнөкөйлөтүлгөн чаралар колдонулушу мүмкүн.»;
- 5-пунктунун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- персоналдык идентификациялык номери (ПИН) бар айдоочунун улуттук үлгүдөгү күбөлүгү кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы күбөлүгү (кардардын банктык эсеби үчүнчү жактар тарабынан, ошондой эле банкта эсеби бар кардарлар тарабынан гана толукталган шартта);
- 8-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 9-пунктундагы:
төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- юридикалык жактын менчигинин түзүмүн жана башкаруу органдарынын түзүмүн жана алардын ыйгарым укуктарын;»;
төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- юридикалык жактын ишинин түрү (мүнөзү).»;
- 11-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«11. Эгерде банкта идентификациялоо процессинде алынган маалыматтын аныктыгына шек пайда болсо, банк кардарды талаптагыдай текшерүүнүн кошумча жана күчөтүлгөн чараларын көрүүнү демилгелеши зарыл, ошондой эле төмөнкү учурларда:»;
9) Жобонун 2-тиркемесинде:
- 3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3. Банк кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын чечими менен бекитилген тобокелдиги жогору өлкөлөрдө (оффшордук аймактарды кошо алганда) катталган банктар, ошондой эле алардын аффилирленген жактары, туунду банктары жана өз алдынча юридикалык жак болуп саналбаган өзүнчө турган бөлүмдөрү менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө укугу жок.»;
- 4-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«4. Обочо турган (жасалма) банктар менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө же аны улантууга банктын укугу жок. Банк ошондой эле, обочо турган (жасалма) банктарга өз эсептерин пайдаланууга мүмкүндүк берген чет өлкө банктары-корреспонденттер менен бүтүмдөргө келишип, операцияларды жүргүзүүгө каршы чараларды көрүшү зарыл.
Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөгү банктар менен корреспонденттик мамилелерди түптөө учурунда, банктын кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча ишке тартылуу тобокелдиги жогорулайт.
Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.»;
- 7-пунктунун үчүнчү, бешинчи, он экинчи, он тогузунчу абзацтарындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибинин:
- 7-пунктунун бешинчи абзацындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоо үчүн берилиши боюнча» нускоонун:
- 10-пунктундагы «террористтик» деген сөздөр «кылмыштуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пунктундагы «экстремисттик иш-аракеттерге,» деген сөздөрдөн кийин «кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо» деген сөздөр менен толукталсын.
13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 1-тиркемесинин 11-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелеринин:
1) 30-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча комплаенс-тобокелдик кызматынын жетекчиси Банктын Директорлор кеңешине, зарылчылыгына жараша, бирок жылына кеминде бир жолу отчет берип турат. Мында аталган кызматтын жетекчиси «Кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында, коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле шектүү операциялардын белгиси бар операцияларды жүргүзүү маселелери боюнча отчет даярдайт.»;
2) 34-пунктунун 10-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«10) банкта Улуттук банктын кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, банкта кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички контролдоо программасын жүзөгө ашыруу;»;
3) 40-пунктунун тогузунчу абзацындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөз менен алмаштырылсын.
15. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун:
1) 1-главасынын үчүнчү, бешинчи абзацтарындагы «террористтик» деген сөздөр «кылмыштуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2, 5, 13, 24, 56, 61, 69-пункттарындагы «террористтик» деген сөздөр «кылмыштуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) Жобого 1-тиркеменин 7-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
16. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык перацияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо:
- Жобонун 1-тиркемесинин 14-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«14. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык типтүү формада түзүлгөн кардардын анкетасы.»
17. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
1) 3-пунктунун:
- он жетинчи жана он сегизинчи абзацтарындагы «террористтик» деген сөздөр «кылмыштуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жыйырма алтынчы абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдиги - банк, анын кардарлары жана өнөктөштөрү мындай ишке байланыштуу процесстерге тартылышынан улам кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарын эрежелерди же стандарттарды бузууга жол берүүнүн натыйжасында дуушарланышы ыктымал болгон тике же кыйыр чыгым тартуу тобокелдиги.»;
2) 90-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«90. Банкта Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигин тескөө боюнча ички документ (саясат) болууга тийиш. Ички документтерде банк ишинин өлчөмүнө жана татаалдыгына жараша кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигин аныктоо, табуу, ага баа берүү, контролдоо жана төмөндөтүү жол-жоболору каралууга, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген минималдуу талаптар бардык банктар тарабынан сакталууга тийиш.»;
3) 91-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«91. Кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигин тескөөнүн негизги максаты - ишкердик абройдун начарлашына, чаралардын жана санкциялардын колдонулушуна, банк активдеринин наркына терс таасирин тийгизген ишкердик мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишине алып келиши ыктымал болгон тобокелдиктерди кыскартуу саналат.»;
4) 92-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«92. Тобокелдиктердин натыйжалуу тескөөгө алынышына жана кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигин кыскартуу боюнча көрүлгөн чараларга баа берүү жыл ичинде кеминде бир жолу ички аудит кызматы тарабынан мындай кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берүүнүн алкагында жүзөгө ашырылууга тийиш.».
18. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 47-пунктунун 4-пунктчасындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
19. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоонун:
1) 4-пунктунун тогузунчу абзацындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 7-пунктунун он сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Банк жетекчиликтин, банктын активдерин жана пассивдерин, кредиттик жана операциялык ишин, комплаенс-контролдоо кызматын тескөөгө жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын, ошондой эле банктын негизги кызматкерлеринин корпоративдик электрондук почта жана башка корпоративдик электрондук маалымат алмашуу каражаттары аркылуу кат алышуусунун резервдик көчүрмөлөрүн түзүү менен 3 (үч) жыл ичинде талаптагыдай корголушун жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү;»;
3) 10-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 11-пунктунун:
- жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- банктын банк мыйзамдарынын, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерине шайкештигин жана сакталышын баалоо;»;
- онунчу абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- банктын банк мыйзамдарында жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген башка милдеттерди жана талаптарды аткаруусу.»;
5) 12-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Максаттуу текшерүүлөр банктын белгилүү бир иш участогуна, мисалы, белгилүү бир продуктка (кредиттик картка), функциясына (ички аудитке) же тобокелдикке (кредиттик тобокелдик, кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги) ж.б.у.с. багытталган.»;
6) 14-пунктундагы биринчи, бешинчи, он үчүнчү абзацындагы «терроризм менен экстремизмди» деген сөздөр «кылмыштуу ишти» деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) Нускоого 1-тиркемеде:
VI Главанын аталышында, 47, 55-пункттарындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
8) Нускоого 6-тиркемеде 1,2,3,4-пункттары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«1) төмөн (1) - орун алышы ыктымал болгон тобокелдик банктын кыйла чыгым тартуусуна же/жана кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги олуттуу өсүшүнө алып келиши ыктымалдуулугу, анча жогору эмес;
2) алгылыктуу (2) - орун алышы ыктымал болгон тобокелдик банктын кыйла чыгым тартуусуна же/жана кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги олуттуу өсүшүнө алып келиши ыктымалдуулугу, орто;
3) олуттуу (3) - орун алышы ыктымал болгон тобокелдик банктын кыйла чыгым тартуусуна же/жана кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги олуттуу өсүшүнө алып келиши ыктымалдуулугу, олуттуу;
4) жогору (4) - орун алышы ыктымал болгон тобокелдик банктын кыйла чыгым тартуусуна же/жана кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги олуттуу өсүшүнө алып келиши ыктымалдуулугу, жогору.».
20. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
1) 2-пунктундагы:
- он сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Комплаенс-тобокелдик - бул, банк жана анын кызматкерлери кызматтарды сунуштоо жана финансы рынокторунда операцияларды жүргүзүү тартибин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, банктын ички документтерин, анын ичинде кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдукту уюштуруу жагында банктын ички документтеринин талаптарын, ошондой эле банк ишине таасирин тийгизген чет мамлекеттердин мыйзамдарын сактабагандыгынын натыйжасында жоготууга дуушарлануу ыктымалдыгы.»;
- жыйырманчы абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги - банк, ошондой эле анын кардарлары жана өнөктөштөрү мындай ишке байланыштуу процесстерге тартылышынан улам, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын, эрежелерди же стандарттарды бузууга жол берүүнүн натыйжасында банк дуушарланышы ыктымал болгон тике же кыйыр чыгым тартуу тобокелдиги.»;
- жыйырма экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси - бул, компетенциясына кеминде банк иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, ички документтеринин (эрежелер, жол-жоболор, ж.б.) талаптарына ылайык келүүсүн контролдоо, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоону уюштуруу милдеттери кирген кызмат адамы.»;
2) 92, 93, 94-пункттары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«92. Банкта Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин тескөө боюнча ички документ болууга тийиш. Ички документтерде банктын иш чөйрөсүнө жана татаалдыгына жараша, кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин аныктоо, табуу, баа берүү, контролдоо жана кыскартуу боюнча жол-жоболор каралууга, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган минималдуу талаптар бардык банктар тарабынан сакталууга тийиш.
93. Кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин жөнгө салуунун негизги максаты - аброй жоготууга, чаралардын жана санкциялардын колдонулушуна, банктын активдеринин наркына терс таасирин тийгизген ишкердик мүмкүнчүлүктөрдү чектөөгө алып келиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди кыскартуу саналат.
94. Тобокелдиктерди жөнгө салуунун жана кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин кыскартуу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна баа берүү ички аудит кызматы тарабынан жыл ичинде кеминде бир жолу кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүүнүн алкагында ишке ашырылууга тийиш.».
21. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун:
1) 3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу операциялардын жүргүзүлүшүнө бөгөт коюу максатында, банктар өз иш чөйрөсүнүн татаалдыгына жана масштабына жараша, анын ичинде кардар менен түздөн-түз байланышуусуз эле, аралыктан туруп ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) боюнча милдеттүү түрдө жана толугу менен сакталууга тийиш болгон ички контролдоо саясаттарын жана жол-жоболорун иштеп чыгууга милдеттүү.»;
2) 9-пунктунун:
- жыйырма бешинчи абзацындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
- жыйырма жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Санкциялык тизмектер - Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги.»;
3) 21-1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«21-1. Эгерде эсеп ачууда же эсеп боюнча операцияларды ишке ашырууда банкта операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) тиешеси бар катары шектенүүлөр пайда болсо, банк төмөнкү чараларды колдонууга тийиш:
- кандай гана артыкчылыктар болбосун же чектүү маанилер белгиленбесин кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо;
- ишкердик мамилелерге же кардардын жана/же ага байланыштуу адамдардын операцияларына (бүтүмгө) ар тараптуу талдоо жүргүзүү жана ишкердик мамилени же операцияны (бүтүмдү) шектүү катары таануу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото туруу жана операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү деп таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү жөнөтүү;
- кардар менен ишкердик мамиле убактылуу же толугу менен токтотулсун.
Шектүү операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жана шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото туруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.»;
4) 21-3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«21-3. Банк кардар менен ишкердик мамилелерди түзүүгө чейин жана жүзөгө ашыруу процессинде жана/же кардардын кайсы болбосун операциясын (бүтүмүн) жүзөгө ашырууга чейин кардардын, кардардын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, бенефициардык ээсинин жана кардардын контрагентинин идентификациялык маалыматтарын Санкциялык тизмектерде бар же жок экендиги боюнча текшерүүгө милдеттүү.
Эгерде кардар, кардардын ыйгарым укуктуу өкүлү, бенефициардык ээси жана кардардын контрагенти боюнча анын террористтик же экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды жайылтууга, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), кылмыш жасоо жана уюшкан топко же кылмыштуу коомдоштукка катышуу же ага башкача көмөк көрсөтүү үчүн аталган топту же коомдоштукту түзүүгө же жетектөөгө катышкандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык алынган маалыматтар болсо, банк кардарга алдын ала билдирүүсүз эле, Санкциялык тизмектерге киргизилген кардардын операциясына (бүтүмүнө) жана/же каражаттарына дароо бөгөт коюуга жана бөгөт коюлган учурдан тартып 3 (үч) саат ичинде ал тууралуу финансылык чалгындоо органына, анын ичинде Санкциялык тизмектерге киргизилген жеке адамдар жана юридикалык жактар, топтор, уюмдар тарабынан операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүү аракети жөнүндө билдирүү жөнөтүүгө тийиш.
Операцияга (бүтүмгө) жана (же) каражаттарга бөгөт коюу жана бөгөттөн чыгаруу тартиби, ошондой эле бөгөт коюлган каражаттарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү, бөгөт коюлган каражаттарды башкаруу жана аларды сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.»;
5) 21-4-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Санкциялык тизмектерге киргизилген, террористтик ишти, экстремисттик ишти жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же ага катыштыгы бар экендиги тууралуу маалыматтар бар жана аныкталган жактын операцияларына (бүтүмдөрүнө) жана (же) каражаттарына белгисиз мөөнөткө бөгөт коюлат.
Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген, алар боюнча кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыш жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү же бул топко же коомдоштукка катышууну же бул топко же коомдоштукка башкача жардам көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же жүзөгө ашырууга (жасоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жана аныкталган жактын операцияларына (бүтүмдөрүнө) жана (же) каражаттарына Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык мүлккө арест коюу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин бөгөт коюлат.»;
6) 24-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«24. Эсеп ачууда банк кардардын өз кызыкчылыгында же бенефициардык ээсинин кызыкчылыгында иш алып барып жатканын аныктоого тийиш. Эгерде кардар бенефициардык ээсинин (ээлеринин) кызыкчылыгында иш алып барса, банк мындай адамдарды, ошондой эле номиналдык функцияларды аткарган адамдарды идентификациялоого тийиш. Банк кардардан жогоруда көрсөтүлгөн адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык сурап алууга тийиш.»;
7) 42-пунктунун:
- 1-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы «каттоодон өткөн жери» деген сөздөрдөн кийин «(юридикалык дареги)» деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- чыныгы жайгашкан жеринин дареги;»;
8) Нускоого карата 1-тиркеменин:
- 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«1. «Өз кардарыңды бил» саясаты кардарларды талаптагыдай текшерүү тартибин аныктайт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) банктык эсепти, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачууда кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жол-жобосун;
Банк кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоого милдеттүү.
Кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык анкета толтурулат;
2) ушул Нускоодо каралган учурларда кардарды банктык эсепти ачууга чейин жана эсеп ачуу процессинде верификациялоо, ошондой эле эсеп ачылгандан кийин маалыматтарды андан ары текшерүү;
3) бенефициардык ээсин эсеп ачууга чейин жана аны ачуу процессинде верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана талаптагыдай чараларды көрүү;
4) кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө каттоо;
5) кардардын иши жана анын финансылык абалы тууралуу маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарга, биринчи кезекте, олуттуу тобокелдиктеги кардарларга карата талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоо жана жаңылап туруу;
6) кардар менен ишкердик мамиле жөнгө салынган бүтүндөй мезгил ичинде анын иш багытына талаптагыдай текшерүүнү туруктуу негизде жүргүзүү жана жүргүзүлгөн операцияларынын (бүтүмдөрүнүн) анын иш багытынын маани-маңызы, финансылык абалы жана каражат булагы, ошондой эле кардардын тобокелдигинин мүнөзү жөнүндө маалыматка ылайык келишине талдоо жүргүзүү;
7) банктын ыңгайына жараша кардардын эсеби боюнча ишке ашырылган операцияларга жана башка иш-чараларга көз салуу.
Банк кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүдө тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонууга милдеттүү. Талаптагыдай текшерүү чараларынын көлөмү кардардын тобокелдик профилин, атап айтканда, тобокелдик деңгээлин, ишкердик мамилелердин максатын, жүргүзүлгөн операциялардын суммасын, ишкердик мамилелердин үзгүлтүксүздүгүн же узактыгын эске алуу менен аныкталууга тийиш.
Банк жогорку тобокелдик аныкталган учурда кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонууга милдеттүү. Төмөн тобокелдик аныкталган учурда жөнөкөйлөтүлгөн чаралар колдонулушу мүмкүн.»;
- 5-пункттун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- персоналдык идентификациялык номери (ПИН) бар айдоочунун улуттук үлгүдөгү күбөлүгү кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы күбөлүгү (кардардын банктык эсеби үчүнчү жактар тарабынан, ошондой эле банкта эсеби бар кардарлар тарабынан гана толукталган шартта);»;
- 8-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 9-пунктундагы:
төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- юридикалык жактын менчигинин түзүмүн жана башкаруу органдарынын түзүмүн жана алардын ыйгарым укуктарын;»;
төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- юридикалык жактын ишинин түрү (мүнөзү).»;
- 11-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«11. Эгерде банкта идентификациялоо процессинде алынган маалыматтын аныктыгына шек пайда болсо, ошондой эле төмөнкү учурларда банк кардарды талаптагыдай текшерүүнүн кошумча жана күчөтүлгөн чараларын көрүүнү демилгелеши зарыл:»;
9) 3-тиркеменин:
- 3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3. Банк кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын чечими менен бекитилген жогору тобокелдиктеги өлкөлөрдө (оффшордук аймактарды кошо алганда) катталган банктар, ошондой эле алардын аффилирленген жактары, туунду банктары жана юридикалык жак болуп саналбаган өзүнчө турган бөлүмдөрү менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө укугу жок.»;
- 4-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«4. Обочо турган банктар менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө же аны улантууга банктын укугу жок. Банк ошондой эле, обочо турган банктарга өз эсептерин пайдаланууга мүмкүндүк берген чет өлкө банктары-корреспонденттер менен бүтүмдөргө келишип, операцияларды жүргүзүүгө каршы чараларды көрүшү зарыл.
Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдө банктар менен корреспонденттик мамилелерди түптөө учурунда, банктын кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча алгылыксыз ишке тартылышы тобокелдиги банкта жогорулайт.
Жогору тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.»;
- 8-пунктундагы:
үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- корреспонденттик мамилелер жөнүндө келишимде кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ишке ашырылган чаралар боюнча тараптардын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын белгилөө;»;
бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында банк-корреспондент тарабынан көрүлүп жаткан чараларга талдап-иликтөөлөрдү, анын ичинде банктын кызматкерлери менен баарлашуу учурунда алынган маалыматтардын негизинде;»
он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- жалпыга жеткиликтүү маалыматынын негизинде банк-корреспонденттин аброюна баа берүү жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган көзөмөл органынын болушун аныктоо;»;
он тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Корреспонденттик мамилелер түзүлгөндөн кийин банк ушул пунктта көрсөтүлгөн маселелер боюнча банк-корреспондент жөнүндө маалыматтарга көз салып турууга тийиш. Банк банк-корреспондент тарабынан кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чаралар аткарылбагандыгын аныктаган учурда, тиешелүү чараларды, корреспонденттик мамилелерди токтотууга чейинки чараларды көрүүгө тийиш.».
22. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
1) аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо»;
2) 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«1. Бул Жобо кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү (мындан ары - ПФПД/ЛПД), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүүгө бөгөт коюу максатында, коммерциялык банктарда, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, «ислам терезесине» ээ банктарда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларда, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКта, турак жай-сактык кредиттик компанияларда (мындан ары - банктар) ички контролдукту уюштуруу боюнча минималдуу талаптарды аныктоо максатында иштелип чыккан.»;
3) 2-пунктундагы «ПФТД/ЛПД» аббревиатуралары «ПФПД/ЛПД» аббревиатураларына алмаштырылсын;
4) 3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3. Ушул жобонун максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) Бенефициардык ээси - түпкүлүгүндө келип (ээлик кылуу жана контролдоо аркылуу) тике же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээ болгон же кардарды контролдукка алган жеке адам же болбосо анын атынан же анын таламында операция жүргүзгөн (бүтүмгө келишкен) жеке адам.
2) Жакын туугандары (ата-эне, асырап алуучулар, асыранды балдар, аталаш (энелеш) ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата, таята, чоң эне, таяне, неберелер, эгерде алардын жашап туруу, билим алуу, саламаттык сактоо жана башка зарыл болгон чыгымдарын жабуу боюнча финансылык чыгашаларына коомдук кызмат адамы жооп берсе).
3) Верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу.
4) Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар.
5) Контролдукка алынып жана ал боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларды аныктоо - бул, банкта ПФПД/ЛПД максатында ички контролдукту уюштуруу баскычы. Анда контролдукка алынып жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ал тууралуу финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш болгон операцияларды аныктоо процесси камтылат.
6) ПФПД/ЛПД боюнча кызмат адамы - банкта ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында дайындалган, идентификацияланууга, верификацияланууга, аныкталууга, катталууга тийиш болгон бардык маалыматтарды топтоп, аларды финансылык чалгындоо органына берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон кызмат адамы.
Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы өз функцияларын дароо аткаруу максатында анын карамагында иштеген кызматкерлерге ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө укуктуу. Мындай учурда кызмат адамы өз функцияларын талапка ылайык аткаруу жоопкерчилигинен бошотулбайт.
7) Идентификация - бул, кардар жана/же бенифициардык ээсине тиешелүү идентификациялык маалыматтарды аныктоо жол-жобосу.
8) Акча каражаттарынын келип чыгуу булагы - бул кардар менен банктын ортосундагы ишкер мамилелердин предмети болуп саналган белгилүү бир акча каражаттарынын же активдердин келип чыгышы жөнүндө маалыматтар. Алынган маалыматта бул каражаттарды же активдерди алуунун же сатып алуунун булагы жана/же негиздери көрсөтүлүүгө жана мазмундуу болууга тийиш.
9) Башка мүлктүн келип чыгуу булагы – бул коомдук кызмат адамынын жалпы мүлкүнүн келип чыгышы жөнүндө маалыматтар (кардарга таандык бардык активдерди түзүү булагы). Алынган маалыматтар кардардын финансылык абалы жана кардар аны кантип алгандыгы жөнүндө маалыматтарды чагылдырат.
10) Кардар - банктын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо банк алар менен ишкердик мамиле түзүп жаткан же түзгөн жеке адам же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык түзүм.
11) Финансылык чалгындоо органы - кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.
12) Шектүү операция (бүтүм) - төмөнкү белгилерге туура келген операция (бүтүм);
а) эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
б) эгер каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоого байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо:
- террористтерди жана экстремисттерди;
- террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду);
- террористтик жана экстремисттик ишти;
- массалык кыргын салуучу куралды таратуу;
- уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктардын.
Операциянын (бүтүмдүн) шектүү экендиги, кардардын жана бенефициардык ээсинин акча каражаттары же башка мүлкү менен ишке ашырылган операциялар ПФПД/ЛПД боюнча мыйзамдардын алкагында ПФПД/ЛПД жагында иш алып барган кызмат адамы тарабынан аныкталат.
13) Ички контролдук программасы - Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарын аткаруу максатында банк тарабынан колдонулган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системасы.
14) Таанымал кызмат адамы - төмөндө келтирилген жеке адамдардын бири:
а) чет өлкөлүк таанымал кызмат адамы - чет мамлекетте олуттуу мамлекеттик же саясий милдеттерди аткарган же аткарып жаткан адам (мамлекет же өкмөт башчысы, өкмөттө, соттордо, куралдуу күчтөр түзүмүндө, мамлекеттик органдарда, ишканаларда же мекемелерде жогорку кызматтарды ээлеген адам, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);
б) улуттук таанымал кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган, республикада саясий жана атайы мамлекеттик кызматтарды ээлеп келген же аркалап жаткан адамдар, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жетекчилери, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери
в) эл аралык уюмдардын таанымал кызмат адамдары - эл аралык уюмдардын маанилүү милдеттерин аткаруу аларга ишенип берилген же ыйгарылган жогорку кызмат адамдары (эл аралык уюмдардын жетекчилери, жетекчилердин орун басарлары, уюмдардын башкармасынын мүчөлөрү же эл аралык уюмдарда ошондой эле кызматтарды ээлеген адамдар.
15) Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма - келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөөгө алуу жагында белгиленген жол-жоболорго (тобокелдикти аныктоо, аларга баа берүү, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана деңгээлин басаңдатуу) ылайык тобокелдик жогору деңгээлде орун алган болсо, аларга карата чараларды күчөтүү же тобокелдик деңгээли төмөн болсо, жөнөкөйлөтүлгөн чараларды колдонуу.
16) Санкциялык тизмектер - Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги.
Санкциялык тизмектерди түзүү жана жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 «Кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө» жободо каралган.
17) Максаттуу финансылык санкциялар - Cанкциялык тизмектерге киргизилген жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын кайсы гана болбосун операцияларына (бүтүмдөрүнө) жана (же) каражаттарына бөгөт коюу жана (же) мындай жактарга, топторго жана уюмдарга кайсы гана болбосун каражаттарды же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүнү (түз же кыйыр) чектөө.
«Экстремисттик иш-аракеттер» түшүнүгү Кыргыз Республикасынын «Экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамында камтылган нормаларга ылайык келет.
«Ислам банкы», «Ислам терезесине» ээ банк, «ислам банк иши жана каржылоо принциптери», «Шариат стандарттары», «Шариат кеңеши» - бул терминдер (атоолор) Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамындагы жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы түшүнүктөргө ылайык келет.
Бул иш багытында колдонулган башка түшүнүктөр ушул главада чагылдырылган негизги түшүнүктөргө каршы келбөөгө тийиш.»;
5) 3, 4, 5, 6-главалардын аталыштарындагы «ПФТД/ЛПД» деген аббревиатуралар «ПФПД/ЛПД» деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
6) 4, 6, 7, 11, 13, 15, 16, 18, 20, 21, 22, 24, 25, 26, 32, 40, 47, 50-пункттарында «ПФТД/ЛПД» аббревиатуралары «ПФПД/ЛПД» деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
7) 5-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
8) 8-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«8. ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдоо программасы банктын ички контролдоо системасынын бир бөлүгү болуп саналат жана банкта төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылууга тийиш:
1) чечимдерди кабыл алуу боюнча кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин, ПФПД/ЛПД процессине тартылган жактар менен бөлүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана отчеттуулукту белгилөөгө багытталган ички контролдоону уюштуруу;
2) террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтуу, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, тескөө, азайтуу жана документтештирүү боюнча чараларды көрүү (мындан ары – ФПД/ЛПД тобокелдиги);
3) ФПД/ЛПД тобокелдиктерин баалоону актуалдуу абалда кармап туруу (жылына кеминде бир жолу) жана тобокелдиктерди баалоо жөнүндө маалыматты Улуттук банкка жана финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берүү (зарыл болгон учурда);
4) ФПД/ЛПД тобокелдиктерин баалоодо тобокелдиктердин бардык факторлорун кароо, андан кийин тобокелдиктин жалпы деңгээлин жана аны азайтуу боюнча чараларды аныктоо;
5) Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, ФПД/ЛПД тобокелдиктерин азайтууну натыйжалуу башкарууну камсыз кылган, ошондой эле өлкө деңгээлинде жана/же тиешелүү сектордо аныкталган тобокелдиктер эске алынган ички ченемдик документтердин болушу;
6) контролдоо каражаттарын колдонууга мониторинг жүргүзүү, зарыл болгон учурда аларды кеңейтүү жана аныкталган ФПД/ЛПД жогорку тобокелдиктерин тескөө жана азайтуу боюнча чараларды көрүү;
7) кардарларды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү, анын ичинде:
- кардарды идентификациялоо жана верификациялоо (бир жолку жана туруктуу);
- кардар менен ишкердик мамилелердин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө маалымат алуу;
- бенефициардык ээсин идентификациялоо жана анын ичинде юридикалык жактар (чет өлкөлүк трасттар жана башкалар) болуп саналган кардарлардын бенефициардык ээсин верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана талапка ылайык чараларды көрүү;
- кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), шектүү операциялардын белгилери бар операцияларды жүргүзүү максатында, пайдалануу тобокелдигине көбүрөөк дуушар болгон кардарлардын операцияларын идентификациялоо жана верификациялоо;
- кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), шектүү операциялардын белгилери бар операцияларды жүргүзүү максатында, пайдалануу тобокелдигине көбүрөөк дуушар болгон бардык банктык продуктулар жана кызматтар боюнча банктын операцияларын идентификациялоо жана верификациялоо;
- кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө каттоого алуу;
- кардардын иши жана анын финансылык абалы жөнүндө маалыматты жана документтерди, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоо жана жаңылоо;
- кардар менен ишкердик мамилелердин бүткүл мезгили ичинде кардарды туруктуу негизде талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү жана кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) анын ишинин мазмуну, финансылык абалы жана каражаттардын булагы жөнүндө, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктеринин мүнөзү жөнүндө маалыматка шайкештигин талдоо.
Кардарды талаптагыдай талаптагыдай текшерүү боюнча жогоруда көрсөтүлгөн чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте, ошондой эле тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыгын эске алуу менен колдонулат.
8) кардардын ишинде контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операцияларды аныктоо;
9) финансылык чалгындоо органынын талаптарына ылайык, кардардын шектүү операцияларды жүзөгө ашыруусуна шектенүүнүн негиздүүлүгүн ырастоо же четке кагуу үчүн, кардардын ишинде шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды аныктоо;
10) потенциалдуу кардарларга жана банк-корреспонденттерге эсеп ачуудан баш тартуу, ошондой эле кардарлардын эсептерин тейлөөнү жана банктар менен корреспонденттик мамилелерди токтотуу тартибин жана негизин белгилөө;
11) Санкциялык тизмекке киргизилген адамдарга карата операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу.
Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Операцияны (бүтүмдү) токтото туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды колдонуу;
13) финансылык чалгындоо органына контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматты жана документтерди, ошондой эле билдирүүлөрдү өз убагында берүү;
14) операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматты сактоону камсыз кылуу;
15) маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу;
16) банктын иши жөнүндө, анын ичинде кардарлардын операциялары жөнүндө ыкчам, анык жана толук маалымат берүүнү камсыз кылуучу маалымат системаларын банкка киргизүү;
17) банк тарабынан Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД маселелери боюнча мыйзамдарынын сакталышын туруктуу камсыз кылууга контролдукту жана мониторингди белгилөө;
18) иши жогорку тобокелдикке дуушар болгон банктын кызматкерлерине (кассирлер, кредиттик инспекторлор, банктын операциялык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ж.б.) контролдукту белгилөө, банктын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык нускоолорунда ПФПД/ЛПД боюнча саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларын жана милдеттерин чагылдыруу;
19) ички контролдоо программасынын жана банктын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү ички документтеринин колдонулушуна мониторинг жүргүзүү жана зарыл болгон учурда аларды өркүндөтүү;
20) Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу.»;
9) 9-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«9. ПФПД/ЛПД максатында банктар ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык ички контролду уюштуруу саясатын иштеп чыгууга милдеттүү, аны банктын Директорлор кеңеши бекитүүгө тийиш. Бул саясат банктын ички контролдоо системасын уюштуруунун жалпы саясатынын бир бөлүгү болуп саналат.
ПФПД/ЛПД максатында ички контролдоону уюштуруу саясатында банктын ПФПД/ЛПД боюнча ички системасын түзүү принциптери аныкталууга тийиш.»;
10) 10-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«10. Банк өзүнүн филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин аймагында иш жүргүзгөн туунду жана көз каранды коомдору тарабынан ички контролдоо программаларын иштеп чыгып, ишке ашырылышын камсыз кылууга тийиш.
Эгерде чет мамлекеттин мыйзамдары ички контролдоо программаларын жана Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын колдонууга мүмкүндүк бербесе, банктын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле туунду жана көз каранды коомдору тобокелдиктерди тескөө боюнча зарыл чараларды көрүшөт жана бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына билдиришет.»;
11) 14-пунктунун:
- биринчи, үчүнчү, төртүнчү абзацтарындагы «ПФТД/ЛПД» аббревиатуралары «ПФПД/ЛПД» аббревиатуралары менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
12) 17-пунктунун:
- биринчи, үчүнчү, төртүнчү абзацтарындагы «ПФТД/ЛПД» аббревиатуралары «ПФПД/ЛПД» аббревиатуралары менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
13) 19-пунктунун:
- биринчи абзацындагы «ПФТД/ЛПД» аббревиатурасы «ПФПД/ЛПД» аббревиатурасына алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
- жетинчи абзацындагы «Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606» деген сөздөр «Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739» сөздөргө алмаштырылсын.
14) 23-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«23. ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы, алдыңкы кеңсе кызматкерлери, ошондой эле банктын ушул багыт боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан башка кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Ички контролдоо программасына карата жалпы талаптар жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык, жылына кеминде бир жолу окутуудан (кайра даярдыктан) өткөрүлүп турууга тийиш.»;
15) 7- главанын аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«7-глава. Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды талаптагыдай текшерүү»;
16) төмөнкү мазмундагы 27-1, 27-2, 27-3-пункттар менен толукталсын:
«27-1. Банк кардарды жана бенефициардык ээсин Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте талаптагыдай текшерүүдөн өткөрөт.
27-2. Банк кардарды (туруктуу, ошондой эле бир жолку, жеке адамды да, юридикалык жакты да) Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү.
Эгерде кардардын атынан же тапшырмасы боюнча ишеним көрсөтүлгөн адам иш алып барса, банк бул адамды идентификациялоого жана верификациялоого, ошондой эле бул адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган тиешелүү документтерди текшерүүгө милдеттүү.
Банк кардардын анкеталарында каралган маалыматтардын аныктыгын ишенимдүү булактардан алынган маалыматты жана документтерди колдонуу менен текшерүү аркылуу кардарды верификациялоого милдеттүү.
Банк кардарды верификациялоону ишкердик мамилелерди түзүүгө/бир жолку операцияны жүргүзүүгө чейин жана анын жүрүшүндө жүргүзүүгө милдеттүү.
Кардарды (жеке адамды жана юридикалык жакты) идентификациялоодо жана верификациялоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык анкета толтурулат.
27-3. Банктар банктын юридикалык жак болгон кардарынын бенефициардык ээлерин идентификациялоого жана бенефициардык ээсинин (ээлеринин) ким экенин так биле тургандыгына ынануу максатында, аларды верификациялоо үчүн тиешелүү маалыматты же ишенимдүү булактан алынган маалыматтарды колдонуу менен бенефициардык менчик ээлеринин инсандыгын текшерүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Бул талапты аткаруу үчүн банктар юридикалык жактын үлүшүнүн (акцияларынын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык ээлерин аныктоого милдеттүү.
Эгерде үлүштүн (акциялардын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык ээлери жок болсо, же бенефициардык менчик ээсинин үлүшүнүн (акцияларынын) өлчөмү боюнча күмөн саноолор болсо, же акциялардын контролдук пакетине ээ болгон жак (жактар) кардардын -юридикалык жактын чыныгы бенефициардык менчик ээси (ээлери) болуп саналабы деген күмөн саноолор болсо, банктар юридикалык жакты же түзүмдү башка ыкмалар аркылуу контролдоону ишке ашыруучу бенефициардык менчик ээсин (ээлерин) аныктоого милдеттүү.
Чектелген учурларда, эгерде үлүштүн (акциялардын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык менчик ээлери иш жүзүндө жок болсо жана башка каражаттар аркылуу контролдоону ишке ашыруучу бенефициардык менчик ээлери жок болгон учурда, банктар юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген позицияларынын эсебинен кардардын - юридикалык жактын иш-аракеттерин контролдоого мүмкүнчүлүгү бар жеке адамды (жеке адамдарды) аныктоого милдеттүү (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруучулук контролду ишке ашырат, финансылык маселелер боюнча чечим кабыл алат). Бул учурда бенефициардык менчик ээсинин анкетасы бул жак үчүн толтурулат.
Эгерде юридикалык жактын менчигинин түзүмүндө чет өлкөлүк трасттар же башка юридикалык түзүлүштөр болсо, банктар бул юридикалык түзүлүштөрдүн бенефициардык менчик ээлерин аныктоого милдеттүү. Банктар бенефициардык ээсин идентификациялоодо жана текшерүүдө/верификациялоодо (юридикалык түзүлүш болуп саналган кардарларга карата) төмөнкү маалыматты кошумча колдонушат:
- трасттар боюнча: ишеним көрсөтүүчүнүн, ишеним көрсөтүлгөн адамдын, камкорчунун (эгерде бар болсо), бенефициарлардын же бенефициарлар тобунун жана трастты иш жүзүндө контролдогон башка жеке адамдын жеке маалыматтары;
- юридикалык түзүлүштөрдүн башка түрлөрү боюнча: эквиваленттүү кызматтарды ээлеген адамдардын жеке маалыматтары.
Бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо учурунда анкета Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык толтурулат.
Эгерде кардардын бенефициардык менчик ээси бир нече жеке адам болуп, алардын ар биринин үлүшү (акциясы) 25%дан ашык болсо жана/же башка каражаттар аркылуу контролдоону жүзөгө ашырса, анда анкета ар бир ушундай адамга толтурулат.
Бенефициардык менчик ээсинин анкетасына кардардын - юридикалык жактын менчигинин (башкаруу) түзүмүнүн схемасын тиркөө зарыл, анда аралык юридикалык жактарды, түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) үлүштөрдүн (акциялардын) 25%дан ашыгына ээлик кылган акыркы менчик ээлерине – жеке адамдарга чейин, ошондой эле уюштуруучулар - юридикалык жактар менен бенефициардык менчик ээсинин ортосундагы өз ара байланыш деңгээли каралат. Менчик түзүмүнүн схемасы башка каражаттар аркылуу контролдоону жүзөгө ашырган бенефициардык менчик ээлерине тиешелүү маалыматты да чагылдырууга тийиш жана мындай бенефициардык менчик ээлеринин бул контролдоону кандайча жүзөгө ашырарын түшүндүрүшү зарыл. Эгерде юридикалык жактын менчигинин түзүмүндө чет өлкөлүк трасттар же башка юридикалык түзүлүштөр болсо, алар да схемада чагылдырылышы зарыл.
Банк кардардын ишинин мүнөзүн, ошондой эле анын менчигинин (башкаруу) түзүмүн түшүнүүгө милдеттүү.»;
17) 28-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«28. Банк кардар менен ишкердик мамилелердин бүткүл мезгилинде кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын тобокелдикти аныктоого багытталган мамилени пайдалануу менен колдонууга милдеттүү.
Талаптагыдай текшерүү чараларынын көлөмү кардардын тобокелдик профилин жана ишкердик мамилелердин масштабын, атап айтканда, тобокелдик деңгээлин, ишкердик мамилелердин максатын, жүргүзүлгөн операциялардын суммасын, ишкердик мамилелердин үзгүлтүксүздүгүн же узактыгын эске алуу менен аныкталууга тийиш.
Банк жогорку тобокелдик аныкталган учурда кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонууга милдеттүү. Төмөн тобокелдик аныкталган учурда жөнөкөйлөтүлгөн чаралар колдонулушу мүмкүн.»;
18) 30,31-пункттарында «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
19) 33-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«33. Тобокелдик төмөнкү деңгээлде экендиги аныкталган шартта банк кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн төмөнкүдөй жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонот:
1) ишкердик мамилелердин максатына жана мүнөзүнө тиешелүү жалпы маалыматтарды алуу;
2) кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоочу маалыматтарды жаңылап туруу аралыгын кыскартуу;
3) банк тарабынан аныкталган лимиттин негизинде операцияларды (бүтүмдөрдү) текшерүүдөн өткөрүү автоматташтырылган системасын колдонуу менен кардарлардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) кыскартылган формада мониторинг жүргүзүү.
Кардар кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) ишин жүзөгө ашыргандыгы боюнча шектенүүлөр бар болсо, тобокелдиктерди тескөө жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды колдонууга жол берилбейт.»;
20) 34-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«34. Чет өлкөлүк коомдук кызмат адамдарын тейлөөдө банк кардарларды талаптагыдай текшерүү боюнча белгиленген чараларды колдонуудан тышкары, төмөнкү кошумча чараларды колдонууга тийиш:
1) кардар же бенефициардык менчик ээси коомдук кызмат адамы болуп саналабы же жокпу аныктоо үчүн инструменттерди колдонуу;
2) коомдук кызмат адамы менен ишкердик мамилелерди түзүү же улантуу (учурдагы кардарлар үчүн), ошондой эле коомдук кызмат адамы тарабынан талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүнү талап кылган суммага бир жолку операцияны ишке ашырууда банк Башкармасынын жазуу жүзүндөгү уруксатын алуу;
3) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамынын акча каражаттарынын жана башка мүлкүнүн келип чыгуу булагын аныктоо;
4) жогорку тобокелдиктеги кардарлар үчүн белгиленген тартипте чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы тарабынан ишке ашырылган операцияларды (бүтүмдөрдү) кошо алганда, ишкердик мамилелерге туруктуу жана терең мониторинг жүргүзүү;
5) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамдары жөнүндө болгон маалыматты туруктуу негизде жаңылап туруу.
Банк жогоруда көрсөтүлгөн чараларды чет өлкөлүк коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) карата колдонууга тийиш.»;
21) төмөнкү мазмундагы 34-1-пункт менен толукталсын:
«34.1. 34-пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн чаралар улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) карата колдонулат.»;
22) 35-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«35. 34-пункттун 2-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн чаралар улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) мындай адамдар менен ишкердик мамилелердин жогорку тобокелдиги аныкталган учурда колдонулат.»;
23) 36-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«36. Кардардын улуттук коомдук кызмат адамы экендиги аныкталган шартта банк алынган маалыматтарды финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген коомдук адамдардын анкетасынын формасына ылайык электрондук форматта каттайт.»;
24) 38, 39, 41, 43, 46-пункттарда «террористтик» деген сөздөр «кылмыштуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
25) төмөнкү мазмундагы 39-1-пункт менен толукталсын:
«39-1. Банк кардарды талаптагыдай текшерүүнү үзгүлтүксүз негизде жүргүзүүгө милдеттүү, анда төмөнкүлөр камтылат:
1) кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) кардар жөнүндө маалыматка, чарбалык ишинин мүнөзүнө жана түрүнө, кардардын финансылык абалына, каражаттардын, мүлктүн, активдердин келип чыгуу булагына, кардар жана анын операциялары менен байланышкан тобокелдиктердин деңгээлине жана мүнөзүнө тиешелүү маалыматка ылайык келүүсү боюнча кылдат талдоо жүргүзүү;
2) кардар жөнүндө маалыматтын аныктыгын жана толуктугун үзгүлтүксүз текшерүү, ошондой эле, биринчи кезекте, тобокелдиги жогору кардарларга карата маалытты өз убагында жаңыртуу аркылуу, кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматты жана документтерди актуалдуу абалда жана тиешелүү түрдө сактоо.»;
26) төмөнкү мазмундагы 39-2-пункт менен толукталсын:
«39-2. Эгерде банк кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, банк ишкердик мамилелерди түзбөшү керек, операцияны жүргүзбөшү, ишкердик мамилелерди токтотушу зарыл жана кардарды тейлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде финансылык чалгындоо органына белгиленген тартипте тиешелүү билдирүү жөнөтүүгө тийиш.
Эгерде банк кардарды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү шектенүүлөр келип чыккандыгы жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгышына алып келет деп ишенсе, банк тарабынан кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чаралар көрүлбөйт, шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото турат жана финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү жөнөтөт.»;
27) төмөнкүдөй мазмундагы 39-3-пункт менен толукталсын:
«39-3. Эгерде кардар менен ишкердүү мамилелерди түзүү убагында же ишкердик мамилелерди түзүүнүн жүрүшүндө, же бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуулугуна шектенүүлөр пайда болсо, банк төмөнкү чараларды көрүүгө тийиш:
1) кандай болбосун өзгөчө жагдайларга же белгиленген чектүү маанилерге карабастан, кардарга жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо;
2) ишкердик мамилелерге же операцияга (бүтүмгө) ар тараптуу талдоо жүргүзүү жана ишкердик мамилелерди же операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото туруу жана белгиленген тартипте операция (бүтүм) шектүү деп таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүү;
4) кардар менен ишкердик мамилелерди токтото туруу же токтотуу.
Эгерде банк кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүдө пайда болгон шектенүүлөр жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгышына алып келе тургандыгына ынанса, банк кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын колдонбойт, шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото турат жана шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.»;
28) 42-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«42. Акча каражаттары же башка мүлк менен операция (бүтүм) контролдонууга жана финансылык чалгындоо органына билдирилүүгө тийиш.
Контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операцияларга (бүтүмдөргө) төмөнкү операциялар (бүтүмдөр) кирет:
- шектүү операциялар (бүтүмдөр);
- жогору тобокелдиктеги өлкөлөрдөн жеке адамдар же юридикалык жактар менен ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр). Жогору тобокелдиктеги өлкөлөрдөн жеке адамдар же юридикалык жактар менен ишке ашырылган, финансылык чалгындоо органына билдирилүүгө тийиш болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат;
- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы, ошондой эле мындай ишти каржылагандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке адам тарабынан ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр);
- накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен чектүү суммага барабар же андан ашкан суммага жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр).
Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги жана алардын чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.»;
29) 44-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«44. Банк кардар, кардардын ыйгарым укуктуу өкүлү, бенефициардык ээси жана кардардын контрагенти боюнча террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыш жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү же бул топко же коомдоштукка катышууну же бул топко же коомдоштукка башкача жардам көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же жүзөгө ашырууга (жасоого) катышкандыгы тууралуу Санкциялык тизмектерге киргизилген маалыматтар бардыгын текшерүү максатында бардык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.»;
30) 45-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«45. Банктын ПФПД/ЛПД боюнча саясатын ишке ашырууга катышкан, анын ичинде кардарларды идентификациялаган жана банктын саясаты жана жол-жоболору менен аныкталган тартипке ылайык шектүү операциялардын белгилери бар операцияларды аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери, ПФПД/ЛПД боюнча кызмат адамына шектүү операциялардын белгилерин камтыган бардык аныкталган операциялар жөнүндө маалымдоого тийиш.»;
31) 48-пунктундагы «накталай» деген сөздөн кийин «жана накталай эмес» деген сөздөр менен толукталсын;
32) 49-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«49. Банк маалыматтардын төмөнкү мөөнөттөрдө жөнөтүлүшүн камсыз кылууга тийиш:
1) шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү - операциялар (бүтүмдөр) белгиленген тартипте шектүү катары таанылгандан кийинки 5 (беш) саат ичинде;
2) олуттуу тобокелдиктер орун алган өлкөнүн жеке адамдары же юридикалык жактары менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөр - мындай операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылган күндөн кийин 2 (эки) жумуш күнү ичинде;
3) кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы, ошондой эле мындай иш-аракеттерди каржылагандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке адамдар менен ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөр - мындай операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылган күндөн кийин 2 (эки) жумуш күнү ичинде;
4) накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен операцияларга (бүтүмдөргө) тиешелүү билдирүүлөр мындай операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылган күндөн кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде.
Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги жана алардын чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Жогоруда белгиленген билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык финансылык чалгындоо органына жөнөтүлөт.»;
33) 51-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«51. Кардар, бенефициардык менчик ээси жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат жана документтер, анын ичинде иш боюнча кат алышуулар, ошондой эле кардардын операциялары (бүтүмдөрү) жөнүндө, ар кандай жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары жана ушул Жобого ылайык текшерүү учурунда алынган башка маалыматтар банк менен кардардын ортосундагы мамилелер токтотулгандан/кардар менен бир жолку операция (бүтүм) жүргүзүлгөндөн кийин кеминде 5 (беш) жыл сакталууга тийиш.
Маалымат жетиштүү көлөмдө сакталууга тийиш, ал ишке ашырылган операциянын (бүтүмдүн) мүнөздөмөсүн калыбына келтирүүгө же операциянын (бүтүмдүн) толук түзүмүн калыбына келтирүү жолу менен каражаттарды байкоого жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык тергөө жана соттук териштирүү учурунда далил катары колдонууга мүмкүндүк берет.
Банк маалыматты жана документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ыйгарым укуктуу укук коргоо органдарына, улуттук коопсуздук органдарына, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына берет.»;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун:
1) 3-пунктунун:
- он экинчи абзацындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
- он бешинчи абзац күчүн жоготкон катары таанылсын;
- он алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Шектүү операция (бүтүм) – төмөнкү белгилерге туура келген операция (бүтүм):
а) эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен алынган киреше болуп саналат деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо, анын ичинде предикаттык кылмыштардан же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу болсо;
б) эгерде каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоого байланыштуу деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо:
- террористтерди жана экстремисттерди;
- террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду);
- террористтик жана экстремисттик ишти;
- уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды;
- массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну.»;
- отузунчу абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Санкциялык тизмектер – Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги.»;
2) 8-пунктунун:
- 23-пунктчасындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 24-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«24) кардардын Санкциялык тизмекте жана анын 100000 сомго(*) (же болбосо Улуттук банктын операцияны ишке ашыруу (бүтүмгө келишүү) учуруна карата расмий курсу боюнча эсептелинген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммага) барабар же андан ашкан суммада нак чет өлкө валютасындагы алмашуу операциясын ишке ашырууда Санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүү;
(*) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык;»;
- 25-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«25) накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды да сактоого;»;
- 26-пунктчасынын:
биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«26) эгерде накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операциясынын суммасы 100000 сомго(*) барабар же андан ашса (же операция (бүтүм) ашырылган күнгө Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсептелген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү сумма) кардарлар менен операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналына (мындан ары - журнал) ишке ашырылган операция жөнүндө зарыл маалыматты, анын ичинде кардар жөнүндө маалыматты каттоого алуу;»;
алтынчы абзацындагы «террористтик же экстремисттик иш» деген сөздөр «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Чектүү суммага барабар же андан ашкан суммага накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операциясы жөнүндө билдирүүлөр - мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген талаптарга ылайык финансылык чалгындоо органына жөнөтүлөт.»;
төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги жана алардын чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.»;
- 27-пунктчасындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 11-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 27-пунктунун:
- 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«1) эгерде чет өлкө валютасын сатып алуу суммасы 100000 сомго же андан көп болсо (же операция ишке ашырылган күндөгү Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсептелген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү сумма), кардарды идентификациялоо, ошондой эле кардардын Санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүү инсандыгын тастыктаган документтин кагаз жүзүндөгү түп нускасынын (сүрөтү менен) же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документтин негизинде жүргүзүлөт»;
- 2-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Эскертүү: кардарды идентификациялоо зарыл болгон, ошондой эле анкета толтуруу аркылуу идентификациялоону талап кылган операциялардын суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жободо белгиленген.»;
- 2-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Эскертүү: инсандыгын тастыктаган документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жободо белгиленген.»;
4) 30-пунктунун:
- 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«1) эгерде чет өлкө валютасын сатуу суммасы 100000 сомго же андан көп болсо (же болбосо Улуттук банктын операцияны ишке ашыруу (бүтүмгө келишүү) учуруна карата расмий курсу боюнча эсептелген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү сумма), кардарды идентификациялоо, ошондой эле кардардын Санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүү жеке инсандыгын тастыктаган документтин (сүрөтү менен) негизинде жүргүзүлөт;»;
- 2-пунктчасынын экинчи абзацындагы «Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606» деген сөздөр «Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739» деген сөздөргө алмаштырылсын.
23. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
1) Жобонун аталышындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү (мындан ары – ПФПД/ЛПД) максатында, Кыргыз Республикасынын депозиттик каражаттарды тартпаган микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде (мындан ары - МФУ, КС, АФМ) ички контролду уюштуруу боюнча минималдуу талаптарды аныктоо ушул Жобонун максаты болуп саналат.»;
3) 2-пунктундагы «террористик» деген сөздөр «кылмыштуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3. Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) Бенефициардык ээси - түпкүлүгүндө келип (ээлик кылуу жана контролдоо аркылуу) тике же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укукка ээ болгон же кардарды контролдогон же болбосо анын атынан же анын кызыкчылыгында операция (бүтүм) ишке ашырылган жеке адам.
2) Жакын туугандары - коомдук кызмат адамы алардын жашоосу, билим алуусу, ден соолугун чыңдоосу жана башка зарыл чыгашаларынын ордун жабуу үчүн финансылык сарптоолорду жумшаган ата-энеси, асырап алуучулар, асырап алынган балдары, аталаш жана энелеш ага-инилери, эже-сиңдилери, чоң ата, чоң апасы, таята, таенеси, неберелери.
3) Верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу.
4) Ички контролдоо - контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) жана шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо, ошондой эле ПФПД/ЛПД түздөн-түз байланыштуу акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган башка операцияларга (бүтүмдөргө) жол бербөө боюнча МФУ, КС, АФМ тарабынан кабыл алынган чаралардын жыйындысы.
5) Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар.
6) Идентификация - бул, кардар жана/же бенифициардык менчик ээсине тиешелүү идентификациялык маалыматтарды аныктоо жол-жобосу.
7) Акча каражаттарынын келип чыгуу булагы - бул кардар менен МФУ, КС, АФМ ортосундагы ишкер мамилелердин предмети болуп саналган белгилүү бир акча каражаттарынын же активдердин келип чыгышы жөнүндө маалыматтар. Алынган маалыматтар бул каражаттарды же активдерди алуунун же сатып алуунун булагын жана/же негиздерин көрсөтүү менен мазмундуу болууга тийиш.
8) Башка мүлктүн келип чыгуу булагы – бул коомдук кызмат адамынын жалпы мүлкүнүн келип чыгышы жөнүндө маалыматтар (кардарга таандык бардык активдерди түзүү булагы). Алынган маалыматтар кардардын абалы жана кардар аны кантип алгандыгы жөнүндө маалыматтарды чагылдырат.
9) Финансылык чалгындоо органы - кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.
10) Коомдук кызмат адамдары - төмөндө келтирилген жеке адамдардын бири:
а) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте олуттуу мамлекеттик же саясий функцияларды аткарган же аткарып жаткан адам (мамлекет же өкмөт башчысы, өкмөттө, соттордо, куралдуу күчтөр түзүмүндө, мамлекеттик органдарда, ишканаларда же мекемелерде жогорку кызматтарды ээлеген адам, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);
б) улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган, Кыргыз Республикасында саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери;
в) эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдардын маанилүү функцияларын аткаруу ишенип берилген же буга чейин ишенип берилген жогорку кызмат адамдары (эл аралык уюмдардын жетекчилери, жетекчилердин орун басарлары, уюмдардын башкармасынын мүчөлөрү же эл аралык уюмдарда ошондой эле кызматтарды ээлеген адамдар).
11) шектүү операция (бүтүм) - төмөнкү белгилерге туура келген операция (бүтүм);
а) эгерде каражаттар кылмыш жолу менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуулугу тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
б) эгер каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоого байланыштуулугу тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо:
- террористтерди жана экстремисттерди;
- террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду);
- террористтик жана экстремисттик ишти;
- массалык кыргын салуучу куралды таратууну;
- уюшкан топту же кылмыштуу коомдошдуктарды.
Операциянын (бүтүмдүн) шектүү экендиги, кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин акча каражаттары же башка мүлкү менен ишке ашырылган операциялар үчүн ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдардын алкагында ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы тарабынан аныкталат.
12) Ички контролдоо программасы - Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарын аткаруу максатында, МФУ, КС, АФМ тарабынан колдонулган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системасы.
13) Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма - келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө жагында белгиленген жол-жоболорго (тобокелдикти аныктоо, аларга баа берүү, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана деңгээлин төмөндөтүү) ылайык тобокелдик жогору деңгээлде орун алган болсо, аларга карата чараларды күчөтүү же тобокелдик деңгээли төмөн болсо, жөнөкөйлөтүлгөн чараларды колдонуу.
14) Санкциялык тизмектер - Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги.
Санкциялык тизмектерди түзүү жана жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө» жободо каралган.
15) Максаттуу финансылык санкциялар - Cанкциялык тизмектерге киргизилген жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын ар кандай операцияларына (бүтүмдөрүнө) жана (же) каражаттарына бөгөт коюу жана (же) мындай жактарга, топторго жана уюмдарга кайсы гана болбосун каражаттарды же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн (түз же кыйыр) берүүнү чектөө.
«Экстремисттик иш» түшүнүгү Кыргыз Республикасынын «Экстремисттик ишке- каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын түшүндүрмө берүүчү ченемдерине ылайык келет.»;
5) 2-главанын, 3-главанын, 5-главанын аталыштарында «террористик» деген сөздөр «кылмыштуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 4-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«4. МФУ, КС, АФМ кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, ички контролдоонун тиешелүү программасын иштеп чыгууга милдеттүү. Бул программа МФУ, КС, АФМ ички контролдоо системасынын бөлүгү болуп саналат жана МФУ, КС, АФМ тарабынан милдеттүү түрдө жана толук сакталууга тийиш.»;
7) 5-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«5. ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдоо программасы МФУ, КС, АФМ ички контролдоо системасынын бир бөлүгү болуп саналат жана кеминде төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылууга тийиш:
1) чечимдерди кабыл алуу боюнча кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин, ПФПД/ЛПД процессине тартылган жактар менен бөлүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана отчеттуулукту белгилөөгө багытталган ички контролдоону уюштуруу;
2) террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтуу боюнча тобокелдиктерди (мындан ары – ФПД/ЛПД тобокелдиги) аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, тескөө, азайтуу жана документтештирүү боюнча чараларды көрүү;
3) ФПД/ЛПД тобокелдиктерин баалоону актуалдуу абалда кармап туруу жана тобокелдиктерди баалоо жөнүндө маалыматты Улуттук банкка жана финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берүү (зарыл болгон учурда);
4) ФПД/ЛПД тобокелдиктерин баалоодо тобокелдиктердин бардык факторлорун кароо, андан кийин тобокелдиктин жалпы деңгээлин жана аны азайтуу боюнча чараларды аныктоо;
5) аткаруу органы/байкоо органы тарабынан бекитилген (эгерде бар болсо) ФПД/ЛПД тобокелдиктерин азайтууну натыйжалуу башкарууну камсыз кылган, ошондой эле өлкө деңгээлинде жана/же тиешелүү сектор боюнча аныкталган тобокелдиктер эске алынган ички ченемдик документтердин болушу;
6) контролдоо каражаттарынын колдонулушуна мониторинг жүргүзүү, зарыл болгон учурда аларды кеңейтүү жана аныкталган жогорку ФПД/ЛПД тобокелдиктерин тескөө жана азайтуу боюнча чараларды көрүү;
7) кардарларды талаптагыдай текшерүүнү жүзөгө ашыруу, анын ичинде:
- кардарды идентификациялоо жана верификациялоо (бир жолку жана туруктуу);
- кардар менен ишкердик мамилелердин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө маалымат алуу;
- бенефициардык ээсин идентификациялоо жана анын ичинде юридикалык жак (чет өлкөлүк трасттар жана башкалар) болуп саналган кардарлардын бенефициардык менчик ээсин верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана талапка ылайык чараларды көрүү;
- ПФПД/ЛПД, шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүү максатында пайдалануу тобокелдигине көбүрөөк дуушар болгон кардарлардын операцияларын идентификациялоо жана верификациялоо;
- ПФПД/ЛПД, шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүү максатында пайдалануу тобокелдигине көбүрөөк дуушар болгон бардык продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча операцияларды идентификациялоо жана верификациялоо;
- кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө каттоого алуу;
- кардардын иши жана анын финансылык абалы жөнүндө маалыматты жана документтерди, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүү натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоо жана жаңылоо;
- кардар менен ишкердик мамилелердин бүткүл мезгили ичинде кардарды туруктуу негизде талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү жана кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) анын ишинин мазмуну, финансылык абалы жана каражаттардын булагы жөнүндө, ошондой эле ФПД/ЛПД тобокелдиктеринин мүнөзү жөнүндө маалыматка шайкештигин талдоо.
Жогоруда көрсөтүлгөн кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте, ошондой эле тобокелдиктерди баалоо жыйынтыгын эске алуу менен колдонулат.
8) кардардын ишинде контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операцияларды аныктоо;
9) кардардын ишинде финансылык чалгындоо органынын талаптарына ылайык, кардардын ушундай операцияларды жүзөгө ашыруусуна шектенүүнүн негиздүүлүгүн ырастоо же четке кагуу үчүн, шектүү операциялардын белгилери бар операцияларды аныктоо;
10) потенциалдуу кардарларга кызмат көрсөтүүдөн, операцияларды жүргүзүүдөн баш тартуу, кардарларды тейлөөнү токтотуу тартибин жана негиздерин белгилөө;
11) Санкциялык тизмектерге киргизилген адамдарга карата операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу.
Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу МФУ, КС, АФМ тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Операцияны (бүтүмдү) токтото туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды колдонуу;
13) финансылык чалгындоо органына контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматты жана документтерди, ошондой эле билдирүүлөрдү өз убагында берүү;
14) операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарларды талаптагыдай текшерүү натыйжасында алынган маалыматты сактоону камсыз кылуу;
15) маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу;
16) МФУ, КС, АФМ иши жөнүндө, анын ичинде кардарлардын операциялары жөнүндө ыкчам, ишенимдүү жана толук маалымат берүүнү камсыз кылуучу маалымат системаларын МФУ, КС, АФМ киргизүү;
17) МФУ, КС, АФМ тарабынан Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД маселелери боюнча мыйзамдарынын сакталышын туруктуу камсыз кылууга контролдукту жана мониторингди белгилөө;
18) иши жогорку тобокелдикке дуушар болгон МФУ, КС, АФМ кызматкерлерин (кассирлер, кредиттик инспекторлор, МФУ, КС, АФМ операциялык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ж.б.) контролдоону белгилөө, кызматкерлердин кызматтык нускоолорунда ПФПД/ЛПД боюнча саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларын жана милдеттерин чагылдыруу;
19) ички контролдоо программасын жана МФУ, КС, АФМ ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү ички документтеринин колдонулушуна мониторинг жүргүзүү жана зарыл болгон учурда аларды өркүндөтүү;
20) Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу.»;
8) 5-1-пунктундагы «ПФТД/ЛПД» аббревиатурасы «ПФПД/ЛПД» аббревиатурасына алмаштырылсын;
9) 6, 13, 15-пункттарындагы «террористтик» деген сөздөр «кылмыштуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 7-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«7. Жооптуу кызматкер ПФПД/ЛПД чөйрөсүндө мыйзам талаптарын сактоо максатында төмөнкү милдеттерди аткарат:
1) ФПД/ЛПД байланыштуу кылмыштуу (мыйзамсыз) жосундарга МФУ, КС, АФМ тартылуусуна жана анын кызматкерлеринин катышуусуна жол бербөө;
2) Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын натыйжалуу ишке ашыруу;
3) Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган милдеттерин жана функцияларын аткарууда финансылык чалгындоо органына жана Улуттук банкка көмөк көрсөтүү.»;
11) 8-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«8. Жооптуу кызматкер кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төмөнкүлөрдү аткарат:
1) ички контролдоо программаларынын долбоорлорун жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү башка ички документтерди, анын ичинде тобокелдиктерди баалоо методологиясын жана тобокелдиктерди тескөө жол-жоболорун иштеп чыгуу жана МФУ, КС, АФМ башкаруунун байкоо же аткаруу органына берүү;
2) ички контролдоо программаларын ишке ашырууну уюштуруу;
3) кардарларды жана операциялардын (бүтүмдөрдүн) башка катышуучуларын талаптагыдай текшерүүгө мониторинг жүргүзүү;
4) кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) мониторинг жүргүзүү жана талдоо;
5) операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу тууралуу чечим кабыл алуу жана андан ары аткаруучу органга маалымдоо менен шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүү;
6) Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү финансылык чалгындоо органына берүү;
7) Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча МФУ, КС, АФМ ишине текшерүү жүргүзүүгө жардам берүү;
8) МФУ, КС, АФМ башкаруунун байкоо же аткаруу органына (болсо) ички контролдоо программасын ишке ашыруунун жыйынтыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту берүү (эгерде бар болсо). Жооптуу кызматкердин күндөлүк отчет берүү тартиби МФУ, КС, АФМ ички документтери менен аныкталат;
9) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин, анын ичинде жаңы продуктуларды, кызматтарды жана технологияларды киргизүүдө баалайт;
10) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча программаны жүзөгө ашырууга катышкан кызматкерлерди окутууну уюштурат жана консультация берет, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө тиешелүү маалыматтар менен аларды тааныштырат.»;
12) 9-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«9. МФУ, КС, АФМ кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана изилдөө, жана ошондой эле бенефициардык ээсин аныктоо боюнча, ошондой эле контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) боюнча маалыматтарды, топтолгон маалыматты кароодо жана иликтөөдө тиешелүү далилдерди берүү максатында айрым операциялардын (бүтүмдөрдүн) тиешелүү учурларын калыбына келтирүү үчүн жетиштүү боло тургандай өлчөмдө каттайт жана документтерди топтойт.
МФУ, КС, АФМ чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен ишке ашырылган операциялардан (бүтүм) тышкары, ишке ашырылган же ишке ашырылуучу операциялардын (бүтүм) суммасына көз карандысыз, ушул Жобонун 29-пунктунда көрсөтүлгөн, контролдонууга жана маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү түзөт жана финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.
МФУ, КС, АФМ билдирүүлөрдү төмөнкү мөөнөттөрдө берүүнү камсыз кылат:
1) шектүү операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү - операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү деп аныкталган учурдан тартып 5 (беш) саат ичинде;
2) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке адамдары жана юридикалык жактары менен ишке ашырылган операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү - мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күнү ичинде;
3) кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана кылмыштуу ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жазасын өтөгөн жеке адам тарабынан ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү - мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күнү ичинде;
4) чектүү суммага барабар же андан ашкан суммага накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен ишке ашырылган операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү - мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде;
Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен жүргүзүлүүчү операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеси жана алардын чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
5) накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен ишке ашырылган операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү - финансылык чалгындоо органынын суроо-талабы боюнча мындай суроо-талапты алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде;
Билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык финансылык чалгындоо органына жөнөтүлөт.»;
13) 10-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«10. Кардар, бенефициардык менчик ээси жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат жана документтер, анын ичинде иш боюнча кат алышуулар, ошондой эле кардардын операциялары (бүтүмдөрү) жөнүндө, ушул Жобого ылайык жүргүзүлгөн кандай болбосун талдоонун натыйжалары жана текшерүү учурунда алынган башка маалыматтар, МФУ, КС, АФМ менен кардардын ортосундагы мамилелер токтотулгандан/кардар менен бир жолку операция (бүтүм) жүргүзүлгөндөн кийин кеминде 5 (беш) жыл сакталууга тийиш.
Маалымат жетиштүү көлөмдө сакталууга тийиш, ал ишке ашырылган операциянын (бүтүмдүн) мүнөздөмөсүн калыбына келтирүүгө же операциянын (бүтүмдүн) толук түзүмүн калыбына келтирүү жолу менен каражаттарды байкоого жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык тергөө жана соттук териштирүү учурунда далил катары колдонууга мүмкүндүк берет.
МФУ, КС, АФМ Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу коргоо органдарына, улуттук коопсуздук органдарына, прокуратура органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматты жана документтерди берет.»;
14) 12-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
15) 14-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«14. Программанын жана жол-жоболордун кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык келишине баа берүү, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө баа берүү МФУ, КС, АФМ ички аудитору/ревизиялык комиссиясы/ ички контролдоо системасына баа берүүгө жооптуу адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.
МФУ, КС, АФМ ички аудитору/ревизиялык комиссиясы/ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна баа берүүгө жооптуу адам жок болгон учурда, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына программалардын жана жол-жоболордун шайкеш келүүсүнө МФУ, КС, АФМ тышкы аудитору тарабынан баа берилет.
Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында программанын жана жол-жоболордун шайкештигине жалпы баа берүү, ошондой эле ички контролдоо эрежелеринин натыйжалуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө баа берүү туруктуу негизде, операциялардын тобокелдик деңгээлине жараша, бирок кеминде жылына бир жолу жүргүзүлөт.»;
16) 6-главанын аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«6-глава. Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды талаптагыдай текшерүү»;
17) 6-глава төмөнкү мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
«15-1. МФУ, КС, АФМ Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте кардарга жана бенефициардык менчик ээсине талаптагыдай текшерүү жүргүзөт.»;
18) 6-глава төмөнкү мазмундагы 15-2-пункт менен толукталсын:
«15-2. МФУ, КС, АФМ кардарды (туруктуу, ошондой эле бир жолку, жеке адамды да, юридикалык жакты да) Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү.
Эгерде кардардын атынан же тапшырмасы боюнча ишеним көрсөтүлгөн адам иш алып барса, МФУ, КС, АФМ бул адамды идентификациялоого жана верификациялоого, ошондой эле бул адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган тиешелүү документтерди текшерүүгө милдеттүү.
МФУ, КС, АФМ кардардын анкеталарында каралган маалыматтардын аныктыгын ишенимдүү булактардан алынган маалыматты жана документтерди колдонуу менен текшерүү аркылуу кардарды верификациялоого милдеттүү. МФУ, КС, АФМ ишкердик мамилелерди түзүүгө/бир жолку операцияны жүргүзүүгө чейин жана анын жүрүшүндө кардарды верификациялоого милдеттүү.»;
19) 16-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«16. МФУ, КС, АФМ кардар менен ишкердик мамилелердин бүткүл мезгилинде тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын көрүүгө милдеттүү.
Талаптагыдай текшерүү чараларынын көлөмү кардардын тобокелдик профилин жана ишкердик мамилелердин масштабын эске алуу менен аныкталууга тийиш, атап айтканда, тобокелдик деңгээли, ишкердик мамилелердин максаты, жүргүзүлгөн операциялардын суммасы, ишкердик мамилелердин үзгүлтүксүздүгү же узактыгы.
МФУ, КС, АФМ тобокелдиктин жогорку деңгээли аныкталган учурда кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонууга милдеттүү. Тобокелдиктин төмөн деңгээли аныкталган учурда, жөнөкөйлөтүлгөн чаралар колдонулушу мүмкүн.»;
20) төмөнкү мазмундагы 16-2-пункт менен толукталсын:
«16-2. МФУ, КС, АФМ кардардын - юридикалык жактын бенефициардык ээлерин идентификациялоого жана бенефициардык ээсинин (ээлеринин) ким экенин биле тургандыгына ынануу максатында, аларды верификациялоо үчүн ишенимдүү булактан алынган тиешелүү маалыматты колдонуу менен бенефициардык менчик ээлеринин инсандыгын текшерүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Бул талапты аткаруу үчүн МФУ, КС, АФМ юридикалык жактын үлүшүнүн (акцияларынын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык менчик ээлерин аныктоого милдеттүү.
Эгерде үлүштүн (акциялардын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык менчик ээлери жок болсо, же бенефициардык менчик ээсинин үлүшүнүн (акцияларынын) өлчөмү боюнча күмөн саноолор болсо, же акциялардын контролдук пакетине ээ болгон жак (жактар) юридикалык жактын - кардардын чыныгы бенефициардык менчик ээси (ээлери) болуп саналабы деген күмөн саноолор болсо, МФУ, КС, АФМ юридикалык жакты же түзүмдү башка ыкмалар аркылуу контролдоону ишке ашыруучу бенефициардык менчик ээсин (ээлерин) аныктоого милдеттүү.
Чектелген учурларда, эгерде үлүштүн (акциялардын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык менчик ээлеринин иш жүзүндө жок болушу жана башка каражаттар аркылуу контролдоочу бенефициардык менчик ээлеринин жок болушу учурунда, МФУ, КС, АФМ юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген позицияларынын эсебинен юридикалык жактын - кардардын иш-аракеттерин контролдоого мүмкүнчүлүгү бар жеке адамды (жеке адамдарды) аныктоого милдеттүү (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруучулук контролдоону ишке ашырат, финансылык маселелер боюнча чечим кабыл алат). Бул учурда бенефициардык менчик ээсинин анкетасы бул жак үчүн толтурулат.
Эгерде юридикалык жактын менчигинин түзүмүндө чет өлкөлүк трасттар же башка юридикалык түзүлүштөр болсо, МФУ, КС, АФМ бул юридикалык түзүлүштөрдүн бенефициардык менчик ээлерин аныктоого милдеттүү. МФУ, КС, АФМ бенефициардык ээсин идентификациялоодо жана текшерүүдө/верификациялоодо (юридикалык түзүлүш болуп саналган кардарларга карата) төмөнкү кошумча маалыматты колдонушат:
- трасттар боюнча: ишеним көрсөтүүчүнүн, ишеним көрсөтүлгөн адамдын, камкорчунун (эгерде бар болсо), бенефициарлардын же бенефициарлар тобунун жана трастты иш жүзүндө контролдогон башка жеке адамдын жеке маалыматтары;
- юридикалык түзүлүштөрдүн башка түрлөрү боюнча: эквиваленттүү кызматтарды ээлеген адамдардын жеке маалыматтары.
Бенефициардык менчик ээсин идентификациялоодо жана верификациялоодо анкета Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык толтурулат.
Эгерде кардардын бенефициардык менчик ээси бир нече жеке адам болуп, алардын ар биринин үлүшү (акциясы) 25%дан ашык болсо жана/же башка каражаттар аркылуу көзөмөлдү жүзөгө ашырса, анда анкета ар бир ушундай адамга толтурулат.
Бенефициардык менчик ээсинин анкетасына кардардын - юридикалык жактын менчигинин (башкаруу) түзүмүнүн схемасын тиркөө зарыл, анда аралык юридикалык жактарды, түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) үлүштөрдүн (акциялардын) 25%дан ашыгына ээлик кылган акыркы менчик ээлерине - жеке адамдарга чейин, ошондой эле уюштуруучулар - юридикалык жактар менен бенефициардык менчик ээсинин ортосундагы өз ара байланыш деңгээли каралат. Менчик түзүмүнүн схемасында башка каражаттар аркылуу контролдоочу бенефициардык менчик ээлерине тиешелүү маалыматты да чагылдырылышы зарыл жана бул бенефициардык менчик ээлери мындай контролдоону кандайча жүзөгө ашыра тургандыгы түшүндүрүлүүгө тийиш. Эгерде юридикалык жактын менчигинин түзүмүндө чет өлкөлүк трасттар же башка юридикалык түзүлүштөр болсо, алар да схемада чагылдырылышы зарыл.
МФУ, КС, АФМ кардардын ишинин мүнөзүн, ошондой эле анын менчик (башкаруу) түзүмүн түшүнүүгө милдеттүү.»;
21) 18-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
22) 19, 20-пункттарындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
23) 21-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«21. Чет өлкөлүк коомдук кызмат адамдарын тейлөөдө МФУ, КС, АФМ талаптагыдай текшерүү боюнча белгиленген чараларды колдонуудан тышкары, төмөнкү чараларды кошумча колдонууга тийиш:
1) кардар же бенефициардык менчик ээси коомдук кызмат адамы болуп саналабы же жокпу аныктоо үчүн инструменттердин системасын колдонуу;
2) МФУ, КС, АФМ башкаруунун аткаруу органынын коомдук кызмат адамы менен ишкердик мамилелерди түзүүгө же улантууга (учурдагы кардарлар үчүн), ошондой эле чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнү талап кылган суммага бир жолку операцияны жүргүзгөн учурда жазуу жүзүндөгү уруксатын алуу;
3) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамынын акча каражаттарынын жана башка мүлкүнүн келип чыгуу булагын аныктоо;
4) жогорку тобокелдиктеги кардарлар үчүн белгиленген тартипте чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы тарабынан ишке ашырылган операцияларды (бүтүмдөрдү) кошо алганда, ишкердик мамилелерге туруктуу жана терең мониторинг жүргүзүү;
5) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамдары жөнүндө болгон маалыматты туруктуу негизде жаңылап туруу.
МФУ, КС, АФМ жогоруда көрсөтүлгөн чараларды чет өлкөлүк коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) карата колдонууга тийиш.»;
24) төмөнкү мазмундагы 21-2-пункт менен толукталсын:
«21-2. 21-пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн чаралар улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) карата колдонулат.»;
25) 22-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«22. Эгерде улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) карата жогорку тобокелдик аныкталса, анда мындай адамдарга карата 21-пункттун 2-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн чаралар колдонулат.»;
26) 23-пунктундагы «жана 3 (үч) жумуш күнү ичинде улуттук коомдук кызмат адамынын анкетасында катталган маалыматты электрондук байланыш каналдары аркылуу финансылык чалгындоо органына жөнөтөт» деген сөздөр алынып салынсын;
27) 25-пунктундагы «террористик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
28) 26-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«7) кардар менен ишкердик мамилени түзүүгө же улантууга аткаруу органынан уруксат алуу, эгерде төмөнкүдөй аныкталган учурларда:
а) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы;
б) кардар жогорку тобокелдиктеги өлкөдө катталган болсо;
в) кылмыштуу ишти, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жазасын өтөгөн кардар - жеке адам;»;
29) 27-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«27. Төмөн тобокелдик аныкталган учурда МФУ, КС, АФМ кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкү жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдоно алышат:
1) ишкер мамиленин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө жалпы маалыматты алуу;
2) кардардын жана бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын жаңылап туруу мөөнөтүн кыскартуу;
3) МФУ, КС же АФМ аныктаган лимиттин негизинде операцияларды (бүтүмдөрдү) текшерүүнүн автоматташтырылган системасын колдонуу менен кыскартылган түрдө кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) мониторинг жүргүзүү.
Кардар кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоого) ишин жүзөгө ашыргандыгы боюнча шектенүүлөр болсо, тобокелдиктерди тескөө жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды колдонууга жол берилбейт.»;
30) төмөнкү мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын:
«27-1. МФУ, КС, АФМ кардарга талаптагыдай текшерүүнү туруктуу негизде жүргүзүүгө милдеттүү, анын ичинде:
1) кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) анын кардар жөнүндө маалыматка, чарбалык ишинин мүнөзүнө жана түрүнө, кардардын финансылык абалына, каражаттардын, мүлктүн, активдердин келип чыгуу булагына, кардар жана анын операциялары менен байланышкан тобокелдиктердин деңгээлине жана мүнөзүнө ылайык келүүсү боюнча кылдат талдоо жүргүзүү;
2) кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматты жана документтерди актуалдуу абалда жана тиешелүү түрдө сактоо, кардар жөнүндө маалыматтын аныктыгын жана толуктугун үзгүлтүксүз текшерүү, ошондой эле аны, биринчи кезекте, тобокелдиги жогору кардарларга карата өз убагында жаңыртып туруу.»;
31) төмөнкү мазмундагы 27-2-пункт менен толукталсын:
«27-2. Эгерде МФУ, КС, АФМ кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, МФУ, КС, АФМ ишкердик мамилелерди түзбөшү, операцияны жүргүзбөшү, ишкердик мамилелерди токтотушу зарыл жана кардарды тейлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде финансылык чалгындоо органына белгиленген тартипте тиешелүү билдирүү жөнөтүүгө тийиш.
Эгерде МФУ, КС, АФМ кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү пайда болгон шектенүүлөр жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгышына алып келет деп ишенсе, МФУ, КС, АФМ кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чараларды көрбөшү зарыл, шектүү операцияны (бүтүмдү) токтотуп турууга жана финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү жөнөтүүгө тийиш.»;
32) төмөнкү мазмундагы 27-3-пункт менен толукталсын:
«27-3. Эгерде кардар менен ишкердик мамилелерди түзүү убагында же ишкердик мамилелердин жүрүшүндө, же бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуулугу жөнүндө шектенүүлөр пайда болсо, МФУ, КС, АФМ төмөнкү чараларды көрүүгө тийиш:
1) кандай гана болбосун өзгөчө жагдайларга же белгиленген чектүү маанилерге карабастан, кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо;
2) ишкердик мамилелерге же операцияга (бүтүмгө) ар тараптуу талдоо жүргүзүү жана ишкердик мамилелерди же операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото туруу жана операция (бүтүм) шектүү деп таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органына жөнөтүү;
4) кардар менен ишкердик мамилелерди токтото туруу же токтотуу.
Эгерде МФУ, КС, АФМ кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү пайда болгон шектенүүлөр жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгышына алып келе тургандыгына ынанса, МФУ, КС, АФМ кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын колдонбоого, шектүү операцияны (бүтүмдү) токтотуп турууга жана шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүүгө тийиш.»;
33) 28-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
34) 29-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«29. Акча каражаты менен ишке ашырылган операция (бүтүм) контролго алынууга жана финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш.
Контролдоого жана маалымдалууга тийиштүү операцияларга (бүтүмдөргө) төмөнкү операциялар (бүтүмдөр) кирет:
- төмөнкү учурлардагы шектүү операциялар (бүтүмдөр):
1) эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышы бар деген шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
2) эгерде каражаттардын төмөнкүлөрдү каржылоого байланышы бар деген шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо:
а) террористтерди жана экстремисттерди;
б) террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду);
в) террористтик же экстремисттик иштерди.
г) уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды;
д) массалык кыргын салуучу куралды таратууну.
Шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтар, анын ичине шектүү операцияларды (бүтүмдөр) ишке ашыруу аракеттери тууралуу маалыматтар ишке ашырылган же ишке ашырылуучу операциялардын (бүтүм) суммасына көз карандысыз маалымдалууга тийиш.
- жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөн жеке адамдар же юридикалык жактар менен операциялар (бүтүмдөр);
- кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жаза өтөгөн жеке адам тарабынан ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр);
- чектүү суммага барабар же андан жогору суммадагы нак жана нак эмес акча каражаттары менен операциялар (бүтүмдөр).
Нак жана нак эмес акча каражаттары менен операциялардын (сделкалардын) тизмеси жана алардын чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.»;
35) 30-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«30. МФУ, КС, АФМ кардар, ыйгарым укуктуу өкүл, бенефициардык ээси жана кардардын контрагенти боюнча террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыш жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү же бул топко же коомдоштукка катышууну же бул топко же коомдоштукка башкача жардам көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же жүзөгө ашырууга (жасоого) катышкандыгы жөнүндө Санкциялык тизмекке киргизилген маалыматтар болушун текшерүү максатында зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан, анын ичинде МФУ, КС, АФМ программасы жана жол-жоболору менен аныкталган тартипте кардарларды идентификациялаган жана шектүү операциялардын белгилери бар операцияларды аныктаган МФУ, КС, АФМ кызматкерлери жооптуу кызматкерге шектүү операциялардын белгилерин камтыган катары аныкталган бардык операциялар жөнүндө маалымат берүүгө тийиш.».
24. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
1) 4-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 9-пунктунун үчүнчү, төртүнчү абзацтарындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
25. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинин:
1) 4-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«4. Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоодо жана верификациялоодо банктар төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- кардарды жеке катыштыруусуз идентификациялоо каралган, жаңы технологияларды (банктык жаңы продукттарды) колдонууга байланыштуу жол-жоболорду чагылдырууну кошо алганда, ички контролдоонун шайкеш системасын, тобокелдиктерди тескөө боюнча ички ченемдик документтердин, анын ичинде операциялык тобокелдикти, кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин, комплаенс-тобокелдигин тескөө боюнча чаралардын болушун камсыз кылуу;
- кардарды идентификациялоого жана верификациялоого, кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин тескөөгө жооптуу персоналды жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболор жана ушул Тартиптин талаптагыдай колдонулушу боюнча окутуу;
- ушул Тартиптин талаптарына жооп берүү үчүн жетиштүү болгон маалымат системаларын, программалык камсыздоону колдонуу;
- аралыктан идентификациялоо шарттары жана талаптары тууралуу маалыматты чечмелөө (өзүнүн расмий интернет-сайтында же колдонулуп жаткан программалык камсыздоо аркылуу);
- кардар боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан алынган маалыматтарды колдонуу менен верификациялоо;
- кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо натыйжаларын каттоо жана аралыктан идентификациялоодон өткөн кардарлардын реестрин жүргүзүү;
- ушул Тартипке карата 1-тиркеме боюнча минималдуу талаптарга ылайык аралыктан идентификацияланган кардарлар боюнча кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин чектөө чараларын колдонуу;
- аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун баштоого чейин ушул Тартиптин талаптарына таянуу менен, кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин аныктоо жана документтештирүү. Банктар тобокелдиктерди чектөөнүн кошумча критерийлерин киргизүүгө укуктуу.»;
2) 5-1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«5-1. Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн программалык камсыздоону колдонууда, банк Тартиптин талаптарына ылайык, программалык камсыздоо боюнча толук маалымат жана кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо методдору камтылган тиешелүү билдирүүнү, ошондой эле директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин талдоо боюнча ички документти Улуттук банктын дарегине жөнөтүүгө милдеттүү.;
3) 10-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«10. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардын Санкциялык тизмектерге киргизилгендигин же жок экендигин текшерет.»;
4) 17-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«17. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардын Санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерет.»;
5) 34-пунктунун сегизинчи абзацындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 40, 41, 46-пункттарындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
7) Тартипке карата 1-тиркеменин:
- 3-таблицасынын:
2-мамычасындагы 7-саптын «Терроризмди каржылоо тобокелдиктери» деген сөздөр «Кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-мамычанын 11-сабындагы «Терроризмди каржылоо тобокелдиктери» деген сөздөр «Кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-таблицанын 2, 3, 4-саптарынын 2-мамычасындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
26. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 2020-П-33/54-3-(НФКУ) «Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинин:
1) 4-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«4. Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоодо жана верификациялоодо МФУ төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- кардардын өзүн катыштыруусуз идентификациялоо каралган, жаңы технологияларды (жаңы продукттарды) колдонууга байланыштуу жол-жоболорду чагылдырууну кошо алганда, ички контролдоонун шайкеш системасын, тобокелдиктерди тескөө боюнча ички ченемдик документтердин, анын ичинде операциялык тобокелдикти, кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин, комплаенс-тобокелдигин тескөө чараларынын болушун камсыз кылуу;
- кардарды идентификациялоого жана верификациялоого, кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин тескөөгө жооптуу персоналды жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболор жана ушул Тартиптин талаптагыдай колдонулушу боюнча окутуу;
- ушул Тартиптин талаптарына жооп берүү үчүн жетиштүү маалымат системаларын, программалык камсыздоону колдонуу;
- аралыктан идентификациялоо шарттары жана талаптары тууралуу маалыматты жарыялоо (өзүнүн расмий интернет-сайтында же колдонулуп жаткан программалык камсыздоо аркылуу);
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан алынган маалыматтарды колдонуу менен кардар боюнча маалыматтарды верификациялоо;
- кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо натыйжаларын каттоо жана аралыктан идентификациялоодон өткөн кардарлардын реестрин жүргүзүү;
- ушул Тартипке карата 1-тиркемеге ылайык, аралыктан идентификацияланган кардарлар боюнча кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин чектөө чараларын колдонуу;
- аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун баштоого чейин ушул Тартипте каралган талаптарга таянуу менен, кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин аныктоо жана документтештирүү. МФУ тобокелдиктерди чектөө боюнча кошумча критерийлерди киргизүүгө укуктуу.»;
2) 10-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«10. МФУ Кыргыз Республикасынын талаптарына ылайык, кардардын санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерет.»;
3) 17-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«17. МФУ Кыргыз Республикасынын талаптарына ылайык, кардардын санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерет.»;
4) 34-пунктунда «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 40, 41-пункттарындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 1-тиркемеде:
4-таблицанын 2-мамычасынын 2, 3, 4-саптарындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
27. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 28-февралындагы № 2024-П-12/8-3-(НПА) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
- 60-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.
28. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 27-декабрындагы № 2024-П-12/71-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 60-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 94-пунктундагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын.