10 сом номиналындагы жүгүртүү монетасы 

 

 

 

Монетанын алдыңкы бетинде улуттук суусундук кымыз куюлуп сакталуучу, булгаарыдан жасалган көөкөрдүн сүрөттөлүшү, ал эми көөкөрдө кыргыздар түрдүү орнаменттерди колдонуп келген, үч бурчтук формасындагы тумар түшүрүлгөн.  

 

Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби жана монетанын чыгарылган жылы берилген.  

 

Монетанын техникалык мүнөздөмөлөрү

Номиналы 

Жүгүртүүгө чыгарылган күнү 

Металлы 

Диаметри 

Салмагы 

Кыры 

10 сом 

2009-жылдын 1-декабры 

Никель капталган болот 

24,50 мм 

5,4 г 

Кесикче 

2014-жылдын 1-сентябры 

Кырындагы жазуу «Он сом», беш жылдыз жана «10 СОМ» 

 

10 сом номиналындагы жүгүртүү монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.