Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарын төмөнкү сюжеттер боюнча 2019-жылы чыгаруу үчүн монеталардын эскиздеринин долбоорлорун иштеп чыгууга сүрөтчү-дизайнерлер арасында ачык сынак жарыялайт: 

Сериясы 

Темасы / сюжети 

Диаметри / өлчөмү (мм) 

Формасы 

Кыргыз каганатынын доору  

Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы 

38,61 

Тегерек 

Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары 

38,61 

Тегерек 

Тарыхый окуялар 

Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл 

38,61 

Тегерек 

Улуу Жеңишке 75 жыл 

38,61 

Тегерек 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 

Күрөш 

38,61*38,61 

Төрт бурчтуу 

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген теманы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш:  

- берилген сюжеттерге туура келүү;  

- жогорку деңгээлде көркөм аткаруу;  

- маданий жана эстетикалык ченемдерге туура келүү;  

- жеке чыгармачылык.  

 

Сынактын шарттары:  

1. Автор/ катышуучу ар бир монета боюнча болгону төрттөн (4) эскиздер долбоорун иштеп чыгат, анын ичинде:  

- алдыңкы бети боюнча эки эскиз долбоору;  

- арткы бети боюнча эки эскиз долбоору.   

  

2. Монетанын жасалгасына коюлган талаптар:  

· «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» коллекциялык монетасы:  

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжет, монетанын номиналы (10 сом) жана «Кыргыз кумурасы / Kyrgyz vase» жазуусу түшүрүлөт;  

- арткы бети (реверс) сюжетти улантышы керек, ошондой эле мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2019» көрсөтүлөт.  

· «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» коллекциялык монетасы:  

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжет, монетанын номиналы (10 сом) жана сүрөттөлгөн буюмдун аты кыргыз жана англис тилдеринде түшүрүлөт;  

- арткы бети (реверс) сюжетти улантышы керек, ошондой эле мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2019» көрсөтүлөт.  

1 сом номиналындагы жез-никель монетасынын эскизи 10 сом номиналындагы күмүш монетанын бекитилген эскизине туураланат.  

· «Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл» коллекциялык монетасы: 

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжет, монетанын номиналы (10 сом), Евразия экономикалык бирлигинин эмблемасы жана «Евразия экономикалык бирлиги» жана «5 жыл» жазуулары түшүрүлөт; 

- арткы бети (реверс) сюжетти улантышы керек, ошондой эле мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2019» көрсөтүлөт. 

· «Күрөш» коллекциялык монетасы:  

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжет, монетанын номиналы (10 сом) жана «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын» расмий логотиби жайгаштырылат;  

- арткы бети (реверс) сюжетти улантышы керек, ошондой эле мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2020» көрсөтүлөт жана «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары /World nomad games» жазуусу жайгаштырылат.  

1 сом номиналындагы жез-никель монетасынын эскизи 10 сом номиналындагы күмүш монетанын бекитилген эскизине туураланат.  

· «Улуу Жеңишке 75 жыл» коллекциялык монетасы:  

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжет, монетанын номиналы (10 сом) жана «Улуу Жеңишке 75 жыл / 75 лет Великой Победе» жазуусу жайгаштырылат;  

- арткы бети (реверс) сюжетти улантышы керек, ошондой эле мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2020» көрсөтүлөт.  

1 сом номиналындагы жез-никель монетасынын эскизи 10 сом номиналындагы күмүш монетанын бекитилген эскизине туураланат.  

Монетанын металлы, пробасы жана салмагы аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу арткы бетинде да жайгаштырылышы мүмкүн. Ошондой эле, «Кыргыз Банкы» жазуусун түшүрүүгө да жол берилет.  

 

3. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору төмөнкү форматта берилиши керек:  

· А4 форматындагы кагазда жана иштелип чыккан көркөм сүрөттөр монетанын өзүнүн чоңдугу боюнча жана чоңойтулган формада (диаметри 150 мм);  

· электрондук түрдө, JPG форматында.  

Ар бир коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбооруна сунушталган дизайндын мазмунун, маанисин чечмелеген түшүндүрмөлөр кошо тиркелүүгө тийиш. 

 

4. Сынактын жеңүүчүсүнө монетанын ар бир бетине 50 000 (элүү миң) сомдон алып эсептегенде бир монетага 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө сый акы төлөнөт. Сый акы Улуттук банк Башкармасы бекиткен эскиздердин долбоорлоруна гана төлөнөт.  

 

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоору «Сынак» (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы үчүн) белгисин коюу менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча Улуттук банкка тапшырылат (№314 иш бөлмөсү). 

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорун сунуштоо мөөнөтү 2019-жылдын 15-январына чейин.  

 

Кошумча маалыматты (312) 66 92 24, 66 92 25 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.