Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2018-жылдын 19-декабрында күрөөнү өндүрүү жана кредитөө суроолору боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө » № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомун кабыл алды (мындан ары токтом). Токтом Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу», атап айтканда «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү алкагында кабыл алынган.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/Банктык мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/ Банк жөнүндө/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу» бөлүгүндө жайгаштырылган.