2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодекси (2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58) күчүнө кирди (мындан ары Бузуулар жөнүндө кодекс). Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2018-жылдын 19-декабрында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» № 2018-П-12/55-6-(НПА) токтомун кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/Банктык мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/ Банк жөнүндө/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу» бөлүгүндө жайгаштырылган.