Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мамлекеттин ичиндеги эл аралык төлөм карттар системалары боюнча улуттук валютадагы эсептешүүлөр уюштуруу алкагында «Эл аралык эсептешүү төлөм карттар системалары үчүн камсыздандыруу (резервдик) фонду» жөнүндө убактылуу жобонун долбоорун коомдук талкууга сунушталууда. 

Долбоор «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2018-жылдын 26-январынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле psoversight@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.