ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Валюта саясаты боюнча консультациялык кеңешинин 31отурумунун жыйынтыктары 

 

2026-жылдын 29-октябрында Несвиж шаарында (Беларусь Республикасы) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын Валюта саясаты боюнча консультациялык кеңешинин 31отуруму болуп өттү. Иш-чарага Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын борбордук (улуттук) банктарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. 

Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы А.К. Бакетаев баштаган делегациясы катышуучуларга учурда өлкөдө түптөлгөн экономикалык кырдаал жана баа туруктуулугун камсыз кылуу боюнча акча-кредит саясатынын чаралары тууралуу маалымат берди. 

Өз кезегинде, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын жана Россиянын борбордук банктарынын өкүлдөрү макроэкономикалык кырдаал боюнча өз баалоолорун сунушташты, бул тараптарга ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикаларындагы учурдагы тенденцияларды жана жөнгө салуучу органдардын аларга карата чара көрүү ыкмаларын салыштырууга мүмкүндүк берди. 

Күн тартибинин олуттуу бөлүгү төлөм чөйрөсү жана санарип финансылык технологиялар боюнча маселелерге арналды. Кыргызстандын жөнгө салуучу органынын өкүлдөрү киберкоркунучтарга жана уруксатсыз төлөм операцияларына каршы аракеттенүү тажрыйбасы менен бөлүштү, санарип сом долбоорунун ишке ашырылышы жана Кыргыз Республикасында виртуалдык активдерди жөнгө салуу ыкмалары жөнүндө баяндашты, ошондой эле өнөктөштөрдүн аталган багыттар боюнча тажрыйбасы менен таанышышты. 

Отурумдун жыйынтыгында Кеңеш сунушталган маалыматты эске алуу жана бардык негизги багыттар боюнча жигердүү тажрыйба алмашууну улантуу жөнүндө чечим кабыл алды.