Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк) аманаттарды (депозиттерди) тартууга тиешелүү укугу жок уюмдарга каражаттарды которуу тобокелдиктерине жарандардын көңүлүн бурат. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, акча каражаттарын аманаттарга (депозиттерге) тартуу банк операциясы болуп саналат, мындай операциялар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясынын негизинде гана жүзөгө ашырылат 

Аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу коммерциялык банктарга, микрофинансылык компанияларга, турак жай-сактык кредиттик компанияларга жана кредиттик союздарга Улуттук банктын лицензиясында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде берилет. 

Мыйзамдарда финансы-кредит уюмдардын аманатчыларынын кызыкчылыктарын коргоо механизмдери каралган. Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн финансы-кредит уюмдары аманаттардын (депозиттердин) сакталышын жана аманатчылар алдында милдеттенмелеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү. 

Ошондой эле, юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү же башка (банктык эмес) иш-аракеттерди жүргүзүүгө лицензиясы калктан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугун бербейт. 

Улуттук банк финансы-кредит уюму болуп саналбаган коммерциялык уюмдар жарандарга зайым келишимдеринин, инвестициялык келишимдердин, өнөктөштүк катышуу келишимдеринин же башка макулдашуулардын негизинде төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук жана мөөнөттүүлүк шарттарында (пайыз алуу менен) акча каражаттарды салууну сунуштаган учурларга өзгөчө көңүл бурууну эскертет. 

Тиешелүү уруксат (лицензия) алуусуз адамдардын кеңири чөйрөсүнөн төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук жана мөөнөттүүлүк шарттарында акча каражаттарын системалуу түрдө тартуу мыйзамсыз банктык ишкердикти жүргүзүү белгилерин камтышы мүмкүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартууга алып келет. 

Ошондой эле, келишимдин аталышын өзгөртүү жүргүзүлүп жаткан иштин укуктук маңызын өзгөртпөйт. Мындай операцияларга укуктук баа берүү алардын айкын мазмунуна жана келишимдин мүнөзүнө жараша аныкталат.  

Эмнелерге көңүл буруу керек: 

Улуттук банк жарандарды төмөнкү белгилердин бирин байкаган учурда өзгөчө сак болууга чакырат: 

1. Улуттук банк тарабынан берилген аманаттарды (депозиттерди) тартууга лицензиянын жоктугу. 

2. Рыноктук көрсөткүчтөрдөн кыйла жогору киреше алууга, айрыкча эгерде акча каражаттарын салуу эч кандай тобокелдиктерге алып келбей тургандыгына да кепилдик берсе. 

3. Шарттары жана тобокелдиктер тууралуу маалымат берүүсүз, тез киреше алууну убада кылуу менен социалдык тармактар, жарнамалар жана ачык сунуштар аркылуу каражаттарды жигердүү тартуусу. 

4. Келишимде уюмдун милдеттенмелерин, акча каражаттарын кайтаруу мөөнөттөрүн жана тартибин, киреше булактарын жана тараптардын жоопкерчилигин так аныктоого мүмкүндүк бербеген түшүнүксүз же күмөн шарттар каралса.  

5. Тартылган акча каражаттар кандайча колдонулуп жаткандыгы жана убада кылынып жаткан киреше кайсы булактардын эсебинен түзүлө тургандыгы тууралуу ишенимдүү маалыматтын жоктугу. 

Көрсөтүлгөн белгилердин биринин же бир нечесинин болушу сөзсүз түрдө мыйзам бузууну билдирбейт, бирок бул уюмду жана сунушталып жаткан бүтүмдү тереңирээк текшерүү үчүн негиз болуп саналат. 

Улуттук банк төмөнкүлөрдү сунуштайт: 

- уюмдун акча каражаттарды тартууга укугу бар экендигин текшериңиз. Кайсы бир уюмга акча каражаттарын берүүдөн мурда Улуттук банктын расмий интернет-сайтынан (www.nbkr.kg) анын колдонуудагы лицензиясы бар экендигин сөзсүз текшерип алыңыз. 

- депозиттерди коргоо системасынын талаптары сиздин акча каражаттарыңызга карата да колдонула тургандыгын тактаңыз. Бул системанын талаптары мыйзамдарда каралган системанын катышуучулары - финансы-кредит уюмдарынын аманаттарына карата колдонулат. Гарантиялык учур орун алган шартта ар бир мындай уюмда бир аманатчыга төлөнүүчү компенсациянын максималдуу суммасы 1 млн сомду түзөт. Тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин www.deposit.kg сайтынан текшере аласыз. 

- банк аманаттарынын инвестициялардан жана зайымдардан айырмасына көңүл буруңуз. Кадимки коммерциялык уюмга зайым же инвестициялоо келишиминин негизинде которулган акча каражаттары банк аманаттары болуп эсептелбейт жана депозиттерди коргоо системасы тарабынан корголбойт. 

- келишимдердин шарттарын кылдаттык менен карап чыгыңыз. Документтерге кол коюу алдында каражаттарды кайтарып алуу тартибин, киреше алуу шарттарын, милдеттенмелердин камсыздалышын жана орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди тактап алыңыз. Зарыл болсо, көз карандысыз юридикалык консультация алыңыз. 

- тобокелдиксиз жогору киреше алууга болот деген убадаларга ишенбеңиз. Рыноктогу деңгээлден жогору киреше алуу болжолдонгон кандай болбосун салымдар финансылык тобокелдиктерди, анын ичинде акча каражаттарын толугу менен же анын кайсыл бир бөлүгүн жоготуу коркунучун камтышы мүмкүн. 

Эгерде сиз мыйзамсыз түрдө каражат тартуу белгилерин байкасаңыз, Улуттук банк тиешелүү мамлекеттик органдарга, анын ичинде укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштайт.