2026-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери финансылык сабаттуулук боюнча пландуу көчмө семинар өткөрүштү.
Бул иш-чара ЖалалАбад областынын Ноокен районунда жашаган социалдык жактан аялуу катмардагы жергиликтүү тургундар — аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү жеке каражатка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу тууралуу айтып беришти, кеңири жайылган алдамчылык схемалардын мисалдарын талдап чыгышты, ошондой эле «Дропперлик» жана QR-кодду колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча маалыматтар берилди.







