Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгы 2026-жылдын 20-августунан тартып 26-августуна чейин Талас шаардык спорт мектебинин спорт залында эркектер жана кыз-келиндер арасында волейбол боюнча банктар аралык турнир өткөрдү.
Спорттук таймашта коммерциялык банктардын Талас областындагы филиалдарынын жана Улуттук банктын областтык башкармалыгынын 150дөн ашык кызматкерлери катышты.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, дипломдор менен сыйланды.







