Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2026-жылдын 27-августунда Ош областынын Алай районуна караштуу Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, ошондой эле Сары-Таш жана Нура айылынын тургундары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча пландагы көчмө лекциясын өткөрдү

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын аткарган ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, кредиттер менен депозиттердин түрлөрү, ошондой эле каражат топтоо жолдору тууралуу маалымат берилди. Мындан сырткары, жаштардын финансылык алдамчылыкка жана дропперликке тартылышын алдын алуу боюнча практикалык сунуштар айтылды.  

Ошону менен бирге, «Түндүк» тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу тартиби жана аны кайра алып салуу жолдору көрсөтүлдү