Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын тез төлөмдөр системасы жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын тез төлөмдөр системасынын ишин камсыз кылуу үчүн ченемдик базаны түзүү жана Кыргыз Республикасында заманбап, жеткиликтүү жана өз ара иш алып баруу боюнча төлөм инфраструктурасын андан ары өнүктүрүү максатында иштелип чыкты

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2026-жылдын 17-сентябрына чейин кечиктирбестен beshimova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.