Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2026-жылдын 2-июлунда планга ылайык Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерине финансылык сабаттуулук боюнча көчмө семинарын өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү акчага жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин айтышып, алдамчылык схемалары боюнча мисалдарды карашып, дропперлик маселелерин талкуулашты.







