Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлү Ташкентте өткөн ЭВФтин Швейцария тобунун отурумуна катышты
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары А.А. Козубеков 2026-жылдын 29-30-июнь күндөрү Ташкент шаарында өткөн ЭВФтин Швейцария добуш берүүчү өлкөлөр тобунун отурумуна катышып келди.
Отурумда кызматташуу маселелери талкууланып, ЭВФтин Швейцария тобуна катышкан өлкөлөрдүн экономикасына учурда таасирин тийгизип жаткан глобалдуу өзгөрүүлөргө, ошондой эле дүйнөлүк рынокто орун алып турган туруксуздукка карабастан борбордук банктар тарабынан жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын жана акча-кредит саясатынын чараларына өзгөчө көңүл бурулду.
Отурумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Мартин Шлегель жетектеген швейцариялык кесиптештери менен жолугушуп, анын жүрүшүндө тараптар мындан ары да эки тараптуу кызматташууну улантуу, анын ичинде институционалдык өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Маалымат иретинде: Кыргыз Республикасы 1992-жылдан бери Эл аралык валюта фондунун мүчөсү болуп саналат жана 1993-жылдан бери Швейцария добуш берүү тобунун курамына кирген. Бул топко Азербайжан, Кыргызстан, Польша, Казакстан, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Швейцария жана Лихтенштейн кирет.







