Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежерелеринин кредиттик бюролор тарабынан кредиттик маалыматты сактоо мөөнөтүн өзгөртүү бөлүгүндө талаптарын Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 59 «Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Кызыкдар тараптар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2026-жылдын 29-июнунан кечиктирбестен malmanbetova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.







