Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын  

10-июнундагы №2026-П-09/34-3-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому (мындан ары токтом) менен бахрейн динарын, вьетнам донгун жана тай батын Улуттук банк тарабынан кыргыз сомуна карата жума сайын алмашуу курсу аныкталуучу чет өлкө валюталарынын тизмесине киргизүү чечими кабыл алынды. 

Токтом Улуттук банктын расмий сайтынын «Банк жөнүндө/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.