Бүгүн «Элдик Банк» ААКтын жаңы башкы кеңсесинин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев катышты
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев өлкөдөгү аманат ишинин 100 жылдыгына жана «Элдик Банк» ААКтын Бишкектеги жаңы башкы кеңсесинин расмий ачылышына арналган иш-чарага катышышты.
Алмаз Бакетаев өз сөзүндө финансы институтунун өлкө экономикасына инвестицияларды тартуудагы жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү ролун баса белгиледи.
Ошондой эле, ал технологиялык башкы кеңсенин ачылышы анын туруктуулугун жана заманбап тейлөө стандарттарын киргизүүгө даярдыгын тастыктай турганын кошумчалады.
Иш-чаранын соңунда Улуттук банктын төрагасы «Элдик Банктын» жетекчилигине жана жамаатына ишине берилгендиги жана Кыргыз Республикасынын бүтүндөй банк системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди.







