Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 29-майында № 2026-П-12/33-4-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Токтом Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын чет мамлекеттердеги ишин жөнгө салуу боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү жана тийиштүү деңгээлде банктык көзөмөлдү камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg / Банк жөнүндө/ Банк мыйзамдары/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору дареги боюнча жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары / Банктык жөнгө салуу дареги боюнча жарыяланат.







