Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 27-апрелинде № 2026-П-12/26-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 10-мартындагы № 2022-П-12/13-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды. 

Токтом Кыргыз Республикасынын банк-резиденттеринин чет өлкө валютасындагы чек ара аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн убактылуу жөнгө салуу шарттарын түзүү, ошондой эле банк системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды. 

Токтом Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.