Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Глобалдуу акча жумалыгы – 2026» иш-чарасынын алкагында 2026-жылдын 30-мартынан тартып 3-апрель күндөрү «Акчаны туура колдонуу-үйдө береке болгону» деген ураан менен Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин финансы-юридикалык колледжинин, Ош технологиялык университетинин гуманитардык технологиялык колледжинин студенттерине, Ага Хан мектебинин жана В. Терешкова атындагы орто мектептин окуучуларына ачык эшик күндөрү уюштурулуп, улуттук валютанын өнүгүү этаптары, коргоо белгилери жана каражат топтоо жөнүндө лекция окулду жана нумизматикалык экспонаттар көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, Араван районунун Төө-Моюн айылынын А. Сыдыков атындагы № 28 жана Б. Жээналиев атындагы № 24 орто мектептерине, Өзгөн районунун Какыр айылынын Сатыбалды Жолдош уулу атындагы № 21 жана Ак-Жар айылынын М. Кулуев атындагы № 22 орто мектептерине жана Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын Ж. Турусбеков атындагы №14 орто мектебинин окуучуларына улуттук валютанын өнүгүү этаптары, улуттук валютанын коргоо белгилери, кредит, депозит, каражат топтоо темалары, ошондой эле жаштардын финансылык алдамчылыкка тартылышын алдын алуу боюнча атайын көчмө лекциялары өткөрүлдү.
Көчмө лекцияларга 450гө жакын адам катышты.







