2026-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Глобалдуу акча жумалыгы – 2026 кампаниясын (GMW-2026) Кыргызстандагы уюштуруучу-өнөктөштөрдүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда коммерциялык банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен GMW-2026 кампаниясы боюнча иш-чаралардын концепциялары макулдашылды.
Быйылкы жылы Глобалдуу акча жумалыгы «Smart Money Talks» (Акчаны туура колдонуу-үйдө береке болгону) деген ураан менен өтүп, финансылык сабаттуулуктун маанилүүлүгү баса белгиленди. Иш-чаранын актуалдуулугу жаштарга финансылык инструменттер жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды издөө жана табуу жагында жардам көрсөтүү зарылчылыгы менен байланышкан.
Бул кампаниянын алкагында Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жана www.finsabat.kg сайтында, ошондой эле социалдык баракчаларда өлкөнүн бардык аймактарындагы өнөктөштөр тарабынан уюштурулган иш-чаралардын (сынактардын, сабактардын, лекциялардын, викториналардын/окутуулардын жана башка иш-чаралардын) планы жайгаштырылат.







