Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
- 2026-жылдын 31-январынан тартып 9-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары Москва көч., 86 б, 1-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Обменсити» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 20-июнундагы № 6847 лицензиясынын аракети;
- 2026-жылдын 31-январынан тартып 14-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары Абдрахманов көч., 182 дареги боюнча жайгашкан «Ават Финанс» ЖЧК алмашуу бюросунун 2023-жылдын 17-ноябрында берилген № 6637 лицензиясынын аракети.







