Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын  

19-декабрында № 2025-П-12/68-2-(НПА) «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом (мындан ары токтом) кабыл алды. 

Токтом Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын 2025-жылдын 23-январындагы № 26 Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна, ошондой эле ФАТФнын эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү максатында кабыл алынды. 

Токтом Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк /Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.