2025-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2025-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча жылдык жолугушуу болуп өттү, ага Улуттук банктын жетекчилиги, коммерциялык банктардын башчылары жана «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмеси катышты. 

Улуттук банктын төрагасы М.Ж. Тургунбаев финансылык системанын туруктуулугун, негизги көрсөткүчтөрдүн рекорддук өсүшүн, ошондой эле өтүп бара жаткан 2025-жылдын негизги тенденциялары тууралуу сөз кылып, 2026-жылга карата банктарды кошумча капиталдаштыруу, санариптик трансформация, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды жана киберкоопсуздукту күчөтүү, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты бекемдөө сыяктуу өнүгүүнүн негизги багыттарын белгиледи.