Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасында финансылык платформаларды (маркетплейстерди) түзүү жана алардын иштөө эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору санарип финансылык технологиялардын жигердүү өнүгүшү жана өзгөрүшү, финтех-чечимдердин кеңири колдонулушу, анын ичинде антифрод системалары (маалыматтык коопсуздук) боюнча талаптардын күчөтүлүшү, санарип документтерге өтүү жана жеке маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле финансылык платформа (маркетплейс) кызматтарын көрсөткөн операторлорду каттоо мөөнөттөрү жана каттоодон баш тартуу/жокко чыгаруу тартиби аныкталган ченемдердин жоктугуна байланыштуу иштелип чыкты.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк жөнүндө»/ «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Улуттук банк токтом долбооруна карата өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2026-жылдын 13-январынан кечиктирбестен imadyarov@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.







