Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) жана «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы (мындан ары Альянс) юридикалык жактар бирикмеси менен биргеликте 2025-жылдын 8-декабрында алмашуу бюролорунун кызматкерлери үчүн кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизги талаптарын сактоо боюнча семинар өткөрүлдү

Иш-чарага алмашуу бюролорунун жана Альянстын өкүлдөрү катышты. Семинардын жүрүшүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизги талаптары, тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча зарыл иш-чаралар, ошондой эле алмашуу бюролору үчүн кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча суроо-жоопторду толтуруу жана статистика боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.