Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Банктын финансылык абалын чыңдоо планына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору финансылык чыңдоо пландарын милдеттүү түрдө иштеп чыгуу, актуалдаштыруу жана жүзөгө ашыруу аркылуу банктардын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу жана жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 16-декабрынан кечиктирбестен nasanalieva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.