Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКтын жана кредиттик союздардын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 16-декабрынан кечиктирбестен malmanbetova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.